Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-августу № 365
"Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри бул мыйзамдын долбоору Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
"Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 6, 231-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статьясынын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасында үрөн өндүрүү боюнча ишти башкаруучу, жөнгө салуучу жана аткаруучу органдар жүзөгө ашырышат. Айыл чарбасын башкаруу, ошондой эле үрөнчүлүк тармагын өнүктүрүү багытындагы ишти жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар жана алардын тиешелүү ыйгарым укуктуу түзүмдөрү (мындан ары - айыл чарбасын башкаруунун мамлекеттик органы) башкаруучу органдар болуп эсептелет.";
2) 4-статьясында:
а) мамлекеттик тилдеги текстинин 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- схемалар үрөндөрдү, көчөт материалын сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органда сыноодон өткөн жана Мамлекеттик реестрге киргизилген сортторго тиешелүү болот;";
б) 1-бөлүгүнүн бешинчи, сегизинчи абзацтарындагы, 2 жана 4-бөлүктөрүндөгү "(токой)" деген сөз алып салынсын;
в) 2-бөлүгүнүн бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Үрөндөрдүн сорттук жана себүу сапаттарына документти берүүнун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.";
д) 5-бөлүгүнүн "в" пунктундагы "үрөндүн сортторун сыноо боюнча органда өсүмдүктөрдүн" деген сөздөр "үрөндөрдү, көчөт материалын сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органда үрөндөрдун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
е) 6-бөлүгүндөгү "өсүмдүктөрдүн сортторун сыноо боюнча орган сорту" деген сөздөр "үрөндөрдү, көчөт материалын сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган сортту" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 5-статьясынын 2-бөлүгүндөгү "айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органы тарабынан кабыл алынган тиешелүү нормативдик актылардын негизинде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) 6-статьясында:
а) 1-бөлүгүндөгү "жана үрөндүк материалды инспекциялоо органынан үрөндүк материалды өндүрүүчү жана (же) сатып өткөрүүчү катары каттоодон өткөн" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүгүндөгү үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"үрөндөрдү, көчөт материалын сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдан үрөндөрдун текшерилүүчү үлгүлөрүнө талдоо жүргүзүүнү жана шайкештик сертификатын, үрөндөрдүн сорттук жана себүү сапаттары жөнүндө документтерди белгиленген мөөнөттөрдө берүүнү талап кылууга укуктуу.";
в) 3-бөлүгүнүн бешинчи жана жетинчи абзацтарындагы "(токой)" деген сөз алып салынсын;
5) 7-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-статья. Үрөндү өндүрүү, тазалоо, таңгактоо жана сатуу ишин жүргүзгөн үрөнчүлүк чарбалардын тизмеси
1. Үрөндү өндүрүү, сатуу, тазалоо жана таңгактоо ишин жүргүзгөн үрөнчүлүк чарбалар үрөндөрдү, көчөт материалдарын сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдан каттоодон өтүүгө тийиш.";
2. Каттоодон өткөн үрөнчүлүк чарбалардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.";
6) 9-статьясында:
а) 2-бөлүгүндөгү "же айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органынын уруксаты берилген үрөндөрдүн сортторунан" деген сөздөр алып салынсын;
б) 3, 4 жана 6-бөлүктөрүндөгү "(токой)" деген сөз алып салынсын;
7) 10-статьясында:
а) 3, 8-бөлүктөрүндөгү "(токой)" деген сөз алып салынсын;
б) 4-бөлүгү:
- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"конкурстук, экологиялык жана өндүрүштүк сыноолор үчүн;";
- алтынчы абзацындагы "жеке короо-жай участокторунда" деген сөздөр "жеке коммерциялык эмес максатта" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) 5-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
8) 11-статьясында:
а) 2-бөлүгүндө:
- экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ушул Мыйзамдын 10-статьясынын 4-бөлүгүндө аталган учурлардан тышкары, Мамлекеттик реестрге киргизилбеген;";
- төртүнчү абзацындагы " өлкөгө алып келүүгө жана транзитке импорттук карантиндик уруксаты, ошондой эле" деген сөздер алып салынсын;
б) 3-бөлүгүндөгү "импорттук карантиндик уруксатсыз" деген сөздөр "фитосанитардык сертификатсыз" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) 8-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Үрөндөрдү Кыргыз Республикасынын аймагына импорттогон учурда эл аралык үлгүдөгү (ИСТА) сертификаттар, ошондой эле ОЕСДнын сорттук күбөлүктөрү болгон шартта үрөндөрдү, көчөт материалдарын сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан сертификатташтыруу боюнча органдар менен тийиштүү макулдашууну түзгөн экспорттоочу өлкөлөрдүн үрөндүн салаты жөнүндөгү документтери таанылат.";
д) 9-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
9) 12-статьясында:
а) 1-бөлүгүндөгү "үрөндүк материалды инспекциялоочу орган" деген сөздөр "үрөндөрдү, көчөт материалдарын сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 2 жана 3-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене
1. Ушул Кыргыз Республикасынын Мыйзамы расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти