Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 105 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-августу № 360
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы № 694 "Жаныбарларды идентификациялоо эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жаныбарларды идентификациялоо эрежесинде:
- 1-пункту:
төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"№ 1а формасындагы Ветеринардык күбөлүк - жаныбардын ден соолугу жөнүндө маалыматтарды камтыган, Кыргыз Республикасынын аймагында анын кыймылына байкоо жүргүзүүнү камсыз кылган, ошондой эле аймактын жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу жугуштуу ылаңдарынан амандыгы боюнча жаныбарларды идентификациялоо жаатындагы ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү белгиленген үлгүдөгү документ;";
сегизинчи абзацындагы "14" деген цифра "30" деген цифрага алмаштырылсын;
3-пунктунда:
үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
жетинчи абзацынын төртүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Идентификация каражаттары Жаныбарлардын эсебин алуунун эл аралык комитетинин (ICAR) талаптарына шайкеш келүүгө жана идентификация каражаттарынын үлгүлөрү ICARдын расмий сайтында жайгаштырылууга тийиш.";
- 4-пунктунда:
1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"штрих код: өлкөнүн цифралык кодунан (KG 417), жаныбардын түрүнөн жана жеке номеринен турууга тийиш;";
2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"штрих код: өлкөнүн цифралык кодунан (KG 417), жаныбардын түрүнөн жана жеке номеринен турууга тийиш;";
3-пунктчасында:
бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ИСО 11784/11785 боюнча түзүлгөн жылкылар үчүн чип 15 цифрадан турууга тийиш;";
жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4төн 6га чейинки цифралар өндүрүүчүнүн кодун билдирет;";
төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"7 деген цифра жаныбардын түрүн билдирет;
8ден 15ке чейинки цифралар (8 цифра) жаныбардын жеке идентификациялык номерин билдирет.";
- 5-пунктунун алтынчы жана жетинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 7-пунктунда:
биринчи жана үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын; экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жаныбар мал союучу пунктта союлгандан, жаныбар өлгөндөн кийин, ошондой эле ушул Эрежеде каралган учурлар пайда болгондо идентификацияланган жаныбар жөнүндө маалымат Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине кирүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу ветеринардык врачка берилет.";
- 8-пунктунун сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 10-пунктунун тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 3-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Жаныбарларга документтерди берүү тартиби
1. Жаныбарларды идентификациялоо жаатындагы ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же ветеринардык врач жаныбарга жеке идентификациялык номер берилгенден кийин жаныбарларды жана чарбаларды идентификациялоо жана каттоо боюнча ага өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарынын чегинде Идентификацияланган жаныбарлардын мамлекеттик бирдиктүү реестрине идентификацияланган жаныбар жөнүндө маалыматты киргизет.
Идентификацияланган жаныбарлардын мамлекеттик бирдиктүү реестрине идентификацияланган жаныбарлар, алардын кыймылы, жаныбарлардын ээлери, жүргүзүлгөн ветеринардык дарылоолор, диагностикалык изилдөөлөр жөнүндө маалыматтар киргизилет.
Идентификацияланган жаныбарлар жөнүндө маалыматтарды кийинки жаңылоо ветеринардык иш-чараларды жүргүзүү (диагностикалык изилдөөлөр, профилактикалык дарылоо) процессинде, жаныбардын ээси алмашканда, же ал союлган, өлгөн учурларда ишке ашырылат.
Идентификацияланган жаныбарларды чыгарууда жаныбарларды идентификациялоо жаатындагы ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же ветеринардык врач өзүнө бекитип берилген тийиштүү администрациялык-аймактык бирдикте жаныбарларды жана чарбаларды идентификациялоо жана каттоо боюнча ага өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарынын чегинде, Идентификацияланган жаныбарлардын мамлекеттик бирдиктүү реестриндеги маалыматтардын негизинде идентификацияланган жаныбардын ээсине же анын ишенимдүү адамына ушул Эреженин 4-тиркемесине ылайык № 1а формадагы Ветеринардык күбөлүк (мындан ары - Ветеринардык күбөлүк) берет.
Идентификацияланган жаныбардын ээсинин алмашканы жана/же турган жери өзгөргөндүгү, союлганы, өлгөнү жөнүндө маалыматтар 14 календардык күндүн ичинде жаныбарларды идентификациялоо жаатындагы ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же ветеринардык врач тарабынан, жаныбарларды жана чарбаларды идентификациялоо жана каттоо боюнча ага өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарынын чегинде Идентификацияланган жаныбарлардын мамлекеттик бирдиктүү реестрине киргизилүүгө тийиш.
12. Идентификацияланган жаныбарлардын мамлекеттик бирдиктүү реестрине идентификацияланган жаныбар жөнүндө маалыматтарга өзгөртүүлөр төмөнкүлөрдүн негизинде киргизилет:
- Ветеринардык күбөлүктүн;
- идентификацияланган жаныбарлар союлган же өлгөн учурда - идентификациялоо каражаттарынын.
13. Ветеринардык күбөлүктө жаныбардын ээси, чарбасы, идентификациялык номери жана жаныбардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгарылган номери, жүргүзүлгөн ветеринардык-санитардык-профилактикалык иш чаралар, турган жери жөнүндө маалыматтар болуп, күбөлүктү берген адамдын колу коюлуп, ушул Эрежелерге ылайык мөөр менен тастыкталган болууга тийиш.
14. Ветеринардык күбөлүк берилген күндөн тартып үч календардык күн бою жарактуу болот. Мында жаныбарды чыгаруудагы берилген номери өзгөрбөгөн бойдон калат.
15. Мүйүздүү майда малга, чочколорго, коёндорго, үй канаттууларына жана аарыларга ветеринардык күбөлүк топтук идентификациялык номер боюнча берилет, мүйүздүү майда малдын жана чочколордун асыл-тукумдук баалуулугу бар болсо ветеринардык күбөлүк жеке берилет.
16. Мүйүздүү бодо мал жана жылкы үчүн ветеринардык күбөлүк жеке берилет.
17. Бир мал ээсине 5 (бештен) көп идентификациядан өткөн жаныбарларына ветеринардык күбөлүк берген учурда, кийинки идентификацияланган жаныбарларына ветеринардык күбөлүк жаныбарларды идентификациялоо жаатындагы ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктоочу формадагы тиркеме менен таризделет жана анда жаныбардын түрү, идентификациялык номери жана жаныбардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгарылган номери көрсөтүлөт. Мында тиркеменин ар бир бетине номер коюлуп, ветеринар адистин колу коюлат жана мөөрү басылат.
18. Идентификацияланган жаныбарларды жана чарбаларды каттоочу, жаныбарларды идентификациялоо жаатындагы ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же ветеринардык врач жаныбарларды жана чарбаларды идентификациялоо жана каттоо боюнча ага өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарынын чегинде Бирдиктүү мамлекеттик реестрден идентификацияланган жаныбарлар жөнүндө маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
19. Ветеринардык күбөлүктү, идентификацияланган жаныбар жөнүндө маалыматты, жаныбардын кыймылы жөнүндө маалыматтарды берүү, ошондой эле жаныбарларды идентификациялоо жана байкоо жүргүзүү тийиштүү акы төлөө менен жүзөгө ашырылат, акынын өлчөмүн жаныбарларды идентификациялоо жаатындагы ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилейт.
20. Жаныбарларды идентификациялоо жана байкоо жүргүзүү жол-жоболорун жүргүзүүдөн түшкөн финансылык каражат бирдиктүү казыналык эсеп тутумунун администрациялануучу эсебинде топтолот жана идентификация каражаттарын, бланктарды алууга жана жаныбарларды идентификациялоо жана байкоо жүргүзүү иш-чараларын жүргүзүүгө жумшалат.";
- жогоруда аталган Эреженин 1-тиркемесинин 2-4-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. жылкы;
3. мүйүздүү майда мал (койлор жана эчкилер);
4. чочколор;";
- жогоруда аталган Эреженин 2 жана 6-тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган Эреженин 4-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Тиркеме
|
| "Жаныбарларды идентификациялоо эрежесине 4-тиркеме |
Форма № 1 а
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция
ВЕТЕРИНАРДЫК КҮБӨЛҮК № _____
|
| 20___- ж. "___" ___________ |
________________________________________________________________________________________ Облус, район (шаар) | |||||
________________________________________________________________________________________ Айылдык аймак, айыл | |||||
________________________________________________________________________________________ берген тараптын же ветеринардык врачтын ээлеген кызматы, аты-жөнү | |||||
Бул Ветеринардык күбөлүк берилди _____________________________________________ ________________________________________________________________________________________ (юридикалык жактын аталышы же жеке адамдын аты-жөнү) | |||||
жөнөтүлүүчү жаныбарларды ветеринардык кароодо ___________________________________ ________________________________________________________________________________________ (жаныбардын түрү көрсөтүлөт) | |||||
KG ________________________________________ № _________________________________________ (жаныбардын идентификациялык №) (Бирдиктүү реестрден чыгаруу №) | |||||
саны _____ баш, жугуштуу ылаң менен ооруган же ооруга шектүү жаныбар аныкталган жок, жаныбарлар чыгарылып жаткан чарба: ________________________________________________________________________________________ (чарбанын, уюмдун, ишкананын ж.б. аталышы көрсөтүлөт) | |||||
________________________________________________________________________________________ (ээсинин аты-жөнү, калктуу конуштун аталышы, көчөсү, үй №, байланыш үчүн маалыматы) | |||||
Байкоо учурунда жаныбарлардан алынган материал лабораторияда _______________________ ________________________________________________________________________________________ (лабораториянын аталышы) | |||||
текшерилди жана төмөндөгүдөй жыйынтыктар алынды: | |||||
Ылаңдын аталышы | Изилдөө күнү | Изилдөөнүн жыйынтыгы | |||
________________________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________________ | |||||
Ылаңга каршы эмдөөлөр: | |||||
1. 20__-ж. "___"________________________ 2. 20__-ж. "___"________________________ 3. 20__-ж. "___"________________________ | 4. 20__-ж. "___"________________________ 5. 20__-ж. "___"________________________ 6. 20__-ж. "___"________________________ | ||||
Жаныбарлар митеге каршы дарыланган: | |||||
1. 20__-ж. "___"_______________________ | 2. 20__-ж. "___"_______________________ | ||||
1. Жаныбарлар баруучу жер: ________________________________________________________________ (баруучу пункту жана алуучу) | |||||
максаты ________________________________________________________________________________ (жайытка чыгаруу, семиртүү, көбөйтүү, сатуу, союу ж.б.) | |||||
Эмне менен баратат ____________________________________________________________________ (транспорттун түрү жана мамлекеттик № көрсөтүлөт) | |||||
маршруту ____________________________________________________________________________ (жолдогу негизги пункттар көрсөтүлөт) | |||||
Эскертүү: _____________________________________________________________________________ Жөнөтүүдө аймактын жана чарбанын бейпилдиги, берген тараптын же ветеринардык врачтын аты-жөнү көрсөтүлөт) ______________________________________________________________________ | |||||
_______________________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________________ | |||||
М.О. | 20__-ж. "___"____________________ | ___________________________ (колу) | |||
| |||||
Өзгөчө белгилер: ________________________________________________________________________________________ | |||||
Ветеринардык күбөлүк берилген күндөн тартып 3 календардык күн ичинде жарактуу. | |||||
Малды сатуу-сатып алууда Ветеринардык күбөлүктүн көчүрмөсү тиркелет, ал эми оригиналы жаныбардын жаңы ээсине берилет. | |||||
1. _____________________________________________________________________________________ (жаныбардын жаңы ээсинин аты-жөнү, ИСН, байланыш маалыматтары, дареги) | |||||
________________________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________________ (ветеринардык врачтын аты-жөнү) | |||||
М.О. | 20__-ж. "___"____________________ | ___________________________ (колу) | |||
2. _____________________________________________________________________________________ (жаныбардын жаңы ээсинин аты-жөнү, ИСН, байланыш маалыматтары, дареги) | |||||
________________________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________________ (ветеринардык врачтын аты-жөнү) | |||||
М.О. | 20__-ж. "___"____________________ | ___________________________ (колу) | |||
Ветеринардык күбөлүк 5тен (бештен) көп идентификацияланган жаныбарга берилгенде жаңы ээсине ветеринардык күбөлүктүн көчүрмөсү берилет ________________________________________________________________________________________ (жаныбардын жаңы ээсинин аты-жөнү, ИСН, байланыш маалыматтары, дареги) | |||||
Ветеринардык күбөлүктүн ушул көчүрмөсүн тастыктайм: ________________________________________________________________________________________ (ветеринардык врачтын аты-жөнү) ________________________________________________________________________________________ (колу)
| |||||
М.О. |
| 20__-ж. "___"____________________". | |||
|
|
|
|
|
|