Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-августу N 376
"Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1- берене
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 4, 392-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 381-беренесинин 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3) эмгек келишими түзүлгөн убакытка карабастан мамлекеттик же муниципалдык жогорку кесиптик билим берүү уюмунун ректору, проректору, филиалдын (институттун) жетекчиси, мамлекеттик же муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмунун, жалпы билим берүү уюмунун, мектептен тышкаркы билим берүү уюмунун, атайын билим берүү уюмунун, балдарга, өспүрүмдөргө жана жаштарга кошумча билим берүү уюмунун, башталгыч, орто кесиптик билим берүү уюмунун жетекчиси 65 жашка чыкканда.".
2- берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти