Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-августу № 378
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-2019-окуу жылына кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарындагы адистиктердин тизмегин жана окууга кабыл алуу үчүн бюджеттик орундардын саны тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору кесиптик орто билим берүүнүн ведомстволук билим берүү уюмдары боюнча 2018-2019-окуу жылына бюджеттик негизде окугандарды кабыл алуу планын бекитсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Тиркеме
2018-2019-окуу жылына кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарындагы адистиктердин тизмегин жана окууга кабыл алуу үчүн бюджеттик орундардын САНЫ
№ | Шифр | Адистиктин аталышы | Бюджеттик орундардын саны |
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги | |||
1 | 050601 | Музыкалык билим берүү | 50 |
2 | 050704 | Мектепке чейинки билим берүү | 125 |
3 | 050709 | Башталгыч класстарда окутуу | 525 |
4 | 050721 | Дене тарбия | 60 |
5 | 070602 | Дизайн (тармактар боюнча) | 43 |
6 | 070802 | Көркөм-колдонмо искусство жана элдик кол өнөрчүлүк (түрлөрү боюнча) | 9 |
7 | 070903 | Скульптура | 9 |
8 | 070907 | Живопись | 9 |
9 | 080106 | Финансы (тармактар боюнча) | 25 |
10 | 080107 | Салык жана салык салуу | 25 |
11 | 080110 | Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча) | 25 |
12 | 080114 | Жер-мүлк мамилелери | 25 |
13 | 110201 | Агрономия | 25 |
14 | 110302 | Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу | 75 |
15 | 111102 | Айыл чарбасындагы ишкердик | 25 |
16 | 111201 | Ветеринария | 100 |
17 | 120101 | Колдонмо геодезия | 25 |
18 | 120301 | Жерге жайгаштыруу | 25 |
19 | 130305 | Пайдалуу казылмалардын кендерин жер астында иштетүү | 25 |
20 | 130404 | Мунайзат жана газ чыккан жерлерди иштетүү жана эксплуатациялоо | 25 |
21 | 140206 | Электр станциялары, тармактар жана системалар | 50 |
22 | 140212 | Электр менен жабдуу (тармактар боюнча) | 50 |
23 | 140613 | Электр жана электр-механикалык жабдууларды техникалык эксплуатациялоо жана тейлөө (тармактар боюнча) | 25 |
24 | 150411 | Өнөр жай жабдуулары менен сантехникалык түзүлүштөрдү монтаждоо жана техникалык эксплуатациялоо (тармактар боюнча) | 25 |
25 | 151001 | Машина куруунун технологиясы | 25 |
26 | 190503 | Транспорттун электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо (суу транспортунан башка транспорттун түрлөрү боюнча) | 25 |
27 | 190604 | Автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо | 75 |
28 | 190605 | Көтөрүүчү-транспорттук, курулуш, жол машиналарын жана жабдууларын техникалык эксплуатациялоо | 25 |
29 | 190701 | Транспортто ташууларды уюштуруу жана башкаруу (аба транспортунан башка транспорттун түрлөрү боюнча) | 50 |
30 | 220206 | Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (тармактар боюнча) | 50 |
31 | 230115 | Компьютердик тармактар | 25 |
32 | 230109 | Эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо | 75 |
33 | 230111 | Компьютердик системаларды программалоо | 25 |
34 | 260202 | Нан, кондитер жана макарон азыктарынын технологиясы | 25 |
35 | 260204 | Ачыткы өндүрүшү жана шарап жасоо технологиясы | 25 |
36 | 260303 | Сүт жана сүт азыктарынын технологиясы | 25 |
37 | 270103 | Имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо | 75 |
38 | 270110 | Ички санитардык-техникалык жана желдетүү түзүлүштөрүн монтаждоо жана эксплуатациялоо | 50 |
39 | 270206 | Автомобиль жолдорун жана аэродромдорду куруу жана эксплуатациялоо | 25 |
40 | 270301 | Архитектура | 50 |
41 | 280201 | Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо | 50 |
42 | 280401 | Жерди мелиорациялоо, рекультивациялоо жана коргоо | 25 |
Бардыгы: | 2130 | ||
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кесиптик башталгыч билим берүү агенттиги | |||
43 | 050702 | Тарбиялык иштерди уюштуруу | 25 |
44 | 110301 | Айыл чарбасын механикалаштыруу | 25 |
45 | 190604 | Автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо | 25 |
46 | 260903 | Конструкциялоо, моделдөө жана тигүү буюмдарынын технологиясы | 25 |
47 | 270103 | Имараттарды, курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо | 25 |
Бардыгы: | 125 | ||
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | |||
48 | 060101 | Дарылоо иши | 225 |
49 | 060102 | Акушердик иш | 300 |
50 | 060104 | Медициналык-профилактикалык иш | 50 |
51 | 060107 | Профилактикалык стоматология | 100 |
52 | 060109 | Медициналык айым иши | 525 |
53 | 060110 | Лабораториялык диагностика | 125 |
54 | 060112 | Медициналык массаж | 10 |
Бардыгы: | 1335 | ||
4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги | |||
55 | 070102 | Аспаптарда ойноо (аспаптардын түрлөрү боюнча) | 129 |
56 | 070104 | Вокалдык искусство | 22 |
57 | 070106 | Хорго дирижерлук кылуу | 22 |
58 | 070109 | Музыкалык эстрада искусствосу (түрлөрү боюнча) | 18 |
59 | 070113 | Музыка теориясы | 10 |
60 | 070201 | Актёрдук өнөр | 24 |
61 | 070301 | Балет искусствосу | 40 |
62 | 070601 | Дизайн | 16 |
63 | 070802 | Көркөм-колдонмо искусство жана элдик кол өнөрчүлүк | 18 |
64 | 070903 | Скульптура | 10 |
65 | 070907 | Живопись | 29 |
66 | 071202 | Китепкана таануу | 38 |
67 | 071402 | Социалдык-маданий иштер жана элдик көркөм чыгармачылык (түрлөрү боюнча) | 80 |
Бардыгы: | 456 | ||
5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги | |||
68 | 160901 | Учуучу аппараттарды жана кыймылдаткычтарды техникалык эксплуатациялоо | 20 |
69 | 160902 | Учуучу аппараттарды күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо | 20 |
70 | 160904 | Электрлештирилген жана пилотаждык-навигациялык комплекстерди техникалык эксплуатациялоо | 20 |
Бардыгы: | 60 | ||
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик | |||
71 | 050723 | Дене тарбия жана спорт | 25 |
Бардыгы: | 25 | ||
Жалпы: | 4131 | ||