Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-июнундагы токтомунун редакциясына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-августу № 380
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ички кызматынын уставына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын күжүрмөн туусу жана символдук белгиси жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын күжүрмөн туусун жана символдук белгисин жасоого байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик бюджеттен бөлүнүүчү каражаттын чегинде каржыланаары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-декабрындагы № 756 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын туусунун сүрөттөлүшүн бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 380 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын күжүрмөн туусу жана символдук белгиси жөнүндө ЖОБО
1. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) күжүрмөн туусу жана символдук белгиси аскердик намыстын, каармандыктын, даңктын символу болуп эсептелишет жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ар бир аскер кызматчысына Мекенди коргоонун баатырдык салттарын жана ыйык милдетин эске салат.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын күжүрмөн туусу (мындан ары - Күжүрмөн туу) тик бурчтуу формадагы эки беттүү кездемеден турат, ал кызыл түстөгү эки бүктөлгөн жибек кездемеден жасалып, үч четине алтын түстөгү жибек чачы бастырылган. Туунун узундугу - 1500 миллиметр, туурасы - 1100 миллиметр.
Туунун алдыңкы бетинин ортосунда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сары түстөгү символдук белгисинин (мындан ары - символдук белги) сүрөтү түшүрүлгөн. Символдук белгинин өлчөмү 600 мм.
Символдук белгинин төмөн жагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК КООПСУЗДУК МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТИ" деген аталышы мамлекеттик тилде алтын түстүү тамгалар менен жазылган.
Туунун арткы бетинин ортосунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин диаметри 650 мм өлчөмүндөгү сүрөтү түшүрүлгөн.
Күжүрмөн туунун каскагы жыгачтан, кара-күрөң түстө, диаметри - 40 мм, узундугу - 2500 мм.
Күжүрмөн туунун каскагынын учу дат баспас болоттон жасалган, учтун ортосунда беш бурчтуу жылдыздуу жарым айдын сүрөтү жасалган. Учтун узундугу - 250 мм.
Күжүрмөн туунун боосу учтарында эки чачысы бар, алтын түстөгү эшилген жибек жиптен жасалган. Чачылуу боонун узуну - 2800 мм.
3. Күжүрмөн туу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук аппаратынын имаратында гербдүү мөөр басылып бекитилген айнек капкактын астындагы пьедесталда сакталат жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишине байланышкан салтанаттуу иш-чараларга чыгарылат.
4. Символдук белги ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга таандык экендигин көрсөткөн расмий айырмалоочу символ болуп эсептелет.
5. Символдук белгинин аныктоочу жана мүнөздөөчү элементтери жана символдору бар. Стилдештирилген калкан ички элементтери менен аныкталган формадан жана алардын айкашуусунан турат.
Символдук белги коло түстөгү тегеректен турат. Тегеректин айланасы ачык көк түс менен кыюуланган. Тегеректин жээктерине четине улуттук оюунун алтын түстүү жети элементи тартылган.
Тегеректин ичинде чокмор түрүндөгү, боз түс менен кыюуланган, күмүш түстүү, четтери чоюлган жети кырлуу стилдештирилген тегерек калкан тартылган. Ар бир кырдын ичинде алтын түстүү металл бөрктөрү бар. Калкандын жээгин бойлото мамлекеттик тилде ачык көк түстөгү "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК КООПСУЗДУК МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТИ" деген жазуу жазылган.
Калкандын ортосуна Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү тартылган.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтүнүн берилиши улуттук коопсуздук органдарынын Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна зыян келтирүүнү алдын алуу милдети менен шартталган (адамдын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо, Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө, эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө мыйзамга каршы кол салууну, ошондой эле чет өлкөлүк атайын кызматтардын жана уюмдардын чалгындоочу-бүлүндүрүүчү ишин алдын алуу жана бөгөт коюу).
6. Символдук белгинин сүрөтү өлчөмүнө карабастан белгинин үлгүсүнүн түстүү же ак-кара сүрөтүнө так дал келүүгө тийиш. Символдук белги ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү ээлеген имараттарга, курулмаларга, транспорттук жана атайын каражаттарда, кызматтык жабдууларда, айырмалоочу белгилерде, кызматкерлердин форма кийимдеринде жана кызматтык күбөлүктөрүндө, кызматтык документтерде жайгаштырылышы мүмкүн.
Символдук белгини жогоруда аталган учурларда жайгаштырууда жана пайдаланууда колдонулган материалга жараша негизги түстөрдү жана түстөрдүн түрлөрүн өзгөртүүгө жол берилет. Ошондой эле символдук белгинин бир түстө (бир өңдө) болушуна жол берилет.
Символдук белги ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын заказы менен чыгарылуучу жана жасалуучу басма, жарнама-маалымат жана сувенир продукцияда, сыйлыктарда жана белектерде, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча башка учурларда жайгаштырылышы мүмкүн.
7. Символдук белги ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башка символдорун түзүүгө негиз боло алат.
Символдук белги түшүрүлгөн түрдүү атрибуттарды даярдоодо белгинин өлчөмү жасалган буюмдун өлчөмүнө пропорциялуу болууга тийиш.
Символдук белгини сыйлык жана белек буюм катары жасаганда негизги элементтерди жана пропорциясын сактоо менен: алтын, күмүш, жылмаланган, хромдолгон же кара болот, латунь жана коло сыяктуу пайдаланылган материалга жараша негизги түстөрдү, түстөрдүн түрлөрүн өзгөртүүгө жол берилет.
8. Күжүрмөн тууну жана символдук белгини башка мамлекеттик органдар, юридикалык жана жеке жактар пайдаланууга болбойт.
Күжүрмөн тууну жана символдук белгини булгоого, маанисин бурмалоочу жазууларды жазууга, белгилерди, сүрөттөрдү тартууга, ошондой эле аларды бузууга жана ушул сыяктуу башка нерселерди жасоого тыюу салынат.
Жогоруда айтылган иштерди жасаганы үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылат.