ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 388 «2014-жылдын 30-майында Минск шаарында кол коюлган транспорттук коопсуздукту камсыздоо жаатындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин маалыматтык өз ара аракеттери жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу» токтому

Редакция23.08.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 23-августу № 388

2014-жылдын 30-майында Минск шаарында кол коюлган транспорттук коопсуздукту камсыздоо жаатындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин маалыматтык өз ара аракеттери жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу

 

"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014-жылдын 30-майында Минск шаарында кол коюлган Транспорттук коопсуздукту камсыздоо жаатындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин маалыматтык өз ара аракеттери жөнүндө расмий тилде тиркелген макулдашуу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

М. Абылгазиев