Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-августу N 403
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Э.Мавлянова, А.К.Назаров, С.К.Нышанов, Г.С.Молдобекова, Т.Г.Тиллаев, М.И.Бакиров, С.А.Айдаров, К.С.Нурматов тарабынан демилгеленген «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2018-жылдын « 27» 08 № 403
токтому менен жактырылган
«Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү нүн
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Э.Мавлянова, А.К.Назаров, С.К.Нышанов, Г.С.Молдобекова, Т.Г.Тиллаев, М.И.Бакиров. С.А.Айдаров, К.С.Нурматов тарабынан демилгеленген «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келет.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгү менен «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде баяндалган «жайыттарды башка максаттарда пайдалануу» түшүнүгүн өзгөртүү сунушталууда. Атап айтканда, жайыттарды пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү жана жер казынасын пайдаланууда инфраструктура объектилерин куруу үчүн колдонуу мүмкүнчүлүгү каралууда.
Жогоруда аталган өзгөртүүлөр жер казынасын пайдалануучуга кеңди иштетүү жана инфраструктура объектилерин куруу үчүн берилген жер участокторун, өзгөчө айыл чарба жерлерин жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан бекитилген тартипте жерлердин башка категориясына которбостон (трансформацияланбастан) берүү каралган Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-беренесинин 4-пунктунан келип чыккандыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын өкмөтү аталган мыйзамдын долбоорун кабыл алууну колдойт.
Ушуну менен бирге, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын компетенциясына жайыттарды пайдаланууга берүү жана аларды пайдалануу тартибин белгилөө кирет.
Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин ченемдерине шайкеш келтирүүгө багытталганына байланыштуу мыйзамдын долбоорунун 1-беренесин төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-бөлүктөр менен толуктоону сунуштайбыз:
«3) 4-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы З1-бөлүк менен толукталсын:
«З1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы жайыттарды башка максаттарда пайдалануу жөнүндө келишимдерди түзөт.»;
4) 6-беренесинин 5-бөлүгүнүн алтынчы абзацындагы «, ошондой эле, жайыттарды башка максаттарда пайдалануу жөнүндө келишимдерди түзүү» деген сөздөр алып салынсын.».
Бул түзөтүүлөр ыйгарым укуктардын кайталануусун четтетүү максатында киргизилүүдө.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жайыттарды башка максаттарда пайдалануу тартибин аныктоо укугу каралган «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын З1-беренесинин 3-бөлүгү боюнча сунушталган өзгөртүүлөрдү көңүлгө алуу менен мыйзамдын долбоорунун 2-беренесин төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толуктоону сунуштайбыз:
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.».
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун ушул корутундуда баяндалган сунуштарды эске алуу менен кабыл алууну мүмкүн деп эсептейт.