Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-декабры № 793
"Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодексинин долбоорлору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодексинин долбоорлору жактырылсын.
2. "Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодексинин долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри "Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодексинин долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| С. Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодекси (мындан ары - Кодекс) 2019-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилсин.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодекси колдонууга киргизилген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 14-апрелиндеги № 1480-ХII "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 5, 157-ст);
2) Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 5-январындагы № 3 "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 4, 202-ст);
3) Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 27-январындагы № 28 "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 1, 30-ст);
4) Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 15-августундагы № 153 "Мамлекеттик алым жөнүндө" Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2007-жылдын 31-августу, № 62);
5) Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын ("Эркин Тоо" гезити, 2008-жылдын 1-августу, № 56) 1-беренеси;
6) Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 "Кыргыз Республикасында Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын 9-беренесинин 22-пункту ("Кыргыз Республикасынын ченемдик актылары", 2008-жылдын 31-октябры, № 44);
7) Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-майындагы № 168 "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2009-жылдын 9-июну, № 44);
8) Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-июлундагы № 253 "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2009-жылдын 7-августу, № 68-69);
9) Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 15-октябрындагы № 275 "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2009-жылдын 23-октябры, № 90);
10) Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 22-октябрындагы № 284 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамынын ("Эркин Тоо" гезити, 2009-жылдын 27-октябры, № 91) 9-беренеси;
11) Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы УӨ № 93 "Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" декрети ("Эркин Тоо" гезитинин тиркемеси, 2010-жылдын 30-июлу, № 13-14 (370-371);
12) Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-мартындагы № 4 "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2011-жылдын 15-марты, № 19);
13) Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-майындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын ("Эркин Тоо" гезити, 2011-жылдын 3-июну, № 42) 5-беренеси;
14) Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 16-июнундагы № 48 "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2011-жылдын 21-июну, № 48);
15) Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 197 "Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2011-жылдын 4-ноябры, № 93);
16) Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 14-мартындагы № 13 "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2012-жылдын 16-марты, № 22);
17) Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 13-апрелиндеги № 37 "Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2012-жылдын 20-апрели, № 34);
18) Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 20-июнундагы № 89 "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2012-жылдын 22-июну, № 55);
19) Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 162 "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2012-жылдын 17-августу, № 73-74);
20) Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 17-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2013-жылдын 2-августу, № 65);
21) Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 17-майындагы № 72 "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2014-жылдын 23-майы, № 39);
22) Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын ("Эркин Тоо" гезити, 2014-жылдын 5-августу, № 60) 10-беренеси;
23) Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 13-февралындагы № 32 "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын ("Эркин Тоо" гезити, 2015-жылдын 20-февралы, № 14) 3-беренеси;
24) Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 4-мартындагы № 50 "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2015-жылдын 10-марты, № 19);
25) Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 20-июлундагы № 181 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын ("Эркин Тоо" гезити, 2015-жылдын 28-июлу, № 68) 2-беренеси;
26) Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-августундагы № 211 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын ("Эркин Тоо" гезити, 2015-жылдын 11-августу, № 74) 1-беренеси;
27) Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-апрелиндеги № 43 "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2016-жылдын 10-майы, № 39);
28) Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 29-июнундагы № 92 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө", "Билим берүү жөнүндө", "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамынын ("Эркин Тоо" гезити, 2016-жылдын 5-июлу, № 59) 1-беренеси.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тогуз айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Кодекске ылайык келтирүү боюнча сунуштарды даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын Кодекске ылайык келтирсин.
4-берене.
Кодекс менен жөнгө салынуучу укуктук мамилелерди регламенттөөчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары Кодекске каршы келбеген бөлүгүндө колдонула тургандыгы белгиленсин.
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛЫКТЫК ЭМЕС КИРЕШЕЛЕРИ ЖӨНҮНДӨ КОДЕКСИ
ЖАЛПЫ БӨЛҮК
I БӨЛҮМ ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Кодекстин колдонулуу чөйрөсү
Ушул Кодекс төмөнкү мамилелерди жөнгө салат:
1) салыктык эмес кирешелерди белгилөө, ишке киргизүү жана алуу боюнча;
2) салыктык эмес кирешелерди эсептөөнү жана төлөөнү контролдоону ишке ашыруу процессинде келип чыгуучу;
3) ыйгарым укуктуу органдардын чечимдерине, алардын кызматкерлеринин аракеттерине жана/же аракетсиздигине даттануулар боюнча.
2-берене. Салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдар
1. Салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдар - Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ушул Кодекске жана ага ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларга негизделген салыктык эмес кирешелер боюнча укуктук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын жыйындысы.
2. Ушул Кодекс төмөнкүлөрдү белгилейт:
1) салыктык эмес кирешелердин системасын;
2) салыктык эмес кирешелердин түрлөрүн;
3) салыктык эмес кирешелерди белгилөө, өзгөртүү жана жокко чыгаруу тартибин;
4) салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенмелердин келип чыгышынын, өзгөрүшүнүн, аткарылышынын жана токтотулушунун негиздерин;
5) төлөөчүлөрдүн жана укуктук мамилелердин катышуучуларынын салыктык эмес кирешелерди төлөөдө келип чыгуучу укуктарын жана милдеттерин;
6) салыктык эмес кирешелерди эсептөөнү жана төлөөнү контролдоонун формаларын;
7) салыктык эмес кирешелерди жыйноону ишке ашыруучу органдардын чечимдерине даттануу тартибин, аларды төлөө үчүн контролдук, ошондой эле алардын кызматкерлеринин аракеттерине жана/же аракетсиздигинин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн.
3-берене. Ушул Кодексте колдонулуучу терминдер жана аныктамалар
1. Ушул Кодексте колдонулуучу жарандык, үй-бүлөлүк, бажылык, салыктык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын башка тармактарынын институттары, терминдери жана аныктамалары ошол мыйзам тармактарында кандай пайдаланылса, ошол мааниде колдонулат.
2. Ушул Кодексте төмөнкүдөй терминдер, түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:
1) салыктык эмес кирешелердин администратору - салыктык эмес кирешелерди эсептөө, жыйноо, эсепке алуу, туура эсептелишин, толук жана өз убагында төлөнүшүн контролдоо боюнча бир же бир нече функцияларды аткаруучу, ошондой эле ашыкча төлөнгөн (өндүрүлгөн) салыктык эмес кирешелерди, алар боюнча туумдарды жана айыптарды кайтаруу (кириштөө) жөнүндө чечимдерди кабыл алуучу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле анын түзүмдүк, ведомстволук бөлүнүштөрү;
2) салыктык эмес кирешелердин башкы администратору - өз карамагында салыктык эмес кирешелеринин администраторлору бар мыйзамдар менен аныкталган мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы, ал эми өз карамагында администраторлор жок болсо - анда салыктык эмес кирешелердин администратору;
3) ыктыярдуу трансферттер - жеке жана юридикалык жактар тарабынан мамлекетке, бюджеттик мекемелерге жана жергиликтүү бюджетке кайтарымсыз өткөрүп берилген мүлк, анын ичинде демөөрчүлүк жардам;
4) бюджеттик уюмдардын мүлкү - бюджеттик уюмдун чарба жүргүзүү укугунда же оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк;
5) өнбөгөн калдык - салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү мыйзамдар менен белгиленген, мөөнөтүндө төлөнбөгөн салыктык эмес кирешелердин суммасы;
6) салыктык эмес кирешелер - бул мамлекеттик бюджеттин кирешесине төлөнүүчү жана салык, бажылык төлөмдөр, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөр жана расмий трансферттер болуп эсептелбеген, ушул Кодекс менен белгиленген чегерүүлөр, жыйымдар жана башка милдеттүү төлөмдөр;
7) жыйым - мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана юридикалык маанилүү аракеттерди аткарган, анын ичинде аныкталган укуктарды же уруксат (лицензия) берген кызмат адамдары тарабынан уюмдардан жана жеке жактардан алынуучу жыйым төлөөчүлөргө карата шарттардын бири болуп саналган же болбосо жеке ишкердиктин айрым түрлөрүнө киргизилген аймактын чектеринде төлөө шартталган төгүм;
8) пайдадан чегерүүлөр - пайдадан алынуучу жана бюджетке түшүүчү төлөмдүн түрү;
9) өнүктүрүүгө чегерүүлөр - аныкталган тармакты өнүктүрүү жана жергиликтүү маанидеги инфраструктураны күтүү боюнча мамлекет тарабынан белгиленген милдеттүү төлөмдүн түрү;
10) санкциялар - ушул Кодексте белгиленген жоболорду бузуу үчүн колдонулуучу мүлктүк таасир берүү чаралары;
11) салыктык эмес кирешелер боюнча карыз - өнбөгөн калдыктын суммасы, ошондой эле туумдун жана санкциянын жабылбаган суммасы;
12) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - салыктык эмес кирешелер боюнча саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган;
13) чечим - салыктык эмес кирешенин администратору, башкы администратору же салык кызматынын органы тарабынан ушул Кодекске ылайык кабыл алынуучу ченемдик эмес акт, ага ушул Кодекс менен белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
4-берене. Салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдардын колдонулушу
1. Салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдар, тийиштүү аймакта колдонула турган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларынан тышкары, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
2. Жаңы салыктык эмес кирешелерди белгилөө, алардын ставкаларын жогорулатуу боюнча ушул Кодекске өзгөртүү киргизүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары расмий жарыялангандан эки календарлык айдан кийинки айдын 1инен тартып күчүнө кирет.
3. Жаңы салыктык эмес кирешелерди белгилөөчү, ставкалардын өлчөмүн жогорулатуучу, укук бузуулар үчүн жоопкерчиликти белгилөөчү же күчөтүүчү, салыктык эмес кирешелерди төлөөдө келип чыгуучу укуктук мамилелердин катышуучусунун жаңы милдеттерин белгилөөчү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары кайтарым күчкө ээ эмес.
5-берене. Ченемдик укуктук актылардын катышы
1. Салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзам актылары жана башка ченемдик укуктук актылар ушул Кодекске каршы келбеши керек.
2. Инвестициялар тууралуу мыйзамдарга ылайык турукташтыруу режимин колдонуу укугуна ээ болгон инвестор, ошондой эле инвестициялануучу ишкана салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген учурда, турукташтыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлган күндөн тартып он жылдын ичинде, бюджеттик мекемелер тарабынан ишке ашырылуучу продукцияларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөөлөрдү кошпогондо, салыктык эмес төлөмдөрдү төлөө боюнча алар үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды тандоого укуктуу.
2-глава. Салыктык эмес кирешелердин системасы
6-берене. Салыктык эмес кирешелерди белгилөөнүн жалпы шарттары
Эгерде ушул Кодексте башкалар каралбаса, салыктык эмес киреше ушул Кодекс менен салык салуунун төмөнкү элементтери аныкталган учурда гана белгиленди деп эсептелет:
1) субъект;
2) салыктык эмес кирешенин ставкасы жана өлчөмү же мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы;
3) төлөө тартиби.
7-берене. Субъект
Субъект (мындан ары - төлөөчү) - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо органдарынан тышкары, салыктык эмес кирешени төлөө же аны Бирдиктүү казыналык эсепке которуу милдети жүктөлгөн жеке же юридикалык жак.
8-берене. Салыктык эмес кирешенин ставкасы, өлчөмү же мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы
1. Салыктык эмес кирешелердин ставкасы же өлчөмү салыктык эмес кирешелердин ар бир түрү боюнча пайыз менен же эсептик көрсөткүчтөр же болбосо белгиленген акчалай суммада өзүнчө белгиленет.
2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөгү мыйзамдарга ылайык аныкталат.
9-берене. Салыктык эмес кирешени эсептөөнүн тартиби
Төлөөчү, администратор же башкы администратор салыктык эмес кирешени суммасын ушул Кодекске ылайык каралган жеңилдиктерди жана бошотууларды эсепке алуу менен өз алдынча эсептейт.
10-берене. Салыктык эмес кирешелерди төлөө мөөнөтү
1. Салыктык эмес кирешелерди төлөө мөөнөтү ушул Кодекстин талаптарына ылайык салыктык эмес кирешелердин ар бир түрүнө карата өзүнчө белгиленет.
2. Салыктык эмес кирешелерди төлөө мөөнөтүн бузуу төлөөчүнү Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп саналат.
11-берене. Салыктык эмес кирешелерди төлөө тартиби
1. Салыктык эмес кирешелер төмөнкүдөй төлөнөт:
1) толук суммасы же бөлүгү менен;
2) түздөн-түз төлөөчү тарабынан же анын атынан;
3) акчалай же акчалай эмес формада.
2. Салыктык эмес кирешени төлөө тартиби салыктык эмес кирешелердин ар бир түрүнө карата өзүнчө белгиленет.
II БӨЛҮМ САЛЫКТЫК ЭМЕС КИРЕШЕЛЕРДИ ТӨЛӨӨДӨ КЕЛИП ЧЫГУУЧУ УКУКТУК МАМИЛЕЛЕРДИН КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ
3-глава. Салыктык эмес кирешелерди төлөөчү
12-берене. Салыктык эмес кирешелерди төлөөдө келип чыгуучу укуктук мамилелердин катышуучулары
Салыктык эмес кирешелерди төлөөдө келип чыгуучу укуктук мамилелердин катышуучулары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) ушул Кодекске ылайык салыктык эмес кирешелерди төлөөчү катары таанылган субъект;
2) салыктык эмес кирешелердин башкы администратору;
3) салыктык эмес кирешелердин администратору;
4) салык кызматынын органдары;
5) салыктык эмес кирешелерди төлөөчүнүн өкүлү - салыктык эмес кирешелерди башкаруу жана тиешелүү бюджетке өндүрүп алуу менен байланышкан маселелерди кароодо төлөөчүнүн атынан белгиленген тартипте чыгууга укуктуу жак;
6) салыктык эмес кирешелерди төлөөдө келип чыгуучу укуктук мамилелер тармагындагы укуктары жана милдеттери ушул Кодекс менен жөнгө салына турган башка жактар.
13-берене. Салыктык эмес кирешелерди төлөөчүнүн укуктары
1. Салыктык эмес кирешелерди төлөөчү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ушул Кодекске ылайык, салыктык эмес кирешелерди бюджетке чегерүүнү, жыйноону жана төлөөнү ишке ашыруу милдети жүктөлгөн жактардан салыктык эмес киреше жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамын сактоону талап кылууга;
2) укуктук мамилелерде жеке өзү же өзүнүн өкүлү аркылуу чыгууга;
3) салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдардын ченемдерин колдонуу боюнча маселелерге мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан жазуу жүзүндө жооп алууга;
4) салыктык эмес кирешелердин ашыкча төлөнгөн, ошондой эле ашыкча өндүрүп алынган сумманы кайтарууга;
5) негиздер болгон учурда жана Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндөгү мыйзамдары менен бекитилген тартипте жеңилдиктерди жана бошотууларды колдонууга;
6) ушул Кодекске ылайык салыктык эмес кирешени тиешелүү бюджетке чегерүүнү, жыйноону жана төлөөнү ишке ашырууга ыйгарым укуктуу адамдардын чечимине, аракетине же аракетсиздигине карата даттанууга;
7) салыктык эмес төлөмдү тиешелүү бюджетке чегерүүнү, жыйноону жана төлөөнү ишке ашырууга ыйгарым укуктуу адамдардын мыйзамсыз чечими менен келтирилген зыяндын ордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өндүрүп алууга.
2. Төлөөчү Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдары менен белгиленген башка укуктарга ээ.
14-берене. Салыктык эмес кирешени төлөөчүнүн милдеттери
1. Төлөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенмелерди белгиленген тартипте аткарууга;
2) түшүндүрмөлөрдү, маалыматты жана документтерди ушул Кодекс менен белгиленген тартипте жана учурларда берүүгө;
3) салыктык эмес кирешелерди бюджетке чегерүүнү, жыйноону жана төлөөнү ишке ашыруу милдети жүктөлгөн адамдардын укук бузуулардын кесепеттерин четтетүү тууралуу же укук бузууларга алып келүүчү аракеттерди же аракетсиздикти токтотуу жөнүндө мыйзамдуу көрсөтмөсүн аткарууга;
4) ушул Кодекстин негизинде салыктык эмес кирешелерди бюджетке чегерүүгө, жыйноого жана төлөнүшүн контролдоого ыйгарым укуктуу адамдардын мыйзамдуу ишине алар кызматтык милдеттенмелерин аткарып жаткан мезгилде тоскоолдук кылбоого;
5) салыктык эмес кирешелерди төлөөнү тастыктоочу документтердин 6 жыл бою сакталышын камсыздоого;
6) салыктык эмес кирешелер боюнча эсепке алууну жана отчет берүүгө.
2. Төлөөчү салыктык эмес кирешелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар менен белгиленген башка милдеттерди дагы аткарат.
3. Төлөөчү салыктык эмес кирешелерди өз убагында жана толук өлчөмдө төлөөгө милдеттүү. Салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча талаптар бузулган учурда төлөөчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Кылмыш же административдик мыйзам бузуулардын белгилери бар салыктык эмес мыйзамдарды бузуу үчүн жоопкерчилик кылмыш же административдик мыйзамдар менен белгиленет.
15-берене. Салыктык эмес кирешелерди төлөөчүнүн өкүлүнүн укуктары жана милдеттери
1. Салыктык эмес кирешени төлөөчүнүн өкүлүнүн укуктары жана милдеттери төмөнкүлөр аркылуу аныкталат:
- ушул Кодекс менен;
- төлөөчү менен анын өкүлүнүн ортосунда түзүлгөн жарандык укуктук келишим менен;
- төлөөчү өзүнүн өкүлүнө берген ишеним кат аркылуу.
2. Салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча укуктук мамилелерде төлөөчүнүн өкүлүнүн аракети же аракетсиздиги, төлөөчүнүн өзүнүн аракети же аракетсиздиги катары таанылат.
3. Мамлекеттик же муниципалдык орган, мамлекеттик же муниципалдык органдын кызмат адамы, ошондой эле жашы жете элек жана ишке жөндөмсүз адамдар төлөөчүнүн өкүлү боло албайт.
4-глава. Салык кызматынын органдарынын, салыктык эмес кирешелердин башкы администраторлорунун жана администраторлорунун укуктары жана милдеттери
16-берене. Салык кызматынын органынын жана алардын кызмат адамдарынын укуктары жана милдеттери
1. Салык кызматынын органдары жана алардын кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ушул Кодексте белгиленген тартипте салыктык эмес кирешелердин тиешелүү бюджетке түшүүсүн контролдоону ишке ашырууга;
2) салыктык эмес кирешелерди эсептөө, кармап калуу жана бюджетке төлөө боюнча документтерди берүүнү салыктык эмес кирешенин төлөөчүсүнөн администраторунан жана башкы администраторунан талап кылууга;
3) салыктык эмес кирешелерди эсептөө, кармап калуу жана төлөө менен байланышкан документтерди толтуруу боюнча түшүндүрмөлөрдү, ошондой эле эсептөөлөрдүн тууралыгын жана төлөмдүн өз убагында жүргүзүлгөнүн тастыктоочу документтерди (мындан ары - документ) салыктык эмес кирешелердин төлөөчүсүнөн, администраторунан жана башкы администраторунан талап кылууга, төлөөчүдөн документтердин көчүрмөсүн алууга;
4) ушул Кодекс менен каралган негиз боюнча салыктык эмес кирешелердин төлөнбөгөн суммасын мажбурлап өндүрүп алуу жөнүндө сотторго доо арызын берүүгө;
5) Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү мыйзамдары боюнча табылган мыйзам бузууларды четтетүүнү талап кылууга жана көрсөтүлгөн талаптардын аткарылышын контролдоого;
6) ушул Кодекске ылайык, тиешелүү бюджетке салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууга байланыштуу башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан маалымат алууга;
7) ушул Кодекске ылайык берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча салыктык эмес кирешелердин башкы администраторлорунун ишин контролдоого.
2. Ушул Кодекс менен белгиленген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн салык кызматынын органдары жана алардын кызмат адамдары ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарга ээ.
3. Салык кызматынын органдары жана алардын кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) салыктык эмес кирешелерди төлөөчүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;
2) Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү мыйзамдарын сактоого жана салыктык эмес кирешелердин төлөөчүсүнөн жана башкы администраторлорунан анын аткарылышын талап кылууга;
3) жеке ишкердик үчүн пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээси болгон жеке жактардан тышкары калктуу конуштардагы таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдар жана жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча төлөөчүлөрдүн милдеттенмелеринин аткарылышына көмөк көрсөтүүгө;
4) жеке ишкердик үчүн пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээси болгон жеке жактардан тышкары калктуу конуштардагы таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдар жана жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча төлөөчүлөрдүн милдеттенмелеринин аткарылышын контролдоого;
5) жеке ишкердик үчүн пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээси болгон жеке жактардан тышкары калктуу конуштардагы таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдар жана жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча төлөөчүлөрдү эсепке алууга, эсептелген жана төлөнгөн суммаларды жазууга;
6) жеке ишкердик үчүн пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээси болгон жеке жактардан тышкары калктуу конуштардагы таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдар жана жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча отчеттуулуктун формасын толтуруу тартибин түшүндүрүүгө;
7) кызматтык, коммерциялык, банктык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды сактоого;
8) төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү суроо-талабын алган күндөн кийин 2 жумуш күнүнөн кечиктирбестен жеке ишкердик үчүн пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээси болгон жеке жактардан тышкары калктуу конуштардагы таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдар жана жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр менен туумдар боюнча суммалар жана аны эсептөө датасы жөнүндө чечимди берүүгө;
9) салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттерди аткаруу фактыларын тастыктоочу документтерди 6 жыл ичинде сакталышын камсыздоого;
10) жеке ишкердик үчүн пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээси болгон жеке жактардан тышкары калктуу конуштардагы таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдар жана жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча төлөөчүлөрдүн даттанууларын ушул Кодексте белгиленген тартипте кароого.
17-берене. Салыктык эмес кирешелердин башкы администраторлорунун жана алардын кызмат адамдарынын укуктары жана милдеттери
1. Башкы администраторлор жана алардын кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ушул Кодексте каралган учурларда салыктык эмес кирешелерди төлөөнү эсепке алууга жана контролдоого;
2) Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү мыйзамдарынын табылган бузууларды четтетүүнү талап кылууга жана көрсөтүлгөн талаптардын аткарылышын контролдоого;
3) ушул Кодексте каралган негиздер боюнча салыктык эмес кирешелердин төлөнбөгөн суммаларын мажбурлап өндүрүп алуу жөнүндө сотторго доо арыз берүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча администраторлорду текшерүүгө.
2. Башкы администраторлор жана алардын кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) төлөөчүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана укуктарын сактоого;
2) Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү мыйзамдарын сактоого жана төлөөчүдөн анын аткарылышын талап кылууга;
3) салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууда төлөөчүгө көмөк көрсөтүүгө;
4) салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттерди аткаруу фактыларын тастыктоочу документтердин 6 жыл ичинде сакталышын камсыздоого;
5) ушул Кодекске ылайык белгиленген тартипте жана мөөнөттө отчет түзүүгө жана аны ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө;
6) администрленүүчү салыктык эмес кирешелер боюнча эсеп жана отчет жүргүзүүгө;
7) салыктык эмес кирешелердин администратору тарабынан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатсыз, толук эмес жана өз учурунда эместигине төлөөчүлөрдүн даттануусун карап чыгууга;
8) ушул Кодекстин 16-беренесинде каралган салык кызматынын органдарынын мыйзамдуу талаптарын аткарууга;
9) администраторлор тарабынан салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү мыйзамдардын сакталышын текшерүүгө;
10) жергиликтүү бюджеттерге түшүүчү салыктык эмес кирешелер боюнча отчетторду ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана тиешелүү жергиликтүү өз алдынча аткаруу органдарына берүүгө.
18-берене. Салыктык эмес кирешелердин администраторлорунун жана алардын кызмат адамдарынын укуктары жана милдеттери
1. Администраторлор жана алардын кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ушул Кодекс менен каралган учурларда салыктык эмес кирешелерди төлөөнү эсепке алууга, жыйноого жана контролдоого;
2) ушул Кодекс менен каралган негиздер боюнча салыктык эмес кирешелердин төлөнбөгөн суммаларын мажбурлап өндүрүп алуу жөнүндө сотторго доо арыз берүүгө.
2. Администраторлор жана алардын кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) төлөөчүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана укуктарын сактоого;
2) салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарды сактоого жана төлөөчүдөн алардын аткарылышын талап кылууга;
3) салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууда төлөөчүгө көмөк көрсөтүүгө;
4) салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттерди аткаруу фактыларын тастыктоочу документтердин 6 жыл бою сакталышын камсыздоого;
5) салыктык эмес кирешелер боюнча эсеп жүргүзүү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана башкы администраторго отчетторду берүүгө;
6) Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарды сактоо маселелери боюнча төлөөчүнү текшерүүгө;
7) ушул Кодекстин 16-беренесинде каралган салык кызматынын органдарынын талаптарын аткарууга.
III БӨЛҮМ САЛЫКТЫК ЭМЕС КИРЕШЕЛЕР БОЮНЧА МИЛДЕТТЕНМЕ ЖАНА КАРЫЗ
5-глава. Жалпы жоболор
19-берене. Салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенме
1. Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенме салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдар менен белгиленген жагдай келип чыккан учурда төлөөчүнүн Бирдиктүү казыналык эсебине салыктык эмес кирешени төлөө милдеттенмеси болуп эсептелет.
2. Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенме акчалай милдеттенме болуп эсептелет.
20-берене. Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенменин келип чыгышы, өзгөрүшү, аткарылышы жана токтотулушу
Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенме салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарда белгиленген негиздер келип чыккан учурда пайда болот, өзгөрөт, аткарылды же токтотулду деп эсептелет.
21-берене. Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенменин валютасы
1. Салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенме, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурлардан тышкары, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы - сом менен аткарылат.
2. Салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенмени эсептөөдө милдеттенменин суммасын сом бирдигине чейин тегеректегенге жол берилет.
22-берене. Салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча доо мөөнөтүнүн эскириши
1. Салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча доо мөөнөтүнүн эскириши салыктык эмес кирешени төлөөчү жагдай келип чыккан же ушул Кодекске ылайык салыктык эмес кирешени төлөө мезгили аяктаган учурдан тартып 6 жылды түзөт.
2. Салыктык эмес кирешенин ашыкча төлөнгөн суммасын кайтарууну талап кылуу укугу доо мөөнөтү эскиргенге чейин сакталат.
3. Доонун эскирүү мөөнөтүн токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен жөнгө салынат.
23-берене. Салыктык эмес кирешелер боюнча карыз
Салыктык эмес кирешелер боюнча карыз төмөнкү учурларда таанылат, эгерде ал:
- ушул Кодексте белгиленген тартипте салыктык эмес кирешенин төлөөчүсүнүн отчеттуулугунун негизинде эсептелсе;
- салыктык эмес кирешенин администраторунун, башкы администраторунун же салык кызматынын органынын чечиминин негизинде эсептелсе жана салыктык эмес кирешелердин төлөөчүсү аны менен таанышып, ага даттанбаса;
- ушул Кодекске ылайык салыктык эмес кирешенин администраторунун, башкы администраторунун же салык кызматынын органынын чечиминин негизинде эсептелген салыктык эмес кирешелер боюнча карыздарды төлөө тууралуу соттун күчүнө кирген чечими чыккан болсо.
6-глава. Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенмени аткаруу жана карызды тындыруу
24-берене. Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенмени аткаруу жана карызды тындыруу
1. Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенмелерди аткаруу датасы төмөнкүлөр болуп эсептелет:
1) эгерде акча каражаттары бюджетке түшкөн учурда төлөөчүнүн эсебинде төлөм тапшырмасын толук көлөмдө аткаруу үчүн жетиштүү каражат болсо, салыктык эмес кирешенин тийиштүү суммасын банкка которуу төлөм тапшырмасын берген күн;
2) салыктык эмес кирешенин тийиштүү суммасын которууга банк тарабынан төлөмдүк тапшырманын аткарылган күнү;
3) салыктык эмес кирешенин накталай акча каражаттарынын тиешелүү суммасын банкка, администраторго же башкы администраторго которуу үчүн киргизилген күн.
2. Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенме өз мөөнөтүндө аткарылган жок деп төмөнкү учурларда эсептелет:
1) ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган учурлардан тышкары, эгер акча каражаттары бюджетке салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү мыйзамдар менен белгиленген мөөнөттө түшпөсө;
2) салыктык эмес кирешенин суммасын которуу боюнча төлөмдүк тапшырманы төлөөчү кайра чакыртып алганда;
3) салыктык эмес кирешенин суммасын которуу боюнча төлөмдүк тапшырманы төлөөчүгө банк кайтарып бергенде;
4) салыктык эмес кирешенин тийиштүү суммасын которуу үчүн киргизилген накталай акча каражаттарын төлөөчү чакыртып алганда.
3. Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенме салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык тийиштүү түрдө аткарылууга тийиш.
4. Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенмени аткаруу төлөөчү тарабынан өз алдынча же анын өкүлү тарабынан жүргүзүлөт.
5. Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенмени аткаруу болуп бардык тийиштүү сумманы төлөөнүн эсебинен накталай же накталай эмес формада акча каражаттарын киргизүү эсептелет.
25-берене. Салыктык эмес кирешелер боюнча карызды мажбурлап тындыруу
1. Эгерде ушул главада башкасы каралбаса, ушул Кодекске ылайык салыктык эмес киреше боюнча карыз болгон учурда администраторлор, башкы администраторлор жана салык кызматынын органдары карыздын суммасынын чегинде, ушул төлөөчүнүн карамагындагы мүлктү чектөө жана/же мүлкүнүн эсебинен карызды өндүрүп алуу тууралуу доо арызы менен сотко кайрылууга укуктуу.
Сотко кайрылуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипке ылайык жүргүзүлөт.
Бул доо арыз үчүнчү тараптан, анын ичинде дебитордун каражаттарынын эсебинен карызды өндүрүп алууну карашы мүмкүн.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө аталган доо арызын берүүдө администраторлор, башкы администраторлор жана салык кызматынын органдары үчүнчү тарапка, анын ичинде дебиторго, карызы бар төлөөчүнүн дарегине акчалай төлөмдөрдү токтотуу жөнүндө чечимди, анын тиркемесин тиркөө менен жөнөтүүгө укуктуу.
Эгер соттун чечими чыкканга чейин үчүнчү тарап чечимде аталган талапты аткарбаса жана ушул чечимге каршы чыкпаган болсо, андан ушул төлөмгө дал келе турган сумма, бирок салыктык эмес киреше боюнча карыз болгон суммадан ашык эмес өндүрүлүп алынат. Ушул бөлүк боюнча каралган карызды өндүрүп алуу соттун чечими менен жүргүзүлөт.
3. Төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен карызды өндүрүп алуу жөнүндө доо арызы боюнча иштерди кароо Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.
4. Карызды төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен өндүрүп алуу мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
5. Карызды төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен өндүрүп алган учурда карызды төлөө боюнча милдеттенме аларды саткан жана саткандан түшкөн суммалардын эсебинен карызды жапкан күндөн тартып аткарылган болуп эсептелет. Мурда камакка коюлган мүлктү саткан учурда, мүлк камакка коюлган күндөн баштап жана саткандан түшкөн суммалар бюджетке которулганга чейин карызды өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн туум кошулбайт.
6. Администратордун, башкы администратордун жана салык кызматы органынын кызмат адамы, ошондой эле аларга байланыштуу жактар төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен карызды өндүрүп алуу жөнүндө соттун чечимин аткаруу тартибинде сатылып жаткан салыктык эмес кирешени төлөөчүнүн мүлкүн сатып алууга укугу жок.
Администратордун, башкы администратордун жана салык кызматынын органынын кызмат адамы менен өз ара байланышта болгон адамдар болуп үй-бүлө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган алардын жакын туугандары эсептелет.
7. Эгерде салыктык эмес кирешени төлөө лицензиялык талап болуп эсептелсе жана белгиленген тартип бузулса, анда лицензиялык уруксат берүүчү система жөнүндө же жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чаралар колдонулат.
7-глава. Салыктык эмес кирешелерди кайтаруу
26-берене. Салыктык эмес кирешелердин ашыкча төлөнгөн суммасын кайтаруу
1. Салыктык эмес кирешелердин ашыкча төлөнгөн суммасын кайтаруу үчүн төлөөчү администратордун же башкы администратордун дарегине арыз берет. Калктуу пункттардан таштандыларды чыгаруу үчүн жыйым боюнча жана, жеке ишкердикте колдонулбаган турак жай курулмаларынын ээси болуп эсептелген жеке жактарды кошпогондо, жергиликтүү маанидеги инфраструктураны кармоого жана өнүктүрүүгө чегерүүлөр боюнча арыз салыктык же эсепке алуу боюнча каттоодо турган жердеги салык кызматынын органына берилет.
2. Администратор же башкы администратор кайтарып берүү жөнүндө арыз түшкөн күндөн кийин 10 календардык күндүн ичинде төлөөчүнүн талаптарынын жөнү бар экендиги жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү. Талаптын жөнү бар экендиги таанылган учурда, казыналыкка салыктык эмес кирешелердин ашыкча төлөнгөн суммасын кайтарып берүү жөнүндө кайрылуу жөнөтүлөт. Талаптын жөнү жоктугу таанылганда кабыл алынган чечимдин негиздемеси менен төлөөчүгө жооп жөнөтүлөт.
3. Салык кызматынын органы калктуу пункттардан таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдын суммасын кайтаруу жөнүндө арыз түшкөн күндөн кийин 10 календардык күндүн ичинде, жеке ишкердикте колдонулбаган турак жай курулмаларынын ээси болуп эсептелген жеке жактарды жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана камсыздоого чегерүүлөрдү кошпогондо, төлөөчүнүн талаптарынын жөнү бар экендиги жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү. Талаптын жөнү бар экендиги таанылганда казыналыкка ашыкча төлөнгөн сумманы кайтарып берүү жөнүндө кайрылуу жөнөтүлөт. Талап жөнү жок болуп таанылганда кабыл алынган чечимдин негиздемеси менен төлөөчүгө жооп жөнөтүлөт.
4. Салыктык эмес кирешелердин ашыкча төлөнгөн суммасын кайтаруу, аны кайтарып берүү жөнүндө арыз түшкөн күндөн кийин 10 календардык күндүн ичинде администратор, башкы администратор же салык кызматы органы тарабынан казыналык органына кайрылуунун негизинде жүргүзүлөт.
5. Казыналык башкы администратордон кайрылуу келгенден кийин 10 календардык күндүн ичинде төлөөчүнүн эсебине салыктык эмес кирешенин ашыкча төлөнгөн суммасын которууга тийиш.
6. Салыктык эмес кирешенин ашыкча төлөнгөн суммасын кайтарып берүү жөнүндө арызды төлөөчү ашыкча төлөнгөн сумма пайда болгон күндөн кийин 6 жылдан кечикпей берсе болот.
7. Ашыкча төлөнгөн сумма пайда болгон күн болуп салыктык эмес кирешенин кайтарууга тийиштүү суммасын бюджетке төлөө күнү эсептелет.
27-берене. Мамлекеттик алымды кайтаруу
1. Төлөнгөн мамлекеттик алым толук же жарым-жартылай төмөнкү учурларда кайтарылып берилет:
1) мамлекеттик алым Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленгенден көбүрөөк өлчөмдө төлөнгөндө;
2) арызды кабыл алуудан баш тартканда, арызды кайтарганда, иш боюнча өндүрүштү токтоткондо, арызды Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодексинде каралган негиздер боюнча кароосуз калтырганда;
3) жоопкер доону тааныганда;
4) нотариалдык иш аракеттерди ошого ыйгарым укуктуу органдар жасоодон баш тартканда;
5) мамлекеттик алымдарды төлөгөн жактар юридикалык маанилүү иш-аракетти аткаруудан баш тартканда;
6) бойго жете элек балдары жок жубайлардын өз ара макулдугу боюнча никени бузууну каттоо үчүн мамлекеттик алымды киргизүүдө, эгерде жубайлардын элдешүүсүнө, же экөөнүн бири келбей калуусуна байланыштуу никени бузулбай калганда;
7) Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун жана Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун берүүдөн баш тартканда;
8) соттук актыны кайра карап чыгуу жөнүндө даттанууну канааттандырганда жана даттануу түшкөн соттук актыны жокко чыгарганда.
2. Коомдук же мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо үчүн прокурор тарабынан берилген доо арызын канааттандыруудан баш тартканда, мамлекеттик алым, мамлекеттик органдарды кошпогондо, доо арызы кимдин кызыкчылыгы үчүн берилсе, ошол адамдан алынат.
3. Казыналык ашыкча төлөнгөн мамлекеттик алымдын суммасын төлөөчүнүн эсебине төлөөчүнүн талабынын укуктуулугу жөнүндө чечимди алган күндөн баштап 10 календардык күндүн ичинде которуп берүүгө тийиш.
4. Сот тарабынан мамлекеттик алымды толук же жарым-жартылай кайтаруу үчүн негиз болуп эсептелген жагдайлар соттук актыда көрсөтүлөт.
Мамлекеттик алымдарды кайтарып берүүнү казыналык органдар аны бюджетке кириштөө жери боюнча, соттун аныктамасынын негизинде, алым бюджетке түшкөн күндөн бир жыл өткөнгө чейин арыз берилген шартта жүргүзөт.
5. Мамлекеттик алым доогер өзүнүн доо талаптарын кыскарткан учурда кайтарылып берилбейт.
IV БӨЛҮМ САЛЫКТЫК ЭМЕС КИРЕШЕЛЕРДИ ТӨЛӨӨНҮ КОНТРОЛДОО ЖАНА ӨЗ УБАГЫНДА ТӨЛӨБӨГӨНДҮГҮ ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИК
8-глава. Салыктык эмес кирешелерди төлөө үчүн контролдоо тартиби Салыктык эмес кирешелерди төлөөнү контролдогон ыйгарым укуктуу органдар
28-берене. Отчетторду түзүүнүн жана тапшыруунун тартиби
1. Администраторлор салыктык эмес кирешелерди жыйнап, отчет түзүп жана аны башкы администраторго отчеттук айдан кийинки айдын 10уна чейин берет. Башкы администраторлор жыйынды отчет түзүшөт жана отчеттук айдан кийинки айдын 20сына чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.
2. Бюджеттик уюмдардын кызмат көрсөтүүсүнөн түшкөн кирешелер боюнча башкы администраторлор отчетту ыйгарым укуктуу органга отчеттук айдан кийинки айдын 20сына чейин берет.
3. Казыналык салыктык эмес киреше түшүү боюнча жыйынтык жүргүзүп, башкы администраторлор, администраторлор менен бардыгын салыштырып текшерет.
29-берене. Салыктык эмес кирешелерди жыйноону контролдоо формалары
1. Салыктык эмес кирешелердин төлөнүшү төмөнкүдөй формаларда контролдонот:
- салыктык эмес кирешелердин тиешелүү бюджетке түшүүсүн эсептөө же аларды Бирдиктүү казыналык эсепке киргизүү;
- салыктык эмес кирешелерди бюджетке эсептөө жана төлөөнүн өз учурунда жана толук жүргүзүлгөндүгүн текшерүү.
2. Эгер ушул беренеде башкасы каралбаса, салыктык эмес кирешелердин бюджетке түшүүсүн салыктык эмес кирешелердин администраторлору же башкы администраторлору эсептейт.
3. Калктуу пункттардын таштандыларын чыгаруу үчүн жыйым боюнча жана, жеке ишкердикте колдонулбаган турак жай курулмаларынын ээлери болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, жергиликтүү маанидеги инфраструктураны кармоого жана өнүктүрүүгө чегерүүлөр боюнча салык кызматынын органдары чегерүүлөрдү, түшүүлөрдүн эсебин жана ушул Кодекс менен каралган учурларда мажбурлап төлөтүп алууну ишке ашырышат.
4. Төлөөчү салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарды аткарып жатканын администраторлор текшерет.
5. Администраторлор салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарды аткарып жатканын башкы администраторлор текшерет.
6. Салыктык эмес кирешелердин башкы администратору жок администраторлор жана башкы администраторлор салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамды аткарып жатканын салык кызматынын органдары текшерет.
7. Калктуу пункттардын таштандыларын чыгаруу үчүн жыйым боюнча жана, жеке ишкердикте колдонулбаган турак жай курулмаларынын ээлери болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, жергиликтүү маанидеги инфраструктураны кармоого жана өнүктүрүүгө чегерүүлөр боюнча ушул Кодекстин милдеттерин жана талаптарын төлөөчү толук жана өз убагында аткарышын текшерүүнү салык кызматынын органдары салыктык текшерүүлөрдү дайындоо, өткөрүү жана бүткөрүү тартибин жана жол-жобосун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган ченемдерге ылайык ишке ашырат.
8. Салыктык эмес кирешелер боюнча башкы администраторду жана/же администраторду текшерүүчү салык кызматынын органынын кызмат адамы текшерүүнүн толуктугуна мааниге ээ болгон жагдайларды билүү максатында салыктык мыйзамдарда каралган ченемдерге ылайык изилдеп чыгууга укуктуу.
30-берене. Салык кызматынын органдары тарабынан башкы администраторлорду жана/же администраторлорду текшерүүнү пландоо
1. Салыктык эмес кирешелердин башкы администраторлорун жана/же администраторлорун салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамды аткарып жатканына пландуу текшерүү салык кызматынын органдарынын бири тарабынан текшерүү планына ылайык, акыркы текшерүү аяктаган күндөн 12 ай өткөндөн кийин бир жолудан ашык эмес жүргүзүлөт.
2. Салыктык эмес кирешелерди текшерүү планы учурдагы жылга ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан түзүлөт, текшерүүгө тийиштүү болгон администраторлордун жана/же башкы администраторлордун тизмесин камтыйт жана календардык жыл башталганга чейин 20 жумуш күндөн кечиктирбей ыйгарым укуктуу салык органынын жетекчиси тарабынан бекитилет.
Администраторлорду жана/же башкы администраторлорду текшерүүнүн планы кызматтык колдонуудагы документ болуп эсептелет жана жарыяланбайт.
3. Администратор жана/же башкы администратор ушул Кодексте каралган ченемдерди бузуу фактылары тууралуу кабар берген документ аркылуу такталган маалыматтар болгон учурда, алар мурда текшерилген болсо да, пландан тышкары текшерүүнүн же кайра текшерүүнүн алкагында ушул Кодекс менен белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин текшерилиши мүмкүн.
31-берене. Администраторлордун жана/же башкы администраторлордун салыктык эмес кирешелерин салык кызматынын органдары тарабынан текшерүүнүн жана аяктоонун мезгили, мөөнөтү
1. Салыктык эмес кирешелерди пландуу текшерүү мезгили пландуу текшерүүнүн башталышына салыктык эмес кирешелерди төлөө же/жана отчет берүү мөөнөтү өтүп кеткен мезгилди, ошондой эле учурдагы жылдын башына карата мурунку 3 календардык жылдан ашпаган мезгилди камтыйт.
2. Салыктык эмес кирешелерди пландан тышкары текшерүү же кайра текшерүү доо арызынын мөөнөтү өткөнгө чейинки каалаган мезгилди камтып жүргүзүлүшү мүмкүн.
3. Берилген буйрукта көрсөтүлүүчү пландуу текшерүүнү өткөрүү мөөнөтү башкы администраторго жана/же администраторго буйрукту тапшырган күндөн кийин 30 календардык күндөн ашпоого тийиш.
4. Кыргыз Республикасынын ар кандай региондорунда салыктык эмес кирешелердин администраторлору карамагында болгон башкы администраторду пландуу текшерүүдө, мындай текшерүүнүн мөөнөтү ар бир администратор үчүн 30 календардык күндөн ашпайт.
5. Пландан тышкары текшерүү пландуу текшерүү үчүн белгиленген мөөнөттө жүргүзүлөт.
6. Салыктык эмес кирешелерди кайра текшерүү 15 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт.
Салыктык эмес кирешелер боюнча администраторлорду жана/же башкы администраторлорду текшерүү мөөнөтү, ошондой эле текшерүүнүн өзү төмөнкү учурларда токтотулат:
1) Салык кызматынын органынын документтерди берүү жөнүндө чечимин администраторго жана/же башкы администраторго тапшырган күндөн кийин башталган мезгилге жана текшерүүнү жүргүзүүдө суралуучу документтерди берүү күнүнө чейин, аларды берген күндү кошкондо;
2) салыктык эмес кирешелер боюнча текшерүүнүн катышуучуларынын жакын тууганы ооругандыгынын, каза болгондугунун себеби боюнча 15 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө;
3) ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыккан учурда.
Салыктык эмес кирешелер боюнча текшерүү мөөнөтү, ошондой эле текшерүүнүн өзү маалыматтарды берүү жөнүндө компетенттүү органдарга тийиштүү суроо-талапка жоопту жана алар боюнча маалыматтарды алуу үчүн зарыл болгон мезгил ичинде, ошондой эле каршы текшерүүлөрдү, экспертизаларды жүргүзүү мезгилинде токтотулбайт.
Тийиштүү суроо-талапты ишке ашыруу, экспертизаларды жүргүзүү, каршы текшерүүлөрдү белгилөө жана салыктык эмес кирешелер боюнча текшерүү күнү аяктаганга чейин алардын жыйынтыгын албаган учурларда текшерүү берилген суроо-талаптар, экспертизаларды жүргүзүү, каршы текшерүүлөрдү белгилөө жөнүндө жазууларды текшерүү актысында көрсөтүү менен аяктайт.
7. Салыктык эмес кирешелердин башкы администраторлорун жана/же башкы администраторлорун текшерүүгө буйруктун формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.
8. Салыктык эмес кирешелердин башкы администраторлорун жана/же башкы администраторлорун текшерүү аяктаганда салык кызматынын органынын кызмат адамы акт түзөт.
9. Салыктык эмес кирешелердин администраторлорун жана/же башкы администраторлорун текшерүү актысы эки нускадан кем эмес түзүлөт жана текшерүүнү жүргүзгөн салык кызматынын органынын кызмат адамы жана текшерилүүчү уюмдун жетекчиси тарабынан кол коюлат. Аталган адамдар актыга кол коюудан баш тартса, актыда бул жөнүндө тийиштүү белги калтырылат.
10. Салыктык эмес кирешелерди текшерүү актысынын бир нускасы администраторго жана/же башкы администраторго берилет. Салыктык эмес кирешелерди текшерүү актысын алгандан кийин администратор жана/же башкы администратор аны алгандыгы жөнүндө белги коюуга милдеттүү.
11. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен макул болбогон администратор жана/же башкы администратор актыны алгандан кийин 5 жумуш күндөн кечикпей текшерүү актысы боюнча жазуу жүзүндөгү түшүндүрмө же каршы пикирин берүүгө укуктуу.
32-берене. Салык кызматынын органдары тарабынан салыктык эмес кирешелер боюнча администраторлорду жана/же башкы администраторлорду текшерүүнүн материалдарын кароо
1. Салыктык эмес кирешелер боюнча администраторлорду жана башкы администраторлорду текшерүү материалдары, эгерде алар текшерүүнүн актысы боюнча жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөнү же каршы пикирлерин бербесе, салык кызматынын органдарынын жетекчиси же жетекчисинин орун басары тарабынан салыктык эмес кирешелер боюнча администраторго жана/же башкы администраторго текшерүү актысын тапшыруу күнүнөн кийинки 10 жумуш күндөн кечиктирбей каралат.
Ушул бөлүмдө белгиленген мөөнөттө администратор жана/же башкы администратор тарабынан текшерүүнүн актысы боюнча жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөр же каршы пикирлер берилген учурда текшерүүнүн материалдары администратордун жана/же башкы администратордун же алардын өкүлүнүн катышуусунда каралат.
Мында текшерүүнүн материалдарын кароо мөөнөтү салык кызматынын органы администратордон жана/же башкы администратордон текшерүүнүн актысы боюнча жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрүн же каршы пикирлерин алган күндөн кийинки 10 жумуш күндөн кечиктирбей белгиленет.
2. Салыктык эмес кирешелер боюнча администраторлорду жана башкы администраторлорду текшерүү материалдарын салык кызматынын органдары тарабынан кароонун тартиби жана кароонун жыйынтыгы боюнча тийиштүү чечимди чыгаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
3. Салыктык эмес кирешелер боюнча администратордун жана башкы администратордун жетекчиси аныкталган укук бузуулар боюнча административдик жоопкерчиликке тартылууга тийиш, бул администратор жана/же башкы администратор катталган жердеги салык кызматынын органдарынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзөт жана административдик жоопкерчилик тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик жоопкерчилик тууралуу токтомдун формасында администратордун жана башкы администратордун жетекчисин административдик жоопкерчиликке тартуу чечимин чыгарат.
4. Салыктык эмес кирешелер боюнча администраторду жана/же башкы администраторду текшерүү материалдарын кароонун жыйынтыгы боюнча салык кызматынын органынын чечиминин формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
33-берене. Администраторлордун тизмеги
Администраторлордун тизмеги жана алардын салыктык эмес кирешелерди төлөөнү камсыздоо бөлүгүндө салык кызматынын органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
34-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүдөн түшүүлөрдүн түзүлүүсүн жана колдонулушун контролдоо
1. Бюджеттик уюмдардын негизги ишине аудит жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдар мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөрдү түзүүнүн мыйзамдуулугун, ошондой эле бул каражаттар боюнча туура эсеп жүргүзүүнү жана отчет түзүүнү текшеришет.
Текшерүүнүн жүрүшүндө казыналык тарабынан ачылган эсептерге киргизбей каражаттарды колдонуу фактылары аныкталганда, актыда тийиштүү бюджетке төлөтүп алууга тийиш болгон суммалар чагылдырылат.
2. Мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүдөн түшүүлөрдүн колдонулушун текшерүүдө текшерүү актысында милдеттүү түрдө жыл жыйынтыгы боюнча аталган каражаттарды алуу фактылары, максатсыз пайдалануу, ошондой эле каражаттардын казыналык тарабынан ачылган эсептерге киргизбей колдонулушу чагылдырылат.
3. Мыйзамды бузуу менен алынган жана колдонулган мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүдөн көргөн түшүүлөр тийиштүү бюджеттерге төлөтүп алынууга тийиш.
35-берене. Административдик айып пулдарды төлөтүп алууну контролдоо
1. Административдик айып пулдарды төлөтүп алууну административдик укук бузууларды процессуалдык тариздөөгө ыйгарым укуктуу органдар контролдойт.
2. Ыйгарым укуктуу органдар тарабынан салган административдик айып пулдарды төлөтүп алууну салык кызматынын органдары контролдойт.
36-берене. Мамлекеттик алымды төлөтүп алууну контролдоо
Мамлекеттик алымды төлөтүп алуучу жеке жана юридикалык жактардын иш-аракеттерин салык кызматынын органдары контролдойт.
9-глава. Салыктык эмес кирешелерди төлөөнү камсыздоо чаралары. Салыктык эмес кирешелерди төлөбөгөндүгү же өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жоопкерчилик
37-берене. Салыктык эмес кирешелерди өз убагында төлөбөгөнү үчүн туум
1. Төлөөчү салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарбаган же кечиктирип аткарган учурда төлөөгө тийиш болгон акчалай сумма туум деп аталат.
2. Туумдардын суммасы салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенмелерди мажбурлап аткаруу чараларын, ошондой эле салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтин башка чараларын колдонууга карабай эсептелет жана төлөнөт.
3. Милдеттенмени аткаруу үчүн ушул Кодексте белгиленген күндөн кийинки күндөн баштап салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенмени аткаруу күнүн кечиктирген ар бир календардык күн үчүн туум кошулат.
4. Кошулган туумдун жалпы суммасы салыктык эмес кирешенин төлөнбөгөн суммасынын 100 пайыз өлчөмүнөн ашык болбойт.
5. Ар бир кечиктирилген күн үчүн туум төлөөчүнүн карызынын өндүрүлбөй калган суммасынан пайыздар менен аныкталат.
6. Туумдун суммасы өндүрүлбөй кечиктирилген ар бир күн үчүн 0,09 пайызга барабар өлчөмдө кошулат.
7. Туум төмөнкү учурда кошулбайт:
1) кошулган туумдун суммасына;
2) банкрот деп таанылган төлөөчүнүн өндүрүлбөй калган суммасына - аны банкрот деп жарыялаган же тааныган чечим күчүнө кирген учурдан баштап;
3) дайынсыз жоголгон деп таанылган жеке адамдын өндүрүлбөй калган суммасына - соттун бул чечими күчүнө кирген учурдан баштап чечим жокко чыгарылганга чейин;
4) мажбурлап жоюлуп жаткан банктын төлөөчү-кредиторунун өндүрүлбөй калган суммасына кошулбайт, эгерде кызмат көрсөтүүчү банк өндүрүлбөй калуулардын себебинен жоюлган болсо - банкты мажбурлап жоюу жөнүндө чечим күчүнө кирген учурдан баштап;
5) ал жеткис күчтүн натыйжасында пайда болгон өндүрүлбөй калган суммага.
V БӨЛҮМ САЛЫКТЫК ЭМЕС КИРЕШЕНИН АДМИНИСТРАТОРУНУН ЖАНА БАШКЫ АДМИНИСТРАТОРУНУН АРАКЕТИНЕ ЖЕ АРАКЕТСИЗДИГИНЕ ДАТТАНУУ
10-глава. Салыктык эмес кирешенин администраторунун же башкы администраторунун аракетине же аракетсиздигине даттануу тартиби
38-берене. Салыктык эмес кирешенин администраторунун же башкы администраторунун чечимине даттанууну караган органдар
1. Салыктык эмес кирешенин төлөөчүсүнүн, администраторунун, башкы администраторунун текшерген органдын салыктык эмес кирешени эсептөө жана төлөтүп алуу жөнүндө чечимдеринин үстүнөн даттануулары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каралат.
2. Администратор тарабынан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатсыз, толук эмес же кечигип аткарылганы жөнүндө даттанууларды төлөөчүлөр башкы администраторго беришет.
39-берене. Салыктык эмес кирешенин төлөөчүсү тарабынан даттануу берүүнүн мөөнөтү жана тартиби
1. Салыктык эмес кирешенин төлөөчүсүнүн администратордун же башкы администратордун салыктык эмес кирешени эсептөө жана төлөтүү жөнүндө чечими боюнча даттануусу ыйгарым укуктуу органга, бул чечим төлөөчүгө тапшырылган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде берилет.
2. Ишкердик жүргүзүүдө пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээси болгон жеке адамдардан башка төлөөчүлөрдүн калктуу пункттардын таштандыларын чыгаруу үчүн жыйым алуу жана жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүү жана камсыздоого чегерүүлөрдү эсептөө жөнүндө чечими боюнча салык кызматы органына даттануусу ыйгарым укуктуу салык органына берилет жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген тартипте каралат.
3. Даттануунун көчүрмөсү салыктык эмес кирешенин администраторуна, башкы администраторуна же чечиминин үстүнөн даттанылып жаткан салык кызматы органына берилүүгө тийиш.
4. Ушул бөлүмдүн жоболорун бузуу менен берилген даттануу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан себебин көрсөтүү менен арыз ээсине кайтарылып берилет.
5. Даттанууну кайтарып берүүнүн себептерин жойгондон кийин, төлөөчү кайтарылып берилген даттанууну алган күндөн кийин 10 календарлык күндүн ичинде даттанууну кайрадан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, же ыйгарым укуктуу салык органына берүүгө укуктуу.
40-берене. Салыктык эмес кирешени төлөөчүнүн даттануусунун формасы жана мазмуну
1. Салыктык эмес кирешенин төлөөчүсү даттанууну жазуу жүзүндө берет.
2. Даттанууда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
1) даттануу берилген күн;
2) даттануу берилген органдын аталышы;
3) даттануу берген адамдын толук аты-жөнү, жашаган жери (турган жери);
4) төлөөчүнүн идентификациялык салыктык номери;
5) чечиминин үстүнөн даттанылып жаткан органдын аталышы;
6) даттануу берген төлөөчү өзүнүн талаптарын жана далилдерин негиздеген кырдаал;
7) тиркелген документтердин тизмеси.
3. Даттанууда талашты чечүү үчүн маанилүү болгон башка маалыматтарды да көрсөтүүгө болот.
4. Даттанууга төлөөчү кол коёт.
5. Даттанууга төлөөчү өзү жана башка органдар тарабынан анын талаптарын негиздеген кырдаалдарды тастыктаган документтер тиркелет.
11-глава. Даттанууну кароо тартиби жана даттануу берүүнүн натыйжасы
41-берене. Салыктык эмес кирешени төлөөчүнүн даттануусун кароо тартиби
1. Төлөөчүгө даттануунун жөн-жайы боюнча чечим мындай даттанууну алган күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен жиберилет.
Даттанууну кароо мөөнөтү даттануу келип түшкөн органда катталгандан күндөн кийинки күндөн башталат жана төлөөчүгө чечим жиберилген күнү аяктайт.
2. Эгерде даттанууну кароо учурунда төлөөчүдөн биринчи жиберген даттанууга кошумчалар келип түшсө, анда негизги жана кошумча даттанууларды кароо мөөнөтү кошумча келип түшкөн күндүн эртесинен башталат.
Салыктык эмес киреше жөнүндө мыйзамдын жоболорун колдонуу тартибин түшүндүрүү үчүн ыйгарым укуктуу органдарга суроо-талап жиберилген учурда даттанууну кароо мөөнөтү токтотулуп турат.
Төлөөчүгө даттануу боюнча акыркы чечим ыйгарым укуктуу органдан түшүндүрмө алынгандан кийин чыгарылары жөнүндө утурумдук чечим жиберилет.
3. Даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдердин бири кабыл алынат:
1) төлөөчүнүн даттануусу канааттандырылат;
2) төлөөчүнүн даттануусу жарым-жартылай канааттандырылат;
3) төлөөчүнүн даттануусу канааттандырылбайт.
Ушул бөлүктүн 1 жана 2-пункттарына ылайык кабыл алынган чечимди администратор жана башкы администратор аткарууга милдеттүү.
4. Даттанууну кароо жөнүндө чечим төлөөчүгө, ошондой эле чечиминин үстүнөн даттануу түшкөн администраторго же башкы администраторго жиберилет.
5. Чечим тапшырылды деп эсептелет, эгерде:
а) төлөөчү Кыргыз Республикасында экономикалык ишти жүргүзүп жаткан акыркы дарекке же акыркы катталган дарегине жеткирилет, же төлөөчүнүн өкүлүнө кол койдуруп, же аны алгандыгын жана алган күнүн тастыктаган башка ыкма аркылуу берилет;
б) төлөөчүгө же анын өкүлүнө салык кызматынын өкүлү же администратору, башкы администратору тарабынан кол койдуруп тапшырылат.
6. Чечим почта аркылуу заказ кат менен жиберилген учурда, чечим заказдык катты алган күнү, же алуудан баш тарткан учурда, катты тапшыруу жөнүндө квитанцияда көрсөтүлгөн күнү берилди деп эсептелет.
7. Эгерде ушул Кодексте көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса, чечим жана анын мазмуну жөнүндө төлөөчүгө белгилүү болсо да чечим жарактуу же күчүндө деп эсептелбейт. Чечимдин төлөөчүгө талаптагыдай тапшырылгандыгы жөнүндө фактыны далилдөө маселеси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын иши болот.
8. Эгер даттануудагы маселе мурда жиберилген даттанууларга байланыштуу болсо жана ал боюнча чечимдер арыз ээсине бир нече жолу жөнөтүлгөн болсо жана даттанууда жаңы далилдер жана кырдаалдар көрсөтүлбөсө, даттанууну караган орган кезектеги даттануу негизсиз экендиги жөнүндө чечим кабыл алууга жана аталган даттануу жана мурда келген даттануулар бир эле органга жиберилген шартта, бул маселе боюнча төлөөчү менен кат алышууну токтотууга укуктуу. Мындай чечим жөнүндө төлөөчү жазуу жүзүндө кабарланат.
9. Берилген даттануу боюнча чечимге макул болбогон төлөөчү бул чечимдин үстүнөн соттук тартипте даттанууга укуктуу.
42-берене. Төлөөчүнүн даттануусу боюнча чечимдин мазмуну
Даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча чечимде төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
1) чечим кабыл алынган күн жана орду;
2) даттанууну караган органдын аталышы;
3) төлөөчүнүн толук аты-жөнү же аталышы, арыз ээсинин дареги;
4) төлөөчүнүн идентификациялык салыктык номери;
5) ишине даттануу түшкөн органдын аталышы;
6) даттанылган чечимдин реквизиттери жана кыскача мазмуну;
7) даттануунун мазмуну;
8) чечимдин негизин түзгөн фактылардын жана себептердин баяндамасы;
9) ушул Кодекстин ченемдерине, мыйзамга же ченемдик укуктук актыга шилтеме жасоо;
10) кабыл алынган чечим;
11) чечимине даттануу түшкөн органга тийиштүү тапшырма.
43-берене. Даттануу берүүнүн натыйжасы
1. Эгер, салыктык эмес кирешелерди эсептөөнү жүргүзгөн органдын чечимине даттануу түшсө, анда ушул Кодексте белгиленген тартипте төлөөчү тарабынан даттануу берүү, даттануу түшкөн чечимди аткарууну токтотот.
2. Чечимди аткаруу даттануу берилген күндөн баштап даттанууну кароо жөнүндө чечим төлөөчүгө берилгенге чейин токтотулат.
3. Төлөөчүнүн даттануусу толук же жарым-жартылай канааттандырылган учурда, даттанууну караган органдын чечимине тийиштүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет.
ӨЗГӨЧӨ БӨЛҮК
VI БӨЛҮМ ЖЫЙЫМДАР
12-глава. Мамлекеттик каттоо үчүн жыйымдар
44-берене. Төлөөчү
Жыйымдын төлөөчүсү болуп юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана юридикалык жак, филиал, (өкүлчүлүк) катары ишин токтоткону боюнча каттоо жол-жобосунан өтүүчү адам эсептелет.
45-берене. Ставка
Юридикалык жактарды жана алардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн), чет өлкөлүк юридикалык жактардын өкүлчүлүктөрүн (филиалдарын) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулганын каттоо үчүн жыйымдардын ставкасынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
46-берене. Төлөөнүн тартиби
Юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) үчүн жыйым мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктү алганга чейин, ал эми иш токтотулганын каттоо учурунда - каттоочу органга документтерди берген учурга чейин төлөнөт.
47-берене. Жеңилдиктер
Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) үчүн жыйымды төлөөдөн бошотулат.
13-глава. Автомототранспорт каражаттарын жана атайын продукцияларды каттоо үчүн жыйым
48-берене. Төлөөчү
1. Автомототранспорт каражаттарын жеке менчигине каттатуучу жана атайын продукцияны алуучу жактар жыйымды төлөөчү болушат.
2. Атайын продукция болуп транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо белгиси, айдоочулук күбөлүк жана транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк эсептелет.
49-берене. Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби
Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
14-глава. Баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоо үчүн жыйым
50-берене. Төлөөчү
Төлөөчү болуп баалуу кагаздарды чыгарууну мамлекеттик каттоодон өткөрүүчү юридикалык жак эсептелет.
51-берене. Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби
Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
15-глава. Баалуу кагаздар менен болгон операцияларды жүргүзүү укугуна күбөлүк берүү үчүн жыйым
52-берене. Төлөөчү
Баалуу кагаздар жөнүндө мыйзамдарга ылайык баалуу кагаздар рыногунун профессионал катышуучусунун квалификациялык күбөлүгүн алууга талапкер жеке адам төлөөчү болуп эсептелет.
53-берене. Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби
Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
16-глава. Апостиль коюу үчүн жыйым
54-берене. Төлөөчү
1. Мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдарга апостиль коюу үчүн кайрылган жеке же юридикалык жактар төлөөчү болуп эсептелишет.
2. Апостиль - бул легализациялоонун ушундай формасын таануучу өлкөлөрдүн аймагында көрсөтүү үчүн документтердин мыйзамдуулугу жөнүндө маалыматтарды толтуруунун эл аралык стандартташтырылган формасы. "Апостиль" штампы документтердин түп нускасына да, ошондой эле нотариуста күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүнө да коюлат.
55-берене. Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби
1. Жыйымдын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
2. Жыйым апостиль коюлганга чейин төлөнөт.
17-глава. Транспорттук каражаттарды таразага тартуу, максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин ченөө үчүн жыйымдар жана транспорттук каражаттарды жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча атайын жана бөлүнбөс жүктөрү менен өткөрүү үчүн жыйымдар
56-берене. Төлөөчү
Төлөөчү болуп Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы жолдору аркылуу өтүүдө нормадан ашкан параметрдеги автотранспорттук каражаттардын жана жүктөрдүн ээлери эсептелишет.
57-берене. Төлөөнүн өлчөмү жана тартиби
Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
18-глава. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалар боюнча өтүү үчүн жыйым
58-берене. Төлөөчү
1. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалар аркылуу өтүүчү Кыргыз Республикасынын да, чет өлкөлөрдүн да транспорт каражаттарынын ээлери төлөөчү болушат.
2. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалар - автомобиль жолдорунун башка автомобиль жолдору, суулар, тоо кыркалары, аңдар менен кесилишкен жерлеринде, транспорттук каражаттардын жүрүшү үчүн тоскоолдук болгон жерлерде (көпүрөлөр, жолдогу өтмөктөр, өткөргүч түтүктөр, тоннелдер, эстакадалар жана башка ушул сыяктуу курулмалар) транспорт каражаттарынын жүрүшү үчүн арналган курулмалар.
3. Автомобиль жолдорундагы өтүү үчүн жыйым алынуучу жасалма курулмалардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
59-берене. Төлөөнүн өлчөмү жана тартиби
Автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалар аркылуу өтүү үчүн жыйымдардын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
60-берене. Автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалар аркылуу өтүү үчүн жыйымдардан бошотуу
Коммерциялык максаттагы эмес, жана негизги ишинен башка максаттарда пайдаланылбаган транспорт каражаттары автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалар аркылуу өтүү үчүн жыйымдардан бошотулат, алар:
- медициналык тез жардам;
- министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана бюджеттен каржылануучу администрациялык ведомстволорго, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына;
- Кыргызстандын азиздер жана дүлөйлөр коомуна, Кыргыз Республикасынын Кызыл Жарым ай улуттук коомуна тийиштүүлөр;
- тийиштүү документтер боюнча гуманитардык жардамдын жүктөрүн ташуучулар;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жашаган жери жана жер үлүшү жөнүндө маалыматты камтыган маалымкатын көрсөткөн учурда - түздөн-түз айыл чарба продукциясын өндүрүүчү өзү өстүргөн айыл чарба продукциясын ташуучулар;
- транспорт жана коммуникациялар жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол органдары;
- "Согуштун, Куралдуу күчтөрдүн жана ооруктун эмгекчилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинде саналгандардын, Социалисттик Эмгектин Баатырларынын, ошондой эле "Манас" орденинин үч даражасы менен сыйланган адамдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген I жана II топтогу адамдардын жана бала чагынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын транспорт каражаттары.
19-глава. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйым
61-берене. Төлөөчү
Кыргыз Республикасында жана чет мамлекетте катталган жүк ташуучу транспорт каражаттарынын жана автобустардын ээлери (пайдалануучулар) жыйымды төлөөчү болушат.
62-берене. Төлөөнүн өлчөмү жана тартиби
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйымды алуунун тартиби жана өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
63-берене. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйымдан бошотуу
1. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйымдарды алуудан Кыргыз Республикасында жана чет мамлекеттерде катталган жүк ташуучу төмөнкүдөй транспорт каражаттары жана автобустар бошотулат:
- табигый кырсыктардын жана башка өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюуга арналган, анын ичинде өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында жабыр тарткан адамдарга акысыз тартуу үчүн же ушул эле максатта коммерциялык эмес кайрымдуулук уюмдарына берүү үчүн арналган товарларды ташуучулар;
- чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, ошондой эле эл аралык уюмдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасында аккредатацияланган алардын филиалдарына/өкүлчүлүктөрүнө таандык болгондор;
- коргонууну жана мыйзамдык тартипти камсыздоо максатында пайдаланылгандар, өрттөн коргоо, медициналык тез жардам кызматтарынын иши үчүн атайын арналыштагы транспорт каражаттары, ошондой эле жолдорду жана жол инфраструктурасын пайдалануу жана техникалык тейлөө үчүн пайдаланылуучу транспорт каражаттары.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
20-глава. Автотранспортту токтотуу жана токтотуучу жай үчүн жыйым
64-берене. Төлөөчү
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары ушул максатта бөлүп берген же атайын жабдылган жерлерде автомашиналарды токтотууга жана коюуга жай берүү кызматын көрсөткөн юридикалык жана жеке жактар жыйымдарды төлөөчүлөр болуп эсептелет.
65-берене. Жыйымдарды киргизүүнүн тартиби
Автотранспорт каражатын токтотуу жана коюу үчүн жыйымдардын өлчөмү, аны тескөө жана төлөө тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын сунушу боюнча тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү өкүлдүк органы тарабынан токтотуучу же коюучу жайдын ордун, суткадагы убактысын жана узактыгын, транспорттун түрүн эске алуу менен аныкталат.
21-глава. Этиль спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча иш жүргүзгөндүгү үчүн жыйым
66-берене. Төлөөчү
Тийиштүү лицензия алып, этиль спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча иш жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактар төлөөчү болуп эсептелет.
67-берене. Жыйымды төлөө тартиби жана ставкалары
1. Этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча иш жүргүзгөндүгү үчүн жыйым белгиленген тартипте тийиштүү лицензияны алгандан кийин 30 календарлык күндүн ичинде төлөнөт.
2. Алкоголдуу продукцияны сатуучу субъекттер этиль спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча иш жүргүзгөндүгү үчүн жыйымды белгиленген тартипте тийиштүү лицензия алгандан кийин 30 календарлык күндүн ичинде, сатуучу жери боюнча төлөшөт.
3. Этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны сатуу ушул жыйымды төлөгөндөн кийин ишке ашырылат.
4. Төлөө тартиби жана жыйымдын ставкалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
22-глава. Жер казынасын пайдалануу укугуна конкурска жана/же аукционго катышуу үчүн жыйым
68-берене. Төлөөчү
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке ишкер катары катталган, жер казынасын пайдалануу укугуна ээ болуу үчүн конкурска жана/же аукционго катышууга өтүнмө берген ата мекендик жана чет өлкөлүк юридикалык жактар, ошондой эле ата мекендик жеке жактар, алардын ичинде чет өлкөлүк жеке жактар төлөөчү болуп эсептелишет.
69-берене. Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби
Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
23-глава. Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым
70-берене. Төлөөчү
Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгуу үчүн жыйымды төлөөчү болуп капиталдык жана/же убактылуу имараттын ээси эсептелет.
71-берене. Жыйымды төлөө тартиби
Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгуу үчүн жыйым жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдүк органынын ченемдик укуктук актысы менен күчүнө киргизилет.
72-берене. Жыйымдын ставкасы
Жыйымдын ставкасынын өлчөмү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын сунушу боюнча анын өкүлдүк органынын чечими менен жашаган бир адамга же курулманын бир чарчы метр аянтына карата бир эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдө белгиленет.
73-берене. Төлөөнүн тартиби
1. Жеке адамдар - ишкердик жүргүзүүгө багытталбаган турак жайлардын ээлери ар бир жашоочу үчүн жыйым төлөшөт.
2. Ишкердик жүргүзүүгө багытталган имараттардын ээлери, анын ичинде турак жай имаратын же анын бир бөлүгүн ижарага берүүчү жеке жана юридикалык жактар жыйымды бекитилген аянтты жана кызматкерлердин санын эсепке алган ставканын өлчөмүндө төлөшөт.
Мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган имарат үчүн акыны ошол мүлк бекитип берилген уюмдар, ишканалар жана мекемелер төлөшөт.
3. Жыйым жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдүк органы тарабынан белгиленген мөөнөттө тийиштүү жергиликтүү бюджетке төлөнөт.
24-глава. Проба үчүн жыйым
74-берене. Төлөөчү
1. Сатуу максатында үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдардан жана асыл таштардан буюмдарды жасоочу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүчү жеке же юридикалык жак төлөөчү болуп эсептелет.
2. Проба үчүн жыйым баалуу металлдардан жана асыл таштардан өзүбүздө жасалган, ошондой эле республикага сатуу үчүн алынып келген зергердик, тиричилик буюмдардын пробасын аныктоо, анализдөө жана тамга басуу, пробалык тамгаларды техникалык экспертизалоо, баалуу металлдардан жана асыл таштардан турган буюмдарды экспертизалоо жана башка лабораториялык жумуштар үчүн алынат.
75-берене. Төлөөнүн ставкасы жана тартиби
Пробалык жыйымдын ставкалары, төлөөнүн тартиби жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
25-глава. Жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым
76-берене. Төлөөчү
Конкурс же аукцион аркылуу жер казынасын пайдалануу укугун алышкан ата мекендик жана чет өлкөлүк юридикалык жактар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке ишкер катары катталган ата мекендик жеке адамдар жана чет өлкөлүк жеке адамдар төлөөчү болуп эсептелишет.
77-берене. Конкурстун жыйынтыгы боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйымдын өлчөмү
1. Конкурстун жеңүүчүсүнө пайдалуу казындынын кенин пайдалануу укугун берүүдө жыйымдын өлчөмү конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн жыйынтык баанын, бонустун суммасынын (жер казынасын пайдалануу укугуна салык) жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтын пакетинин наркынын ортосундагы айырма катары аныкталат.
2. Конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн старттык баа жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамына ылайык белгиленет.
78-берене. Аукциондун жыйынтыгы боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйымдын өлчөмү
1. Аукциондун жеңүүчүсүнө пайдалуу казындынын кенин пайдалануу укугун берүүдө жыйымдын өлчөмү тоорукта катышуучу тарабынан сунушталган эң жогорку баанын, бонустун суммасынын (жер казынасын пайдалануу укугуна салык) жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтын пакетинин наркынын айырмасы катары аныкталат.
2. Аукциондун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугуна старттык баа жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамына ылайык белгиленет.
79-берене. Төлөө мөөнөтү
1. Жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйымды төлөө мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аныкталат.
2. Жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйынтык сумманы бөлүштүрүү бонусту жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтын пакетинин наркын эсептен чыгарып салгандан кийин Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамына ылайык ишке ашырылат.
26-глава. Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн жыйым
80-берене. Төлөөчү
Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарына ылайык булгоочу заттарды чыгарган, агызган, калдыктарды жайгаштырган, айлана-чөйрөнү булгаган жана башка түрдөгү терс таасир тийгизген жеке жана юридикалык жактар төлөөчү болуп эсептелишет.
81-берене. Төлөөнүн өлчөмү жана тартиби
1. Жыйымдардын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
2. Зыяндуу заттарды чыгаруу, агызуу, калдыктарды жайгаштыруу үчүн жыйым жаратылышты коргоо иш-чараларына жумшалат.
27-глава. Өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсүнүн табигый объекттерин, козу карындарды жана мамлекеттик токой фондусун пайдалануу үчүн жыйым
82-берене. Төлөөчү
Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо жана токой мыйзамдарына ылайык жаратылыштагы өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин, козу карындарды жана мамлекеттик токой фондусун пайдалануучу жеке жана юридикалык жактар төлөөчү болуп эсептелишет.
83-берене. Төлөөнүн өлчөмү жана тартиби
1. Жыйымды төлөөнүн өлчөмү жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
2. Өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин, козу карындарды жана мамлекеттик токой фондун пайдалануу үчүн жыйым жаратылышты коргоо иш-чараларына же токойду эсепке алуу, коруу, сактоо, токой өстүрүү, токойлорду калыбына келтирүү жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу иш-чараларына жумшалат.
28-глава. Суу ресурстарын жана суу объекттерин пайдалануу үчүн жыйым
84-берене. Төлөөчү
Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарына ылайык төмөнкүдөй иштерди жүргүзүүчү жеке жана юридикалык жактар төлөөчү болуп эсептелишет, алар:
- белгиленген лимиттердин чегинде суу ресурстарын пайдалануу (айып чарба өндүрүшүнөн, токой чарбасынан, сугат үчүн пайдаланылган өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынан башкалар);
- суу ресурстарын лимиттен ашык жана рационалдуу эмес пайдалануу;
- суу чыгарууга, жеткирүүгө, бөлүштүрүүгө, сууларды тазалоого жана башка суу чарба иш-чаралары менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөр.
85-берене. Төлөөнүн өлчөмү, тартиби жана мөөнөтү
Суу ресурстарын жана суу объекттерин пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмү, төлөөнүн тартиби жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
29-глава. Жайыт жерлерди пайдалануу үчүн жыйым
86-берене. Төлөөчү
Төлөөчү болуп жайыт жерлерди пайдалануучу эсептелет.
87-берене. Төлөөнүн өлчөмү, тартиби жана мөөнөттөрү
Мамлекеттик токой фондунун жана өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын жайыттарынан башка жайыт жерлерди пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмү, төлөөнүн тартиби жана мөөнөттөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдүк органы тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык аныкталат.
30-глава. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйым
88-берене. Төлөөчү
Кыргыз Республикасынын аймагында пайдалуу казындыларды геологиялык издөө жана/же геологиялык чалгындоо жана/же иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугу үчүн лицензиясы бар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн юридикалык жак, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке ишкер катары катталган жеке адам, анын ичинде чет өлкөлүк жаран төлөөчү болуп эсептелет.
89-берене. Жыйымдын ставкасы жана төлөө тартиби
Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармагандык үчүн жыйымдын ставкасы жана эсептөөнүн, төлөөнүн, чогултуунун жана өндүрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
31-глава. Аскердик милдет менен байланыштуу жыйымдар
90-берене. Аскердик милдет менен байланыштуу жыйымдын түрлөрү
Аскердик милдетке байланыштуу төмөнкү жыйымдар алынат:
- альтернативдик кызмат өтөө үчүн;
- мобилизациялык резервдеги жыйындардан өтүү үчүн;
- аскердик кызматка чакыруудан бошотулгандыгы үчүн.
91-берене. Төлөөчүлөр
Кыргыз Республикасынын аскердик милдет жөнүндө мыйзамдарына ылайык альтернативдик кызматты өтөөгө чакырылган жеке адамдар альтернативдик кызмат өтөө үчүн жыйымды төлөөчүлөр болушат.
Кыргыз Республикасынын аскердик милдет жөнүндө мыйзамдарына ылайык мобилизациялык резервдеги жыйындарга чакырылган жеке адамдар мобилизациялык резервдеги жыйындардан өтүү үчүн жыйым төлөөчү болушат.
Кыргыз Республикасынын аскердик милдет жөнүндө мыйзамдарына ылайык аскердик кызматка чакыруудан бошотулган жана экинчи категориядагы запаска алынган жарандар аскердик кызматка чакыруудан бошотулгандыгы үчүн жыйымды төлөөчү болушат.
92-берене. Жыйымдын өлчөмү
Альтернативдик кызмат өтөө үчүн альтернативдик кызмат өтөөчүлөр тарабынан 180 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө акча төгүү каралат.
Мобилизациялык резервдеги жыйындардан өтүү үчүн жарандардын 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө акча төгүүсү каралат.
Экинчи категориядагы запаска алуу менен аскердик кызматка чакыруудан бошотуу үчүн 250 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө акча төгүү каралат.
93-берене. Төлөөнүн тартиби жана мөөнөтү
Альтернативдик кызмат өтөө, мобилизациялык резервдеги жыйындардан өтүү, аскердик кызматка чакыруудан бошотулгандыгы үчүн акы төлөө тартиби жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
32-глава. Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия алуу үчүн тооруктун (аукциондун, конкурстун) жыйынтыгы боюнча алынган радиожыштык спектрин пайдалануу, нумерациянын бөлүнгөн ресурсу үчүн жыйымдар
94-берене. Төлөөчү
Төлөөчү болуп тоорукта (аукциондо, конкурста) жеңүүчү болуп таанылган, радиожыштык спектрин пайдалануу укугуна жана/же радиоэлектрондук каражаттарды эксплуатациялоо укугуна жыштыкты алууга уруксаты бар жак, нумерация ресурсу бөлүнүп берилген жак эсептелет.
95-берене. Төлөөнүн өлчөмү жана тартиби
Тооруктун (аукциондун, конкурстун) жыйынтыгында алынган радиожыштык спектрин пайдалануу жана бөлүп берилген нумерация ресурсу үчүн жыйымды төлөөнүн өлчөмү жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
VII БӨЛҮМ МЕНЧИКТЕН ТҮШҮҮЧҮ КИРЕШЕЛЕР
33-глава. Мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү ижарага берүүнүн ижара акысы
96-берене. Төлөөчү
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо органдарынан башка, мамлекеттик же муниципалдык мүлккө ээлик кылуу же пайдалануу укугу бар субъект төлөөчү болуп эсептелет.
97-берене. Ижара акысынын өлчөмү
Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү үчүн ижара акысынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тартипте белгиленет. Муниципалдык мүлктү ижарага берүү үчүн ижара акысынын өлчөмү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдүк органдары аныктоочу тартипте белгиленет.
98-берене. Төлөөнүн тартиби
1. Мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү ижарага берүүдө ижара акысын ижарачылар мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү ижарага берүү жөнүндө мыйзамдын талаптарына ылайык түзүлгөн ижара келишиминде каралган тартипте жана шарттарда төлөйт.
2. Мамлекеттик менчик формасындагы мамлекеттик органдар жана мекемелер мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдө ижара акысы толугу менен республикалык бюджетке кириштелет жана андан кийин 70 пайызы ижарага берилүүчү мүлктү күтүүгө жана оңдоого, ошондой эле материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө жумшалат.
Мамлекеттик ишканалар мамлекеттик мүлктү ижарага бергенде ижара акысынын 30 пайыз өлчөмү республикалык бюджеттин кирешесине төлөнөт, 70 пайызы ижарага берилүүчү мүлктү күтүүгө жана оңдоого, ошондой эле мамлекеттик ишканалардын ишин финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоого пайдаланылат.
Административдик-аймактык түзүлүштөрдүн муниципалдык менчигине таандык мүлктү ижарага бергенде ижара акысы тийиштүү бюджеттерге төгүлөт.
28-глава. Жерлерди ижарага берүү үчүн акы
99-берене. Төлөөчү
Мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган жер участогун ижарага алуучу жак төлөөчү болуп эсептелет.
100-берене. Жерлерди ижарага берүү үчүн акынын өлчөмү
Мамлекеттин менчигинде турган жер участогун пайдалануу үчүн ижара акысынын өлчөмүн аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жер мыйзамдарына ылайык белгиленет.
Муниципалдык менчикте турган жер участогун пайдалануу үчүн ижара акысынын өлчөмүн аныктоо тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдүк органы тарабынан жер мыйзамдарына ылайык белгиленет.
101-берене. Төлөөнүн тартиби жана мөөнөттөрү
Ижара акысы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлүүчү ижара келишиминде белгиленген мөөнөттө төлөнөт.
Ижара акысын ижарачылар бюджетке төлөшөт же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн ижара келишиминин шарттарында каралган учурларда башка үчүнчү жактар тарабынан төлөнүшү мүмкүн.
35-глава. Бюджеттик уюмдардын мүлкүн сатуудан түшкөн кирешелер
102-берене. Төлөөчү
Республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржыланган уюм төлөөчү болуп эсептелет.
103-берене. Мүлктү баалоо жана сатуу тартиби
Мүлктү баалоо жана сатуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталат.
36-глава. Конфискацияланган, ээси жок жана ээсиз калган мүлктү сатуудан түшкөн кирешелер
104-берене. Төлөөчү
Конфискацияланган, ээси жок жана ээсиз калган мүлктү саткан субъект төлөөчү болуп эсептелет.
105-берене. Эсепке алуу тартиби
Конфискацияланган, ээси жок жана ээсиз калган мүлктү эсепке алуу, баалоо жана сатуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
37-глава. Мамлекетке же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына таандык чарбалык коомдордун уставдык капиталдарындагы акцияларга (үлүшкө) дивиденддер
106-берене. Төлөөчү
1. Мамлекетке же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына тийиштүү болгон акциялардын (үлүштүн) дивиденддерин төлөөчү болуп, уставдык капиталында мамлекеттин же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун катышуусу бар чарбалык коом эсептелет.
2. Мамлекетке же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына тийиштүү болгон акцияларга (үлүштөргө) дивиденддер - бул таза пайдадан салыкты кармагандан кийин чарбалык коомдо калган, мамлекет же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы өзүнө таандык акциялардан (үлүштөн) киреше катары алуучу бөлүгү.
107-берене. Төлөөнүн өлчөмү жана тартиби
Дивиденддерди төлөөнүн өлчөмү жана тартиби Кыргыз Республикасынын чарбалык шериктештиктер жана акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдары менен белгиленет.
38-глава. Мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү менчиктештирүүдөн түшкөн кирешелер
108-берене. Төлөөчү
Мамлекеттик же муниципалдык мүлктү алуучу жак төлөөчү болуп эсептелет.
109-берене. Төлөөнүн өлчөмү жана тартиби
Менчиктештирүүчү мүлктүн наркы жана аны төлөөнүн тартиби мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү менчиктештирүү маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
VIII БӨЛҮМ АЙЫПТАР, ЗЫЯНДЫН ОРДУН ТОЛТУРУУ
39-глава. Мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү уурдоого жана кем чыккандыгына күнөөлүү жактардан өндүрүлүп алынуучу суммалар
110-берене. Төлөөчү
Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими менен мамлекеттик же муниципалдык мүлктү уурдоого жана кем чыккандыгына күнөөлүү деп таанылган жак төлөөчү болуп эсептелет.
111-берене. Өндүрүп алынуучу сумманын өлчөмү
Өндүрүп алынуучу сумманын өлчөмү зыян келтирилген күнү ошол жердеги колдонулган баалар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
112-берене. Төлөөнүн тартиби
Мамлекеттик же муниципалдык менчик болуп саналган мүлктү уурдоого же кем чыккандыгына күнөөлүү жактардан кармалуучу сумма республикалык же жергиликтүү бюджеттин кирешесине төлөнөт.
40-глава. Жаныбарлар, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине, козу карындарга жана мамлекеттик токой фондуна келтирилген зыяндын орун толтуруу
113-берене. Төлөөчү
Жаныбарлар, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине, козу карындарга жана мамлекеттик токой фондуна зыян келтирген жак төлөөчү болот.
114-берене. Зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү жана тартиби
Зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
41-глава. Стандарттардан жана техникалык шарттардан четтөө менен даярдалган продукцияны чыгаргандык жана саткандык үчүн айыптар
115-берене. Төлөөчү
Айыптарды төлөөчү болуп ишкердик жүргүзүүдө продукцияны стандарттардан жана техникалык шарттардан четтөө менен даярдаган жана саткан юридикалык жактар жана жеке адамдар эсептелет.
116-берене. Айыптын өлчөмү жана төлөөнүн тартиби
Айыптардын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
42-глава. Монополияга каршы мыйзамдын жөнгө салуучу талаптарын бузгандыктын натыйжасында мамлекеттин пайдасына кайтарылган кирешелер
117-берене. Төлөөчү
Төлөөчү болуп монополияга каршы мыйзамдын талаптары колдонулуучу юридикалык жактар, ошондой эле тийиштүү рынокто үстөмдүк кылуучу абалды ээлеген жактар, атаандаштыкка каршы макулдашууларга жана/же макулдашылган иш-аракеттерге кирген субъекттер эсептелет.
118-берене. Төлөөнүн өлчөмү жана тартиби
1. Акчалай өндүрүп алуунун өлчөмү юридикалык жак, монополия субъекттери, тийиштүү рынокто үстөмдүк кылуучу абалга ээ субъекттер, бюджеттик мекемелер жана уюмдар, ошондой эле аткаруу бийлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан иштин түрлөрү боюнча (жумуш, товар жана кызмат көрсөтүү) монополияга каршы орган тарабынан белгиленген жөнгө салынуучу талаптардан четтөөнүн кесепетинен алынган кирешеден көз каранды.
2. Монополияга каршы мамлекеттик орган тарабынан мамлекеттин пайдасына акчалай өндүрүп алууларды төлөөнүн жана чегерүүнүн мөөнөтү, тартиби монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен белгиленет.
43-глава. Администрациялык айыптар
119-берене. Төлөөчү
Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мыйзам бузууга күнөөлүү деп таанылган юридикалык жана жеке жактар төлөөчү болуп эсептелет.
120-берене. Салынуучу айыптардын өлчөмү
Салынуучу администрациялык айыптардын өлчөмү администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.
121-берене. Төлөөнүн тартиби
Администрациялык айыптардын суммасы администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнөт.
IX БӨЛҮМ ЧЕГЕРҮҮЛӨР
44-глава. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасынан чегерүүлөр
122-берене. Төлөөчү
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төлөөчү болуп эсептелет.
123-берене. Чегерүүлөрдүн өлчөмү жана тартиби
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасынан чегерүүлөрдүн өлчөмү жана тартиби Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык аныкталат.
45-глава. Жергиликтүү маанидеги инфраструктураларды өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр
124-берене. Төлөөчү
1. Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдүн төлөөчүсү болуп пайдалуу кендерди (көмүрдү, сымапты, минералдык жана термалдык сууларды жана курулуш материалдары катары, анын ичинде курулуш материалдарын чыгарууда чийки зат катары колдонулуучу пайдалуу кендерди кошпогондо) катталган жерине карабастан иштетүүчү (казып алуучу) жана региондорду өнүктүрүү фонддоруна жана пайдалуу кен чыккан жер боюнча тиешелүү жергиликтүү бюджеттерге багыттоо үчүн республикалык бюджетке чегерүүлөрдү жүргүзүүчү жеке же юридикалык жак (мындан ары - төлөөчү) эсептелет.
2. Калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоого ыйгарым укуктуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистештирилген уюмдары калкка ичүүчү сууну сатуудан түшкөн каражаттар боюнча чегерүүлөрдүн төлөөчүлөрү болуп саналбайт.
3. Региондорду өнүктүрүү фонддору облустарды өнүктүрүү фонддору жана райондорду өнүктүрүү фонддору түрүндө түзүлөт. Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн жана алардын каражаттарын башкаруунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
125-берене. Ставка
Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр кыйыр салыктарды эсепке албаганда пайдалуу кендерди сатуудан түшкөн акчадан 2 пайыз өлчөмүндө төлөнөт.
126-берене. Төлөөнүн мөөнөтү
Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр региондорду өнүктүрүү фонддоруна жана пайдалуу кен чыккан жер боюнча тиешелүү жергиликтүү бюджеттерге отчеттук айдан кийинки айдын 20-числосуна чейин төлөнөт.
127-берене. Төлөөнүн тартиби
1. Эгер субъект казылып алынган пайдалуу кендерди кайра иштетсе жана алардан продукция өндүрсө, жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүү жана күтүү үчүн чегерүүлөр кыйыр чыгымдарды эсепке албастан аларды кайра иштетүү менен байланышкан чыгымдарды эсептен чыгаруу менен пайдалуу кендерди сатуудан түшкөн акчанын иш жүзүндөгү көлөмүнөн ишке ашырылат.
2. Эгер субъект пайдалуу кендерди өз алдынча иштетпестен, давалдык сырье катары башка субъектке иштетүү үчүн өткөрүп берсе, андан кийин алынган продукцияны сатса, кыйыр салыктарды эсепке албастан кайра иштетүү менен байланышкан чыгымдарды алып салуу менен кайра иштетилген продукцияны сатуудан түшкөн акча базалык салык салуу болуп саналат.
3. Эгер кен чыккан жер ар башка райондорго кирген эки же андан ашык айылдык аймактардын аймагында жайгашса, төлөөчү ар бир райондун салык органында эсептик каттоодон өтөт, чегерүү суммасы ошол же башка райондо жайгашкан ээленген аянтка пропорциялуу киргизилет.
4. Токой фондусунун жерлеринин же запас жерлердин аймагында жайгашкан пайдалуу кендерди сатуудан чегерилүүчү жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө багытталган каражаттар толук көлөмдө районду өнүктүрүү фондуна багытталат.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү тизмеге ылайык алтындын запасы 50 тоннадан ашыкты түзгөн жалпы мамлекеттик маанидеги кен чыккан жерлер боюнча чегерүүлөр төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
- 50 пайыз - облусту өнүктүрүү фондуна;
- 30 пайыз - районду өнүктүрүү фондуна;
- 20 пайыз - пайдалуу кен чыккан жер боюнча тиешелүү жергиликтүү бюджеттердин эсебине.
Алтындын запасы 50 тоннадан аз болгон кен чыккан жерлер боюнча чегерүүлөр төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
- 80 пайыз - районду өнүктүрүү фондуна;
- 20 пайыз - пайдалуу кен чыккан жер боюнча тиешелүү жергиликтүү бюджеттердин эсебине.
Алтындан башка пайдалуу кен чыккан жерлер боюнча:
- жалпы мамлекеттик маанидеги кен чыккан жерлердин тизмесине киргизилген жерлер боюнча чегерүүлөрдү эсепке киргизүү ушул берененин 5-бөлүгүнүн 1-4-абзацтарына ылайык жүргүзүлөт;
- жалпы мамлекеттик маанидеги кен чыккан жерлердин тизмесине кирбеген жерлер боюнча чегерүүлөрдү эсепке киргизүү ушул берененин 5-бөлүгүнүн 5-7-абзацтарына ылайык жүргүзүлөт.
6. Жергиликтүү маанидеги инфраструктураларды өнүктүрүүгө жана күтүүгө багытталган каражаттарды башка максаттарга пайдаланууга жол берилбейт.
46-глава. Байланыш тармагын өнүктүрүүгө чегерүүлөр
128-берене. Төлөөчү
Электрдик байланыш жана почталык байланыш кызматтарын көрсөтүүчүлөр чегерүүлөрдү төлөөчү болуп эсептелет.
129-берене. Төлөөнүн өлчөмү
Электрдик байланыш жана почталык байланыш кызматтарын көрсөтүүчүлөр байланыш тармагын өнүктүрүүгө чегерүүлөрдү электр жана почта байланыш кызматтарынан түшкөн каражаттан 0,9 пайыз өлчөмүндө төлөйт.
130-берене. Төлөөнүн тартиби жана мөөнөтү
1. Байланыш тармагын өнүктүрүүгө чегерүүлөр квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сына чейин төлөнөт.
2. Чегерүүлөр байланыш тармагын өнүктүрүүгө багытталат.
47-глава. Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын пайдасынан чегерүүлөр
131-берене. Төлөөчү
1. Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар пайдадан түшкөн чегерүүлөрдүн төлөөчүсү болуп эсептелишет.
2. Таза пайда - салыктарды, жыйымдарды, чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү бюджетке төлөгөндөн кийин ишканалардын карамагында калуучу, Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык эсептелүүчү пайданын бөлүгү.
132-берене. Чегерүүлөрдүн өлчөмү, төлөөнүн тартиби жана мөөнөтү
1. Жылдык финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар таза пайдадан чегеришет.
2. Мамлекеттик ишканалардан чегерүүлөрдүн өлчөмүн аныктоонун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
3. Муниципалдык ишканалардан чегерүүлөрдүн өлчөмүн аныктоонун тартибин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы аныктайт.
4. Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын пайдасынан чегерүүлөр отчеттук финансылык жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейин төлөнүүгө тийиш.
X БӨЛҮМ МАМЛЕКЕТТИК АЛЫМ
48-глава. Мамлекеттик алымдарды төлөөнүн түрлөрү жана тартиби
133-берене. Мамлекеттик алымды төлөөчү
1. Мамлекеттик алым - тиешелүү мамлекеттик органдар - соттор, мамлекеттик нотариустар жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле жеке нотариустар белгилүү бир иштерди аткарууда жана юридикалык мааниси бар документтерди берүүдө алар тарабынан алынуучу акча жыйымы.
2. Жеке жана юридикалык жактар мамлекеттик алым төлөөчүлөр болуп эсептелет.
134-берене. Мамлекеттик алымдын түрлөрү
Мамлекеттик алым жөнөкөй жана пропорционалдуу болуп бөлүнөт.
Жөнөкөй мамлекеттик алым белгиленген суммада алынат.
Пропорционалдуу мамлекеттик алым тиешелүү суммага карата пайыздык катышта алынат.
135-берене. Мамлекеттик алым алуу объекттери
Мамлекеттик алым төмөнкүлөрдөн алынат:
1) сотко берилүүчү:
- доо арызынан;
- соттук буйрукту берүү жөнүндө арыздан;
- өзгөчө өндүрүш иштери боюнча арыздан;
- банкрот болууну (кудуретсиздикти) таануу жөнүндө арыздан;
- сот аткаруучусунун токтомун, аракетин (аракетсиздигин) талашуу тууралуу арыздан;
- апелляциялык даттануулардан;
- кассациялык даттануулардан;
- бейтарап соттун, эл аралык жана чет өлкөлүк бейтарап соттун (арбитраждын) чечимин мажбурлап аткарууга аткаруу барагын берүү жөнүндө арыздан;
- бейтарап соттун, эл аралык жана чет өлкөлүк бейтарап соттун (арбитраждын) чечимин мажбурлап аткарууга аткаруу барагын берүү жөнүндө соттук аныктоого аппеляциялык жана кассациялык даттануудан;
- эгерде эл аралык келишимде башкасы каралбаган болсо, чет өлкөлүк соттордун чечимин мажбурлап аткарууга аткаруу барагын берүү жөнүндө арыздан;
- эгерде эл аралык келишимде башкасы каралбаган болсо, чет өлкөлүк соттун чечимин мажбурлап аткарууга аткаруу барагын берүү жөнүндө соттук аныктоого аппеляциялык жана кассациялык даттануудан;
2) Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелерин кошпогондо нотариалдык конторалардын жана ага ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын нотариалдык иштерди аткаргандыгы, ошондой эле нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн (дубликаттарын) бергендиги үчүн;
3) Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери тарабынан катталуучу жарандык абалдын актыларынын жазууларынан тышкары жарандык абалды каттоо жөнүндө кайрадан күбөлүктөрдү жана жарандык абалдын актылары боюнча жазуулардын өзгөрүшүнө, толукталышына, оңдолушуна жана калыбына келтирилишине байланыштуу жарандарга күбөлүктөрдү бергендиги үчүн;
4) паспорт же аларды алмаштыруучу документтер боюнча чет өлкөлүк жарандарды каттоо жана каттоо мөөнөттөрүн узартуу үчүн; жашап турууга укук берүү же аны узартуу үчүн; чет өлкөлүк жарандардын документтерин кароо жана аларга Кыргыз Республикасында иштегенге уруксат берүү үчүн; Кыргыз Республикасынын жарандарынын документтерин кароо жана алардын Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ишке орношуу укугуна уруксат берүү үчүн; Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө документтерди кароо үчүн;
5) Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринен алынуучу жалпы жарандык паспортунан (2006-жылдагы үлгүдө) тышкары Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүү үчүн;
6) аукциондорду өткөрүү үчүн; аукциондордо жасалуучу бүтүм үчүн; мамлекеттик ишканалардын мүлкүн сатып алуу үчүн;
7) мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш болгон жана нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган жер участокторуна болгон укуктарга карата жасалуучу бүтүмдөр үчүн;
8) лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүү, кайра тариздөө жана лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын берүү үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттин лицензиары тарабынан берилген лицензияны өз ара таануу тартибинде жана бир тараптуу тартипте таануу жол-жобосу үчүн;
9) жашаган жери боюнча жарандарды каттоо үчүн;
10) башка иш-аракеттер жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизме боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталуучу, юридикалык мааниси бар документтерди берүү үчүн.
136-берене. Мамлекеттик алымдын ставкалары
Мамлекеттик алымдын ставкаларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
137-берене. Мамлекеттик алымды төлөөнүн тартиби
1. Мамлекеттик алым банктарга (филиалдарга) жана башка финансылык-кредиттик мекемелерге Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында накталай акча менен же болбосо банктагы төлөөчүнүн эсебинен которуу жолу менен төлөнөт. Мамлекеттик алым белгиленген формадагы квитанцияларды берүү аркылуу алынат.
Мамлекеттик алымдын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген эсептик көрсөткүчтүн эселик өлчөмүндө белгиленет.
2. Эгерде тараптардын бири мыйзам боюнча мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулса, аны экинчи тарап толугу менен төлөп берет.
3. Мамлекеттик алым ал салынуучу аракет ишке ашырылганга чейин же болбосо документтер берилгенге чейин төлөнөт. Сотко кайрылган учурда мамлекеттик алым доо арызын же башка арыздар менен даттанууларды берүүдө алынат.
49-глава. Мамлекеттик алымды төлөө боюнча жеңилдиктер
138-берене. Мамлекеттик алымды төлөө боюнча жеңилдиктер
1. Мамлекеттик алым алуудан төмөнкүлөр бошотулат:
1) доогерлер - эмгекке акы төлөө тартибинде эмгек акыны жана башка суммаларды өндүрүү жөнүндө доолор жана эмгектик укук мамилелеринен келип чыгуучу башка талаптар боюнча;
2) доогерлер - автордук укуктан, ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө автордук укуктардан, ошондой эле интеллектуалдык менчикке башка укуктардан келип чыгуучу доолор боюнча;
3) доогерлер - алименттерди өндүрүү жөнүндө доолор боюнча;
4) доогерлер - майып болуу же ден соолугуна башка жаракат алуу боюнча келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө, ошондой эле багуучусунун өлүмүнө байланыштуу доолор боюнча;
5) Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана анын органдары - жапа чеккендерге же анын үй-бүлө мүчөлөрүнө төлөнгөн жөлөкпулдар менен пенсиялардын суммасына зыян келтирүүчүдөн аны өндүрүү жөнүндө регрессивдүү доо боюнча; туура эмес төлөнгөн жөлөкпулдар менен пенсияларды өндүрүү жөнүндө доолор боюнча; жарандардан милдеттүү төлөмдөрдү өндүрүү жөнүндө доолор боюнча; милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карыздарды өндүрүү жөнүндө доолор боюнча; өндүрүлгөн суммалар пенсиялар менен жөлөкпулдарды каржылоого жумшала турган мүлктүк мүнөздөгү доолор боюнча;
6) доогерлер - кылмыштын кесепетинен келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доолор боюнча;
7) тараптар - никени бузуу жөнүндөгү иштер боюнча апелляциялык, кассациялык даттануулардан;
8) тараптар - мыйзамсыз камоо, кылмыш жоопкерчилигине мыйзамсыз тартуу, бөгөт коюу чарасы катарында камакка алууну мыйзамсыз колдонуу же болбосо камакка алуу же түзөтүү иштери түрүндө мыйзамсыз администрациялык жаза берүү аркылуу жаранга келтирилген зыяндын ордун толтуртууга байланыштуу талаш-тартыштар жана регрессивдүү доолор боюнча;
9) жеке жана юридикалык жактар - кылмыш иштерин жана алименттерди өндүрүү жөнүндө иштерди кароого байланыштуу аларга документтерди берүү үчүн;
10) жарандар - мамлекеттик жөлөкпулдарды жана пенсияларды алуу үчүн, ошондой эле бала (кыз) асырап алуу жана камкорчулук иштери боюнча керектүү документтерди берүү же документтердин көчүрмөлөрүнүн тууралыгын күбөлөндүрүү үчүн;
11) мамлекеттик жана коомдук органдар, жеке жана юридикалык жактар башка жактардын укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоого сотко арыз менен кайрылган учурларда;
12) жарандар - кылмыш жасоодон келтирилген материалдык зыянды өндүрүүнүн тууралыгы талашка түшкөн кылмыш иштери боюнча апелляциялык даттануулардан;
13) ички иштер органдары - доогерлер - алименттерди жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн качкан адамдарды издөө боюнча чыгымдарды өндүрүү жөнүндө иштер боюнча;
14) финансы органдары - өзгөчө өндүрүш иштери боюнча арыздарды сотко берүү үчүн;
15) жеке жана юридикалык жактар - сотко төмөнкүлөрдү берүү үчүн:
- ишти токтотуу же аларды кароосуз калтыруу жөнүндө сот актыларын жоюу тууралуу, сот актысын аткарууну кийинкиге калтыруу же жылдыруу мөөнөтүн берүү жөнүндө, сот актысын аткаруу ыкмасын жана тартибин өзгөртүү, даттанууларды камсыздоо же камсыз кылуу түрүн башкага алмаштыруу жөнүндө арыздарды;
- жаңыдан ачылган кырдаал боюнча сот актыларын кайра кароо жөнүндө арыздарды;
- сот тарабынан салынган айыптарды алып салуу же азайтуу жөнүндө арыздарды;
- өтүп кеткен мөөнөттөрдү калыбына келтирүү жөнүндө арыздарды;
- айыптарды алып салуу же азайтуудан баш тартуу жөнүндө сот актыларына жеке даттанууларды, сот актыларына башка жеке даттанууларды;
- административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча ага ыйгарым укуктуу органдар тарабынан чыгарылган актыларга даттанууларды;
16) прокурор - жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарында, ошондой эле коомдук жана мамлекеттик таламдарды коргоого берилген дооматтар боюнча;
17) бардык инстанцияларда доогер жана жоопкер катары чыгуучу салык, бажы жана башка финансы органдары;
18) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын коммерциялык эмес жана коомдук уюмдары, алардын мекемелери, окуу-өндүрүштүк ишканалары жана бирикмелери - сотко берилүүчү бардык доолор боюнча;
19) жаратылышты коргоо органдары - айлана-чөйрөнү булгоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалсыз пайдалануу, аңчылык, балыкчылык жана балык запастарын коргоо эрежелерин бузуу менен мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга каражаттарды мамлекеттин кирешесине өндүрүү жөнүндө доолор боюнча;
20) доогер-мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - мамлекеттик мүлктү мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү, акциялардын мамлекеттик пакетине эсептелген дивиденддер жана кредиттер боюнча карыздарды өндүрүү маселелерине байланыштуу доолор боюнча;
21) доогерлер - стандартташтыруу, метрология жана сертификатташтыруу боюнча эрежелерди бузгандыгы үчүн мөөнөтүндө айып төлөбөгөндүгүнө байланыштуу доолор боюнча;
22) доогерлер - керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого байланыштуу доолор боюнча;
23) администратор (жоюучу) - мыйзамдарга ылайык банкроттук процесси же жоюу жол-жобосу жүргүзүлүп жаткан жактын таламдарында бардык иштер боюнча доогер жана жоопкер катары чыкканда;
24) банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган жана анын аймактык органдары - карыз болгон жакты банкрот деп таануу жөнүндө арыздар боюнча;
25) илим жана интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткаруу менен түздөн-түз байланышкан доолор боюнча;
26) монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - бюджетке айыптык жана экономикалык санкцияларды акчалай өндүрүп алуу жөнүндө жана монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын актысын аткарууга мажбурлоо жөнүндө доолор боюнча;
27) баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - анын компетенциясына кирген маселелерге байланыштуу, анын ичинде баалуу кагаздар менен болгон бүтүмдөрдү жана чыгарылган баалуу кагаздарды жараксыз деп таануу жөнүндө доолор боюнча;
28) доогер катары чыгуучу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - кызматтык милдеттерин аткарууда зыян келтирген жактарга карата регрессивдүү доолор боюнча;
29) мамлекеттик материалдык резервдер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарында аныкталган функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткаруу менен түздөн-түз байланышкан доолор боюнча;
30) санитардык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган-доогер - санитардык мыйзамдардын бузулушуна байланыштуу доолор боюнча;
31) Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретарлары, бул кызматта кеминде 5 жыл иштегендер - өздөрүнүн ар-намысын жана беделин коргоого байланыштуу доолору боюнча;
32) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү - бардык иштер боюнча доогер жана жоопкер катарында;
33) аудитордук ишти контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - бюджетке айыптык санкцияларды төлөтүү жөнүндө доолор боюнча жана аудитордук ишти контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын актысын аткарууга мажбурлоо жөнүндө доолор боюнча;
34) ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткаруу менен түздөн-түз байланышкан доолор боюнча;
35) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы - бардык иштер боюнча доогер жана жоопкер катары.
2. Нотариалдык иштерди аткарган органдарда төмөнкүлөр мамлекеттик алым төлөөдөн бошотулат:
1) жарандар - мамлекеттик жөлөкпулдарды алуу үчүн зарыл болгон документтердин көчүрмөлөрүнүн (дубликаттарынын) тууралыгын күбөлөндүрүү үчүн, ошондой эле бала багып алуу иштери боюнча, пенсияларды жана жөлөкпулдарды алууга ишеним каттарды күбөлөндүрүү үчүн;
2) жарандар - алардын мурастарын жана мүлктү белекке берүү келишимдерин мамлекеттин пайдасына күбөлөндүрүү үчүн;
3) салык жана финансы органдары - мурастоого мамлекеттин укугу жөнүндө аларга күбөлүктөрдү же анын дубликаттарын, ошондой эле күбөлүктөрдү жана алардын дубликаттарын алуу үчүн зарыл болгон бардык документтерди берүү үчүн;
4) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын коммерциялык эмес жана коомдук уюмдары, алардын мекемелери, окуу-өндүрүштүк ишканалар жана бирикмелер - бардык нотариалдык иштер боюнча;
5) юридикалык жактар жана жарандар - аларга төмөнкүлөрдү мурастоого укугу жөнүндө күбөлүктөрдү берүү үчүн:
- мамлекеттик же коомдук милдеттерди аткарууга байланыштуу мамлекетти коргоодо же болбосо адам өмүрүн сактоо, мамлекеттик менчикти же укук тартибин коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын жаранынын милдетин аткарууга байланыштуу курман болгон адамдардын мүлкүн;
- эгерде мурастоочу адам менен бирге жашаса, мурастоочу адам каза болгон күндө ошол жерде каттоодо турса жана ал өлгөндөн кийин да ошол үйдө (батирде) жашаса, турак үйдү (батирди) же турак жай-курулуш кооперативиндеги үлүштү;
- банктардагы салымдар, жеке мүлктүк камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу суммалары, мамлекеттик займдардын облигациялары, эмгек акы, автордук укуктардын суммалары, ачылыштар, ойлоп табуулар жана өнөр жайлык үлгүлөр үчүн автордук гонорардын жана сыйлыктардын суммалары;
6) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана анын мекемелери - бардык нотариалдык иш-аракеттер боюнча;
7) энелер - көп балалуулугу үчүн аларды ордендер жана медалдар менен сыйлоо жөнүндө иштер боюнча документтердин көчүрмөлөрүнүн (дубликаттарынын) тууралыгын күбөлөндүрүү үчүн;
8) Кыргыз Республикасынын аскер бөлүктөрү, мекемелери, ишканалары жана уюмдары - зыяндын ордун толтурууга карыздарды өндүрүү жөнүндө аткаруу жазууларын ишке ашыргандыгы үчүн;
9) мектеп-интернаттар - мектеп-интернаттарда балдарды кармоо үчүн ата-энелерден карыздарды өндүрүү жөнүндө аткаруу жазууларын жасашкандыгы үчүн;
10) финансы органдары - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын баштапкы кесиптик билим берүү системасынын кесиптик окуу жайларында, лицейлеринде балдарды окутуу жана багуу үчүн карыздарды ата-энелерден өндүрүп алуу жөнүндө аткаруу жазууларын жасашкандыгы үчүн;
11) иштеген жери (кызматы) боюнча күтүлбөгөн кырсыктын кесепетинен каза болуу учуруна ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин каражаттарынын эсебинен камсыздандырылган жумушчулар менен кызматчылардын мурасчылары - камсыздандыруу сый акысын мурастоо укугун ырастоочу күбөлүктөрдү берүү үчүн;
12) камкордукка алууну белгилөө, ишке ашыруу жана токтотуу боюнча мамилени жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте камкордук көрүү уюштурулган, жин оорусунан же кем акылдыктан жапа чеккен жарандар - аларга мүлктү мурастоо жөнүндө күбөлүк алуу үчүн;
13) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана алардын аялдары, ошондой эле Мекенди коргоодо же аскердик кызматтын башка милдетин аткарууда алган жаракаттан, контузиядан же майыптыктан же болбосо фронтто болгондугуна байланыштуу оорунун кесепетинен майып болушкан аскер кызматчыларынын арасындагы башка майыптар - бардык нотариалдык иш-аракеттер боюнча;
14) Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан адамдар -жеңилдиктерди берүү үчүн керектүү документтеринин көчүрмөлөрүнүн (дубликаттарынын) тууралыгын күбөлөндүрүү үчүн;
15) жарандар - жүргүнчүлөрдү милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу суммаларын жана жарандарга таандык мүлктү милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу ордун толтурууларды мурастоо укугу жөнүндө аларга күбөлүктөрдү берүү үчүн;
16) реабилитацияланган жарандар, багуучусунан ажырагандыгы боюнча пенсия менен камсыздалуучу адамдардын чөйрөсүнө кирген алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана мыйзам боюнча биринчи кезектеги мураскорлору - реабилитациялоого жана зыяндын ордун толтурууга байланыштуу алар үчүн жасалуучу бардык иш-аракеттер үчүн;
17) автордук укуктар боюнча уюмдар - автордук укуктар боюнча төлөөгө эсептелген сыйлыктарды өндүрүү жөнүндө аткаруу жазууларын жасагандыгы үчүн;
18) үй-бүлөнүн орточо ар бир жанга кирешеси жакырчылыктын чегинен төмөн болгон аз камсыздалган жарандар - бардык нотариалдык иш-аракеттер боюнча.
3. Кыргыз Республикасынан башка мамлекеттерге чыгуу жөнүндө иштер боюнча төмөнкүлөр мамлекеттик алым төлөөдөн бошотулат:
1) жарандар - аларга дипломатиялык жана кызматтык паспортторду берүү үчүн;
2) чет өлкөлүк туристтер - алардын документтерин каттоо үчүн;
3) жарандык жана кылмыш иштери боюнча тараптар, күбөлөр, жабырлануучулар жана эксперттер катары жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишимдерге ылайык чет өлкөлүк сотторго чакырылуучу жарандар - аларга чет өлкөлөргө чыгуу укугуна уруксаттарды жана документтерди берүү үчүн;
4) окууга же өндүрүштүк практикадан өтүүгө кетип жаткан окуучулар жана студенттер - аларга жарандын жалпы жарандык паспортун берүү үчүн.
4. Жашаган жана барган жери боюнча жарандарды каттоо үчүн мамлекеттик алым төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:
1) социалдык стационардык мекемелерде жашаган улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар;
2) мектеп - интернаттардын жана баштапкы кесиптик билим берүү мекемелеринин толугу менен мамлекеттик камсыздоодо турган жана жатаканаларда жашаган окуучулары.
5. Жарандык абалдын актыларын каттоо жүргүзүү органдарында төмөнкүлөр мамлекеттик алым төлөөдөн бошотулат:
1) билим берүү уюмдары, жашы жете элек балдардын иштери боюнча комиссиялар - ата-энелерден кароосуз калган балдарды жана жетим балдарды балдардын бардык жатак мекемелерине жиберүү үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн дубликаттарын берүү үчүн;
2) жарандар - төрөлгөнүн, каза болгондугун, бала (кыз) асырап алууну жана аталыгын аныктоону каттоо үчүн, аларга жарандык абалдын актыларын каттоодо кетирилген каталыктарга байланыштуу аталыгын аныктоо, бала (кыз) багып алуу учурларында туулгандыгы жөнүндө актылардын жазууларын өзгөртүүдө, толуктоодо жана оңдоодо күбөлүктөрдү берүү үчүн;
3) жарандар - белгиленген тартипте дайынсыз жоголгондугун же жин оорусунан же кем акылдыгынан улам жөндөмсүз деп табылган адамдар менен же болбосо кылмыш жасагандыгы үчүн үч жылдан кем эмес мөөнөткө эркинен ажыратылган адамдар менен никени бузуу жөнүндө соттун чечиминин негизинде күбөлүктөрдү берүү үчүн;
4) жарандар - реабилитацияланган туугандарынын каза болгондугу тууралуу аларга дубликаттарды берүү же мурда берилген күбөлүктөрдү алмаштыруу үчүн;
5) жарандар - жарандык абалдын актыларын каттоо үчүн;
6) жарандар - тынчтык мезгилде аскердик кызматты өтөө убагында курман болушкан аскер кызматчыларынын жана аскер адистеринин каза болгондугу тууралуу күбөлүктөрдү берүү үчүн, жазууларды өзгөртүүгө, толуктоого жана оңдоого байланыштуу, ошондой эле күбөлүктөрдүн дубликаттарын берүү үчүн.
6. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жана жалпы жарандык паспортун алууда мамлекеттик алымды төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:
- биринчи жолу паспорт алган жарандар;
- жашаган жери боюнча каттоодо турган жана жумушсуздук боюнча жөлөкпул алган жумушсуз жарандар;
- Кыргыз Республикасына туруктуу жашоо үчүн кайтып келген этностук кыргыздар.
XI БӨЛҮМ АКЫ ТӨЛӨНҮҮЧҮ МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТТАРДЫ КӨРСӨТҮҮДӨН ТҮШҮҮЛӨР
50-глава. Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдөн түшүүлөр
139-берене. Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдөн түшүүлөр
1. Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдөн түшүүлөргө киреше түрүндө алынуучу, мыйзамдарга ылайык түзүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлерине ылайык кызматтарды көрсөтүүдөн түшүүчү каражаттар кирет.
2. Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөрдүн курамына төмөнкүлөр кирбейт:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген милдеттүү төлөмдөр;
- айыптар, туумдар жана башка финансылык санкциялар;
- укук бузууда келтирилген зыяндын ордун толтуруу түрүндө түшкөн каражаттар, ошондой эле конфискацияланган товарларды, укук бузууларды жасаган куралдарды жана башка продукцияларды сатуудан алынган каражаттар.
140-берене. Чегерүүнүн тартиби
Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдөн түшүүлөрдү түзүүнүн жана пайдалануунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
XII БӨЛҮМ ПАТЕНТТИК АЛЫМ
51-глава. Патенттик жана башка алымдар, жыйымдар
141-берене. Патенттик жана башка алымдарды, жыйымдарды төлөөчүлөр
1. Патенттик жана башка алымдар, жыйымдар - интеллектуалдык менчик, салттуу билим объекттерине жеке укук берүү үчүн жана патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациялоо жана каттоо үчүн төлөм.
2. Юридикалык жана жеке жактар патенттик жана башка алымдардын, жыйымдардын төлөөчүлөрү болуп эсептелет.
142-берене. Жыйымдар, патенттик жана башка алымдар төлөнө турган юридикалык маанилүү иш-аракеттер
Патенттик жана башка алымдар, жыйымдар төмөнкүлөр үчүн төлөнөт:
1) өтүнмө берүү, экспертиза жүргүзүү, өтүнмөгө өзгөртүү киргизүү, кайра түзүү, өтүп кеткен мөөнөтүн калыбына келтирүү, каршылык билдирүүнү берүүгө, өтүнмөнүн материалдары менен таанышуу үчүн, суроо-талапка жооптун мөөнөтүн узартуу үчүн, автордук күбөлүк жана патент берүү, каттоо, жарыялоо жана дубликат берүү үчүн, патентти өз күчүндө кармап туруу үчүн, конвенциялык артыкчылыкты сурап алуу үчүн, өтүнүүчүнүн демилгеси боюнча өтүнмөнүн материалына тактоолорду жана оңдоолорду киргизүүгө, өтүнүүчүнүн демилгеси боюнча ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин формуласына пункттарды киргизүүгө, өтүнмөнү жарыялоого, суроо-талапка жооптун мөөнөтүн узартууга, патент алуу укугуна макулдук тууралуу арыз берүүгө, ойлоп табууга патентти калыбына келтирүүгө жана бул тууралуу маалыматтарды жарыялоого;
2) товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоого, товарлардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүүгө өтүнмө үчүн, экспертиза жүргүзүүгө, өзгөртүү киргизүүгө, суроо-талапка жооптун мөөнөтүн узартууга, каршылык билдирүүнү берүүгө, өтүп кеткен мөөнөтүн калыбына келтирүүгө, күбөлүктү каттоого, жарыялоого жана берүүгө, дубликат берүүгө, каттоо мөөнөтүн узартууга, мөөнөтүнөн мурда экспертиза жүргүзүүгө, өтүнүүчүнүн демилгеси боюнча өтүнмөнүн материалына оңдоолорду, толуктоолорду жана тактоолорду киргизүүгө, өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүүгө;
3) өтүнмө берүүгө, экспертиза жүргүзүүгө, өтүнмөнүн материалдарына өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана оңдоолорду киргизүүгө, суроо-талапка жооптун мөөнөтүн узартууга, каршылык билдирүүнү берүүгө, өтүп кеткен мөөнөтүн калыбына келтирүүгө, селекциялык жетишкендиктерге патент жана автордук күбөлүктү каттоого, жарыялоого жана берүүгө, дубликат берүүгө, патентти күчүндө кармоого, аталышын өзгөртүүгө, патенттин иштөөсүн калыбына келтирүүгө;
4) ачык лицензияны берүү же ачык лицензиянын иш-аракетин токтотуу жөнүндө арыз берүү үчүн, мажбурлоочу лицензия берүү жөнүндө маалыматтарды каттоо жана жарыялоо, интеллектуалдык менчик объекттерине жана селекциялык жетишкендик укуктарына ээ болуу жөнүндө келишимдерди каттоого;
5) патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациялоого жана каттоого;
6) автордук укук, чектеш укук объектисин жана интегралдык микросхемалардын топологиясын депонирлөө же каттоого өтүнмөнү берүү жана кароо үчүн, Мамлекеттик реестрге маалыматтарды киргизүү жана каттоо жөнүндө күбөлүктү берүү, өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, жарыялоого, дубликат берүүгө;
7) салттуу билимди пайдалануу укугун берүү жана каттоого өтүнмө берүү же буга чейин катталган салттуу билимди пайдалануу укугун берүүгө, кароо, каттоо, жарыялоо, күбөлүк берүү, өзгөртүү киргизүү, жооп берүү мөөнөтүн узартууга жана күбөлүктүн иштөө мөөнөтүн узартууга.
143-берене. Патенттик жана башка алымдардын, жыйымдардын өлчөмү жана төлөө тартиби
Патенттик жана башка алымдардын, жыйымдардын өлчөмү жана төлөө тартиби, төлөмдөн бошотуу же жеңилдик берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
XIII БӨЛҮМ САЛЫКТЫК ЭМЕС БАШКА КИРЕШЕЛЕР
52-глава. Ыктыярдуу трансферттер
144-берене. Төлөөчү
1. Жеке жана юридикалык жактар гранттар жана кайрымдуулук түрүндөгү төгүмдөрдү ыктыярдуу тартипте республикалык жана (же) жергиликтүү бюджеттин кирешесине киргизе алышат.
2. Республикалык же жергиликтүү бюджеттердин кирешесине ыктыярдуу турда акчалай каражат салуучу жеке же юридикалык жактар төлөөчү болуп эсептелет.
3. Накталай түрдөгү ыктыярдуу трансферттер бул каражаттар өткөрүлүп берилген тийиштүү органдын балансында чагылдырылат.
4. Ыктыярдуу трансферттердин түшүүсүн эсепке алуунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
145-берене. Ыктыярдуу трансферттин өлчөмү
Ыктыярдуу трансферттин өлчөмүн төлөөчү аныктайт.
53-глава. Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу
146-берене. Төлөөчү
Айыл чарба жерлерин айыл чарба багытындагы эмес муктаждыктар үчүн берүүгө байланышкан айыл чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын ордун толтурууну төлөөчү болуп жер участогу берилген жеке жана юридикалык жак эсептелет.
147-берене. Айыл чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын ордун толтуруу ченемдерин төлөөнүн өлчөмдөрү жана тартиби
1. Айыл чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын ордун толтуруу ченемдерин төлөөнүн өлчөмдөрүн жана тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
2. Айыл чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын ордун толтуруудан алынуучу каражаттар жер участоктору берилүүчү жеке жана юридикалык жактар тарабынан аларга жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтер берилгенге чейин республикалык бюджетке которулат жана төмөнкүлөргө пайдаланылат:
- жаңы жерлерди өздөштүрүүгө;
- пайдаланылуучу жерлерди мелиорациялоого;
- жердин түшүмдүүлүгүн жогорулатууга;
- жаңы жерлерди өздөштүрүү жана пайдаланылуучу жерлерди мелиорациялоо, алардын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча долбоордук-изилдөө иштерин аткарууга.
54-глава. Салыктык эмес башка кирешелер
148-берене. Салыктык эмес башка кирешелер
Салыктык эмес башка кирешелер өзүнө салыктык эмес кирешелердин башка түрлөрүнүн курамында аларды чагылдыруу үчүн жетиштүү маалымат болбогон кирешелерди, алуучу тарабынан 2 айдын ичинде тактоону жана аныктоону талап кылган түшүүлөрдү (такталбаган түшүүлөрдү) камтыйт. Төлөмдүн тийиштүүлүгү аныкталгандан кийин каражаттар тийиштүү деңгээлде чагылдырылат.
XIV БӨЛҮМ САЛЫКТЫК ЭМЕС КИРЕШЕЛЕРДИ ЧЕГЕРҮҮ
55-глава. Салыктык эмес кирешелерди чегерүү
149-берене. Жалпы мамлекеттик салыктык эмес кирешелер
1. Жалпы мамлекеттик салыктык эмес кирешелер - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген салыктык эмес кирешелер бөлүштүрүүнүн белгиленген ченемдери боюнча республикалык жана жергиликтүү бюджеттин ортосунда бөлүштүрүлүүгө тийиш болгон салыктык эмес кирешелер.
Жалпы мамлекеттик салыктык эмес кирешелерге төмөнкүлөр кирет:
- жер байлыктарын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым;
- жергиликтүү маанидеги инфраструктураларды өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр.
2. Жалпы мамлекеттик салыктык эмес кирешелерди бөлүштүрүүнүн ченемдери республикалык бюджет жөнүндө жыл сайын кабыл алынуучу мыйзамда белгиленет.
150-берене. Республикалык бюджеттин салыктык эмес кирешелери
Республикалык бюджетке төмөнкүлөр түшөт:
1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасынан чегерүүлөр;
2) мамлекеттик ишканалардын пайдасынан чегерүүлөр;
3) байланыш тармагын өнүктүрүүгө чегерүүлөр;
4) чарба жүргүзүүчү коомдордун мамлекетке тийиштүү акцияларына (үлүштөрүнө) чегерилген дивиденддер;
5) мамлекеттин менчигинде турган мүлктүн ижарасынан алынган кирешелер;
6) сынамык жыйым;
7) айыл аймагынын, шаардын чек арасына кирбеген лицензияланган аянттын же анын бөлүгүнүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн жыйымдар;
8) аскердик милдет менен байланышкан жыйымдар;
9) радиожыштык спектрин пайдалануу үчүн жыйым;
10) өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин, козу карынды жана мамлекеттик токой фондусун пайдалануу үчүн жыйым;
11) суу ресурстарын жана суу объекттерин пайдалануу үчүн жыйым;
12) курчап турган чөйрөнү булгагандык үчүн жыйым;
13) тооруктун (конкурс, аукцион) жыйынтыктары боюнча жыйым;
14) радиожыштык ресурсун пайдалануу үчүн, бөлүнүп берилген нумерация ресурсу үчүн жыйым;
15) мамлекеттик акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр;
16) мамлекеттик каттоо үчүн жыйымдар;
17) автомототранспорт каражаттарын жана атайын продукцияларды каттоо үчүн жыйымдар;
18) баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоо үчүн жыйым;
19) баалуу кагаздар менен болгон операцияларды жүргүзүү укугуна күбөлүктү берүү жыйымы;
20) апостилдерди коюу үчүн жыйым;
21) этиль спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү иштери үчүн жыйым;
22) транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоо жана өлчөө үчүн жыйымдар жана транспорт каражаттарын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда атайын жана бөлүнбөй турган жүк менен өткөрүү үчүн жыйым;
23) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы табигый курулмалар аркылуу өтүү үчүн жыйымдар;
24) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен өткөндүгү үчүн жыйым;
25) жер байлыктарын пайдалануу укугуна ээ болуу конкурсуна жана/же аукционуна катышуу үчүн жыйым;
26) мамлекеттик алым;
27) патенттик жана башка алымдар, жыйымдар;
28) мамлекеттик органдар, алардын ведомстволук уюмдары тарабынан материалдык, административдик жана жаза жоопкерчилик чараларын колдонуунун натыйжасында алынган каражаттар, аларга айыптар, санкциялар, компенсациялар, соттун чечими боюнча зыяндардын ордун толтуруу суммалары кирет, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн айыптар, санкциялар, компенсациялар жана зыяндардын ордун толтуруу суммалары кирбейт;
29) айыл чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын ордун толтуруу;
30) юридикалык жана жеке жактар тарабынан республикалык бюджетке кайтарымсыз жана ыктыярдуу негизде берилүүчү каражаттар;
31) мамлекеттин менчигинде турган мүлктү приватташтыруудан түшкөн кирешелер;
32) республикалык бюджеттен каржылануучу уюмдардын мүлкүн сатуудан түшкөн кирешелер;
33) конфискацияланган мүлктү, белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке өткөн мүлктү, анын ичинде мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажылык жол-жоболор менен таризделген товарларды жана транспорт каражаттарын сатуудан кирешелер;
34) монополияга каршы мыйзамдардын жөнгө салуучу талаптарынан четтөөнүн натыйжасында мамлекеттин пайдасына чегерилген кирешелер;
35) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген салыктык эмес башка кирешелер.
151-берене. Жергиликтүү бюджеттердин салыктык эмес кирешелери
Жергиликтүү бюджеттерге төмөнкүлөр түшөт:
1) чарба жүргүзүүчү коомдордун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тийиштүү акцияларына (үлүшүнө) чегерилген дивиденддер;
2) муниципалдык ишканалардын пайдасынан чегерүүлөр;
3) муниципалдык менчикте турган мүлктү ижарага берүүдөн кирешелер;
4) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйым, эгерде бул Кодексте башкасы белгиленбесе;
5) калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым;
6) мамлекеттик токой фондунун жана өзгөчө корголгон жаратылыш аймактарынын жайыттарынан башка жайыт жерлерди пайдалануу үчүн жыйым;
7) муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр;
8) автотранспортту токтотуу жана токтотуучу жай үчүн жыйым;
9) алкоголдук продукцияларды сатуучу субъекттер тарабынан этиль спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү боюнча иштер үчүн жыйымдар;
10) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын ведомстволук мекемелери тарабынан айыптарды, санкцияларды, компенсацияларды, сот чечимдери боюнча зыяндын ордун толтуруу суммаларын кошкондо материалдык жана администрациялык жоопкерчилик чараларын колдонуунун натыйжасында алынган каражаттар;
11) юридикалык жана жеке жактар тарабынан жергиликтүү бюджеттерге кайтарымсыз, ыктыярдуу негизде өткөрүлүп берилүүчү каражаттар;
12) муниципалдык менчикте турган мүлктү сатуудан кирешелер;
13) жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу уюмдардын мүлкүн сатуудан кирешелер;
14) конфискацияланган мүлктү, белгиленген тартипте муниципалдык менчикке кайтарымсыз негизде өткөн мүлктү сатуудан кирешелер;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген салыктык эмес башка кирешелер.
XV БӨЛҮМ КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР
56-глава. Корутунду жоболор
152-берене. Ушул Кодекстин күчүнө кириши
Ушул Кодекс "Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык күчүнө кирет.