Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-августу № 412
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2018-жылдын 2-мартында Бишкек шаарында кол коюлган, 2013-жылдын 30-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде инновациялык ыкма боюнча донорлордун көп тараптуу трасттык фондунун администратору катары болуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууга (Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде каржылоонун пилоттук долбоору) (Грант № ТF013310) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2018-жылдын 2-мартында Бишкек шаарында кол коюлган, 2013-жылдын 30-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде инновациялык ыкма боюнча донорлордун кеп тараптуу трасттык фондунун администратору катары болуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууга (Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде каржылоонун пилоттук долбоору) (Грант № ТF013310) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Макулдашуу-катка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 2-мартында Бишкек шаарында кол коюлган, 2013-жылдын 30-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде инновациялык ыкма боюнча донорлордун көп тараптуу трасттык фондунун администратору катары болуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууга (Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде каржылоонун пилоттук долбоору) (Грант № ТF013310) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2018-жылдын 2-мартында Бишкек шаарында кол коюлган, 2013-жылдын 30-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде инновациялык ыкма боюнча донорлордун көп тараптуу трасттык фондунун администратору катары болуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууга (Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде каржылоонун пилоттук долбоору) (Грант № ТF013310) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Макулдашуу-кат ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына жогоруда аталган Макулдашуу-каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 412 токтому менен жактырылган |
2018-жылдын 2-мартында Бишкек шаарында кол коюлган, 2013-жылдын 30-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде инновациялык ыкма боюнча донорлордун көп тараптуу трасттык фондунун администратору катары болуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууга (Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде каржылоонун пилоттук долбоору) (Грант № ТF013310) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Макулдашуу-катка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
2018-жылдын 2-мартында Бишкек шаарында кол коюлган, 2013-жылдын 30-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде инновациялык ыкма боюнча донорлордун көп тараптуу трасттык фондунун администратору катары болуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууга (Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде каржылоонун пилоттук долбоору) (Грант № ТF013310) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Макулдашуу-кат Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине туура келет жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 13-июнундагы № 89 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасы менен Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде инновациялык ыкма боюнча донорлордун көп тараптуу трасттык фондунун администратору катары чыгуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашуунун (мындан ары - Гранттык макулдашуу) (Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде каржылоонун пилоттук долбоору) (Грант № ТF013310) алкагында медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатында Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде каржылоонун пилоттук долбоору (мындан ары - ЖНК долбоору) жүзөгө ашырылган.
Бул долбоордун алкагында райондук ооруканалардын, жалпы дарыгердик практика борборлорунун (мындан ары - райондук ооруканалар) ишин баалоо жана ошол баалоонун жыйынтыктарынын негизинде каржылоо каралган. Долбоор 64 райондук ооруканаларда ишке ашырылууда, алардын ичинен 22 ооруканада квартал сайын медициналык тейлөөнүн сапаты бааланып, гранттык каражаттардан материалдык жактан демилгеленген каражат төлөнөт, 21 ооруканада медициналык тейлөөнүн сапатын баалоо гана өткөрүлүп турат, ал эми калган 21 оорукана контролдук ооруканалар болуп саналат.
Бардык райондук ооруканаларга жана баштапкы медициналык-санитардык жардамдын пилоттук уюмдарына ЖНК долбоорунун ишин кеңейтүү максатында, Макулдашуу-кат менен Гранттык макулдашууга өзгөртүүлөр киргизилди.
Макулдашуу-катты ратификациялоо аймактардагы саламаттык сактоо уюмдарынын артыкчылыктуу маселелерин чечүүгө мүмкүнчүлүк берет жана жалпы эле республикадагы саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө жакшы таасирин тийгизет.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашуу-каттын долбоору Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети, Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашылып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-январындагы № 29-б буйругу менен жактырылган.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Макулдашуу-кат ратификацияланууга тийиш.
Макулдашуу-катты ратификациялоо финансылык-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле мамлекеттик бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт.