Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-сентябры № 424
Калдык сактоочу жайлар жана кен алынгандан кийинки тектер менен иштөөнү тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн сунушун эске алып, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 23-мартындагы № 161 "Иштетилип бүткөн кен иштетүү ишканаларынын калдык сактоочу жайларын жана кен алынгандан кийинки тектерин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар жана граждандык коргонуу боюнча министрлигине кайра бекитип берүү жана аларды реабилитациялоо чаралары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар жана граждандык коргонуу боюнча министрлиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пунктундагы "Кара-Балта кен иштетүү комбинаты" Акционердик коому" деген сөздөр "Карабалта тоо-кен комбинаты" ачык акционердик коому" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пунктунун жинчи абзацындагы "Кара-Балта кен иштетүү комбинаты" Акционердик коомуна" деген сөздөр "Карабалта тоо-кен комбинаты" ачык акционердик коомуна" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. Ош облусунун Ноокат районундагы Кара-Таш айыл өкмөтү, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Аксы токой чарбасы жана Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар № 12 шаарчасы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансына төмөнкү жерлерде жайгашкан кен алынгандан кийинки тектерди белгиленген тартипте өткөрүп берсин:
- Кызыл-Жар № 12 шаарчасындагы № 1;
- Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү № 1 (Туя-Моюн).";
- 3-пунктунун үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- калдык сактоочу жайларда жана кен алынгандан кийинки тектерди коопсуздуктун эл аралык критерийлерине ылайык жумушчу абалга келтирүү боюнча узак мөөнөттүү программаны иштеп чыксын;
- Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар № 12 шаарчасындагы жана Ош облусунун Ноокат районундагы Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү Туя-Моюн кен алынгандан кийинки тектердин коопсуздугун камсыздоо боюнча биринчи кезектеги иш-чараларды жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги менен бирге калдык сактоочу жайлардын жана кен алынгандан кийинки тектердин коопсуздугун камсыздоо үчүн инвестицияларды тартуу боюнча тийиштүү жумуштарды жүргүзсүн;";
- 5-пунктундагы "Кара-Балта кен иштетүү комбинат" мамлекеттик" деген сөздөр ''Карабалта тоо-кен комбинаты" ачык" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- 6-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:
- аталышындагы "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар жана граждандык коргонуу боюнча министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Калдык сактоочу жайлар" бөлүмүнүн отуз төртүнчү жана отуз бешинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |