Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
1999-жылдын 23-марты N 161
(КР Өкмөтүнүн 2000-жылдын 19-июлундагы N 424, 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 424 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү министрликтер, административдик ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар орточо машина куруу жана түстүүёметаллургия боюнча мурдагы союздук министрликтердин республиканын аймагында жайгашкан токтоп турган кен иштетүү ишканаларынын калдык сактоочу жайларына жана кен алынгандан кийинки тектерине жакын аймактардын радиоактивдүү жана уулуу заттар менен булгануусунун алдын алуу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүшкөнүн белгилейт. Уран жана коргошун-цинк өндүрүшүнүн бардык калдык сактоочу жана кен алынгандан кийинки тектери инвентаризацияланган. Алардын жыл мезгилдеринин алмашуусундагы абалдары такай көзөмөлдөнүп жана мүмкүн болуучу бузулуулардын алдын алуу үчүн ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп турду. Транс чек аралык таасир тийгизүүчү калдык сактоочу жайларды жана кенден калган тектерди реабилитациялоо боюнча биргелешкен жумуштар жөнүндө түзүлгөн Өкмөттөр аралык макулдашуунун чектеринде мамлекеттер аралык координациялык жумушчу топ түзүлүп жана иштеп жатат.
Коркунучтуу калдыктар сакталган аймактардын дүйнөлүк критерийлерге толук ылайык келтирилиши жана реабилитациялоо проблемасын биротоле чечүү жана алардын техникалык жактан тийиштүү абалда сакталышы үчүн орчундуу Финансылык каражат керек. Бирок андай каражаттын жоктугу азыркы учурда бул маселени толук чечүүгө мүмкүндүк бербей жатат.
Калдык сактоочу жайлардын жана кен алынгандан кийинки тектердин бүтүндүгүнө байланыштуу мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо үчүн натыйжалуу чараларды көрүү жана аларды стабилдештирүү боюнча иштерди активдештирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мурдагы союздук министрликтердин кен иштетүү ишканаларынан калган калдык сактоочу жайларды жана кен алынгандан кийинки тектерди тиркемеге ылайык тейлөө, көзөмөлдөө жана реабилитациялоо боюнча жооптуу орган болуп белгиленсин.
2. Карабалта тоо-кен комбинаты" ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансына өткөрүп берсин:
- мурдагы союздук министрликтердин кен иштетүү ишканаларынан калган, азыр иштебеген жана Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан калдык сактоочу жайларды жана кен алынгандан кийинки тектерди тиркемеге ылайык;
- уран жана коргошун-цинк өндүрүшүнүн калдык сактоочу жайларынын жана кен алынгандан кийинки тектеринин инвентаризациялык документтерин:
- иштелип чыккан долбоордук-техникалык документацияны.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 424 токтомунун редакциясына ылайык)
2-1. Ош облусунун Ноокат районундагы Кара-Таш айыл өкмөтү, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Аксы токой чарбасы жана Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар № 12 шаарчасы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансына төмөнкү жерлерде жайгашкан кен алынгандан кийинки тектерди белгиленген тартипте өткөрүп берсин:
- Кызыл-Жар № 12 шаарчасындагы № 1;
- Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү № 1 (Туя-Моюн).
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 424 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- "Карабалта тоо-кен комбинаты" ачык акционердик коомуна караштуу Калдык сактоочу жайларды реабилитциялоо жана тейлөө боюнча Борбордун түзүлүү жана иштөө процессинде болгон финансылык чыгымдарды берилген отчетторго ылайык кабыл алсын;
- калдык сактоочу жайларда жана кен алынгандан кийинки тектерди коопсуздуктун эл аралык критерийлерине ылайык жумушчу абалга келтирүү боюнча узак мөөнөттүү программаны иштеп чыксын;
- Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар № 12 шаарчасындагы жана Ош облусунун Ноокат районундагы Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү Туя-Моюн кен алынгандан кийинки тектердин коопсуздугун камсыздоо боюнча биринчи кезектеги иш-чараларды жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги менен бирге калдык сактоочу жайлардын жана кен алынгандан кийинки тектердин коопсуздугун камсыздоо үчүн инвестицияларды тартуу боюнча тийиштүү жумуштарды жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирликте бир айдын ичинде транс чек аралык таасир тийгизүүчү калдык сактоочу жайларды жана кен алынгандан кийинки тектерди реабилитациялоо боюнча региондук консорциум жөнүндө жобону иштеп чыксын жана аны Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Мамлекеттер аралык Кеңешине берсин. Белгиленип жаткан иштер жөнүндө Россия Федерациясына каралуучу проблемалардын чечилишине катышуу өтүнүчү менен кабарласын.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 424 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Чет өлкөлүк инвестициялар жана экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген материалдардын негизинде бизнес-долбоорлорду түзсүн жана бул максаттарга жардам көрсөтүү жана грант берүү боюнча чет өлкөлүк инвесторлорду, эл аралык фонддорду издөөнү активдештирсин.
5. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк фонду ''Карабалта тоо-кен комбинаты" ачык акционердик коомунун калдык сактоочу жайларын акциялаштыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келерлигин карап жана сунуштарды берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 424 токтомунун редакциясына ылайык)
6. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 424 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 27-октябрындагы "Калдык сактоочу жайларды жана кен алынгандан кийинки тектерди "КараБалта кен иштетүү комбинаты" Акционерлик коомуна бекитип берүү жөнүндө" N 530 токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри |
| Б. Силаев |