Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-сентябры № 422
"Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2006-жылдын 8-сентябры, № 67) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Мыйзам жазык сот өндүрүшүнө катышуучуларга карата мамлекеттик коргоо чараларынын, анын ичинде алардын коопсуздук жана социалдык жактан коргоо чараларынын тутумун киргизүүнү караштырат, ошондой эле аларды колдонуунун негизин жана тартибин аныктайт.".
2. Мыйзамдын аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча "катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка" деген сөздөр алып салынсын.
3. 2-статьясынын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Мыйзамга ылайык мамлекеттик коргоого Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 4-7-главаларында каралган жазык сот өндүрүшүнүн субъектилери алынууга тийиш.".
4. 3-статьясынын 3 жана 4-бөлүктөрүндөгү "баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча," деген сөздөр алып салынсын.
5. 5-статьясынын аталышындагы жана текстиндеги "Күбөлөрдүн жана жабырлануучулардын" деген сөздөр "Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 6-статьясында:
- 1-бөлүгүнүн 1-пунктундагы ", турак-жайын жана мүлкүн кайтаруу" деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын коопсуздук чараларын кошумча камсыздоо максатында ишти өндүрүшүнө алган орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) зомбулук же жазык мыйзамдары менен тыюу салынган башка жосун жасоо коркунучун туудурган адамга, анын кылмыш жоопкерчилигине тартылышы ыктымалдыгы тууралуу расмий эскертме берүүгө;
2) корголуучу адамга жакындоого тыюу салуу түрүндөгү жазык сот өндүрүшүн камсыздоо чарасын көрүүгө.".
7. 7-статьясынын аталышындагы жана 1-бөлүгүндөгү ", анын турак жайын жана мүлкүн кайтаруу" деген сөздөр алып салынсын.
8. 2-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 15-1 жана 15-2-статьялар менен толукталсын:
"15-1-статья. Зомбулук же жазык мыйзамдары менен тыюу салынган башка жосун жасоо коркунучун туудурган адамга, анын кылмыш жоопкерчилигине тартылышы ыктымалдыгы тууралуу расмий эскертме берүү
Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын жана/же жубайынын коопсуздук чараларын камсыздоо максатында ишти өндүрүшүнө алган орган зомбулук же жазык мыйзамдары менен тыюу салынган башка жосун жасоо коркунучун туудурган адамга, анын кылмыш жоопкерчилигине тартылышы ыктымалдыгы тууралуу расмий эскертме берет.
Расмий эскертмени ишти өндүрүшүнө алган орган 24 сааттын ичинде чыгарышы керек жана ошол эле мөөнөттө бул адамга кол коюу менен тааныштырууга тийиш.
Расмий эскертменин формасы жана мазмуну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
15-2-статья. Корголуучу адамга жакындоого тыюу салуу
1. Корголуучу адамга жакындоого тыюу салуу түрүндө жеке коопсуздукту камсыздоо чарасы корголуучу адамдын коопсуздугун камсыздоочу орган тарабынан төмөнкү адамдарга карата колдонулат:
1) корголуучу адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна потенциалдуу коркунуч туудурган же мындай коркунуч фактысы белгиленген;
2) корголуучу адамдын жазык сот өндүрүшүнө катышуусуна байланыштуу ага физикалык, моралдык таасир этүү максатында корголуучу адам менен байланыш түзүүгө аракет кылган.
2. Корголуучу адамга жакындоого тыюу салынган адам үчүн төмөнкүлөргө жол берилбейт:
1) корголуучу адам менен жолугушууга;
2) корголуучу адамдын аркасынан ээрчүүгө жана/же байкоо жүргүзүүгө;
3) корголуучу адам менен байланыш түзүүгө же түзүүгө аракет кылууга;
4) корголуучу адам жашаган, турган, иштеген жерине жакын барууга.
3. Корголуучу адамга жакындоого тыюу салуунун формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
9. 19-статьясынын 2-бөлүгүндөгү "үч сутканын ичинде (ал эми кийинкиге калтырууга мүмкүн болбогон учурда дароо эле)" деген сөздөр "24 сааттын ичинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
10. 21-статьясынын 1-бөлүгүндөгү "18" деген цифралар "19" деген цифралар менен алмаштырылсын.
11. 29-статьясында:
- 1-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
- 2-бөлүгүндөгү "катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуунун Мамлекеттик программасын" деген сөздөр "катышуучуларды мамлекеттик коргоону" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 24-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси менен бир убакта күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|