ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 186 «2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторунун фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө» токтому

Редакция04.11.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

 2016-жылдын 4-ноябры № 186

2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторунун фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө

2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторунун фонддорунун атайын эсептерин ачуу максатында, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 13-бөлүгүн жана "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесинин 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторунун фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелери болуп "РСК Банк" ААКсы жана "Айыл Банк" ААКсы белгиленсин.

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси Г.М.Баатыровага жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Шайлдабекова