Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-ноябры № 189
Кыргыз Республикасынын Бишкек шаардык кеңешинин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешинин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери кабыл алган.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаардык кеңешинин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу токтомдорунун 1-тиркемеде көрсөтүлгөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын таануу боюнча бөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бишкек шаардык кеңешинин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
4. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жана Бишкек шаардык кеңешке жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 6-ноябрындагы № 189 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
Бишкек шаардык кеңеши | ||||
№ | Саясий партиялардын аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган шаардык кеңешинин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Талапкерди депутат деп таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы |
1 | КСДП | Дашков Василий Анатольевич | Өз арызы | № 158, 15.12.2012-ж. |
2 | КСДП | Джумашов Дамирбек Толосунович | Өз арызы | № 4 10.01.2014-ж. |
3 | КСДП | Джумакеева Майя Таштанбековна | Өз арызы | № 158, 15.12.2012-ж. |
4 | КСДП | Чепеев Калыбек Чепеевич | Өз арызы | № 174 24.10.2015-ж. |
5 | Республика | Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич | Фракциядан чыгуу | № 158, 15.12.2012-ж. |
6 | Республика | Пирматова Асель Айтбаевна | Фракциядан чыгуу | № 158, 15.12.2012-ж. |
7 | Республика | Джолдошов Улан Болотович | Фракциядан чыгуу | № 181 5.11.2015-ж. |
8 | Республика | Докенов Эрнис Шарапидинович | Фракциядан чыгуу | № 158, 15.12.2012-ж. |
9 | Республика | Алимбеков Хасанбек Исраилович | Фракциядан чыгуу | № 158, 15.12.2012-ж. |
10 | Республика | Акматбаев Муратбек Таберикович | Фракциядан чыгуу | № 158, 15.12.2012-ж. |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 6-ноябрындагы № 189 токтомунун 2-тиркемеси |
|
|
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
Бишкек шаардык кеңеши | ||||
№ | Саясий партиялардын аталыштары | Шаардык кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж. | Ээлеген кызматы, кызмат орду | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
1 | КСДП | Голенко Александр Ильич | "БМЗ" ААК башкармалыгынын начальниги | № 9/4 4.11.2016-ж. |
2 | КСДП | Артыкбаев Субанбек Мамбетжанович | "Аsian Med Trade" ЖЧК генералдык директору | № 9/4 4.11.2016-ж. |
3 | КСДП | Аракельян Ольга Владимировна | "Кыргызстан балдары" окуучулардын чыгармачылык шаардык борбору | № 9/4 4.11.2016-ж. |
4 | КСДП | Сарбанов Санджар Болотович | "БМЗ" ААК башкаруунун төрагасынын орун басары | № 9/4 4.11.2016-ж. |