Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-ноябры № 192
2016-жылдын 11-декабрына дайындалган "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумдагы (бүткүл добуш берүүдөгү) добуш берүү үчүн бюллетендер жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын референдумунда (бүткүл элдик добуш берүүдө) добуш берүү үчүн бюллетендердин формасы жана коргоо даражасы бекитилсин (1-тиркеме).
2. Кыргыз Республикасынын референдумунда (бүткүл элдик добуш берүүдө) добуш берүү үчүн бюллетендердин тексти бекитилсин (2-тиркеме).
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын (тиркемесиз).
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 8-ноябрындагы № 192 токтомунун 1-тиркемеси |
Кыргыз Республикасынын референдумунун бюллетенинин ФОРМАСЫ
2016-жылдын 11-декабры
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН РЕФЕРЕНДУМУНДА (БҮТКҮЛ ЭЛДИК ДОБУШ БЕРҮҮДӨ) ДОБУШ БЕРҮҮ ҮЧҮН
БЮЛЛЕТЕНЬ
_____________________________________________________________________________________
"Тексти Тексти Тексти Тексти Тексти Тексти Тексти Тексти Тексти Тексти
|
| МАКУЛ |
| КАРШЫ |
|
| ||
|
|
|
|
|
| |||
(тандалган жооптун квадратына тиешелүү белги коюңуз)".
Төрага ____________________ | М.О. | Катчы ___________________ |
Добуш берүү үчүн бюллетенде белги бир квадраттан ашык, алардын бирине дагы коюлбаса, же квадраттан сырткары коюлса, ал жараксыз деп эсептелинет.
Добуш берүү үчүн бюллетенди шайлоо комиссиялардын жайынан сыртка алып чыгарууга тыюу салынат!
"Учкун" ААКсы, тираж ___________
Кыргыз Республикасынын референдумунда добуш берүү үчүн бюллетендин КОРГОО ДАРАЖАСЫ
1. Кыргыз Республикасынын референдумунда добуш берүү үчүн бюллетендерди даярдоодо суу белгилери менен ачык көк түстөгү кагаз же атайын боёк колдонулат.
2. Добуш берүү үчүн бюллетендин тексти бюллетендин бир бетинде гана жайгаштырылып.
3. Добуш берүү үчүн бюллетендин бет жагында төмөнкүлөр жасалат:
3.1. Үстүнкү сол жана төмөнкү оң бурчтарында - атайын (инфракызыл) боёк менен маркирлөө.
3.2. Добуш берүү үчүн бюллетенде референдумга чыгарылган маселенин тексти так басылат жана добуш берүүчүнүн эркин билдирген варианттары "МАКУЛ", "КАРШЫ" сөздөр менен көрсөтүлөт, алардын астында бош квадраттар жайгаштырылат.
3.3. Добуш берүү үчүн бюллетендин төмөнкү жагында төмөнкүлөр жайгаштырылат:
- аны толтуруу тартиби жөнүндө түшүндүрмө;
- участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү, төрагасынын жана катчысынын кол тамгалары үчүн орун;
- добуш берүү үчүн бюллетенди шайлоо комиссияларынын жайларынан сыртка чыгарууга тыюу салган жазуу;
- бюллетенди даярдоочу жана жалпы тираж жөнүндө маалымат.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 8-ноябрындагы № 192 токтомунун 2-тиркемеси |
|
|
2016-жылдын 11-декабры
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН РЕФЕРЕНДУМУНДА (БҮТКҮЛ ЭЛДИК ДОБУШ БЕРҮҮДӨ) ДОБУШ БЕРҮҮ ҮЧҮН
БЮЛЛЕТЕНЬ
_____________________________________________________________________________________
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан долбоору референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) чыгарылган "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын
|
| МАКУЛ |
| КАРШЫ |
|
| ||
|
|
|
|
|
| |||
(тандалган жооптун квадратына тиешелүү белги коюңуз)".
Төрага ____________________ | М.О. | Катчы ___________________ |
Добуш берүү үчүн бюллетенде белги бир квадраттан ашык, алардын бирине дагы коюлбаса, же квадраттан сырткары коюлса, ал жараксыз деп эсептелинет.
Добуш берүү үчүн бюллетенди шайлоо комиссиялардын жайынан сыртка алып чыгарууга тыюу салынат!
"Учкун" ААКсы, тираж ___________