Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-ноябры № 194
2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунун катышуучуларынын тизмесинде референдумдун катышуучусу бар экендиги жөнүндө кабарлоонун формасын бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Референдумдун катышуучуларынын тизмесинде референдумдун катышуучусу бар экендиги жөнүндө кабарлоонун формасы бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 8-ноябрындагы № 194 токтомунун тиркемеси |
Бет жагы
2016-жылдын 11-декабры Кыргыз Республикасынын референдумун (бүткүл добуш берүүнү) өткөрүү күнү | КАБАРЛОО Урматтуу ________________________________________________________ (Ф.А.А.) ________________________________________________________ Сиз, Кыргыз Республикасынын референдумунун катышуучуларынын тизмесине киргизилдиңиз |
Референдумдун катышуучуларынын тизмесинен өзүңүздү текшериңиз! | Референдумдун участогунун № _____________________ (участканын аталышы) Дареги ____________________________________ (референдумдун участогунун дареги) Референдум участкасынын иш тартиби күнүгө саат 8.00дөн 20.00гө чейин Участкалык шайлоо комиссиясы |
Арт жаккы бети
Референдумдун катышуучулары үчүн ЭСКЕРТМЕ Урматтуу референдумдун катышуучусу! - Өзүңүздү референдумдун катышуучуларынын тизмесинен текшериңиз жана өзүңүздүн жеке маалыматтарыңызды тактаңыз. Жаныңызда Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорт бар болуусу зарыл. - Эгерде, өзүңүздү референдумдун катышуучуларынын тизмесинен таппай калсаңыз же анын ичиндеги кандай болбосун ката же так эместиктери тууралуу участкалык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө 2016-жылдын 26-ноябрына чейин арыз менен (Форма № 3) кайрылууга укуктуусуз. - Референдумдун катышуучуларынын тизмеси менен таанышкан учурдан тартып, 2016-жылдын 26-ноябрына чейин, Сиз тиешелүү участкалык шайлоо комиссияга Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун тиркөө менен шайлоо дарек боюнча добуш берүү ниетиңиз жөнүндө арыз менен (Форма № 2) кайрылууга укуктуусуз. Участкалык шайлоо комиссиясы |
Кабарлоо А6 форматтагы газета кагазында даярдалат.