Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-сентябры № 422
Асанбеков Темирбек Ишенбаевичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө
2017-жылдын 27-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер кылып көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жараны Асанбеков Темирбек Ишенбаевичтин 2017-жылдын 27-июлундагы арызы келип түшкөн.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары - конституциялык Мыйзам) 52-беренесинин 1, 7-бөлүктөрүнө ылайык "Президенттин кызматына талапкер 30 миңден кем эмес шайлоочунун колу менен колдоого алынышы керек. Президенттикке талапкерди колдоп кол чогултуу боюнча кол коюу барактары ыйгарым укуктуу өкүлдөр тарабынан, шайлоо күнүнө 50 күн калгандан кечиктирилбестен Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилет".
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 14-июнундагы № 1681-VI токтому менен Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер өзүнүн талапкерлигин колдогон шайлоочулардын колдору бар кол коюу барактарын шайлоо күнүнө 50 календардык күн калгандан кечиктирбестен, башкача айтканда, 2017-жылдын 26-августуна чейинки мөөнөттө берүүгө тийиш.
2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.И.Асанбеков өзүнүн талапкерлигин колдогон шайлоочулардын 33461 колун камтыган кол коюу барактарын Борбордук шайлоо комиссиясына берген.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 2-сентябрындагы № 62 чечими менен "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Асанбеков Темирбек Ишенбаевичтин кол коюу барактарын текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө" Кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун протоколу бекитилген.
Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Асанбеков Темирбек Ишенбаевичтин кол коюу барактарын текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө" Жумушчу топтун протоколуна ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын берилген 33461 колунун ичинен шайлоочулардын 22560 колу ишенимсиз деп, шайлоочулардын 10901 колу жарактуу деп табылган.
"Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Асанбеков Темирбек Ишенбаевичтин кол коюу барактарын текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 2-сентябрындагы № 62 чечими сотто даттанылган жок жана мыйзамдуу күчүнө кирди.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесине жана конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 30 миңден кем эмес шайлоочунун колун чогулткан адам Президенттикке талапкер болуп катталышы мүмкүн.
Конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык талапкерди каттоо үчүн конституциялык Мыйзамга ылайык зарыл документтерди бербей коюу каттоодон баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.
Т.И.Асанбеков Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында белгиленген талаптарды сактабагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 49, 52, 53-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун 2017-жылдын 8-сентябрындагы чечимин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында белгиленген талаптарды сактабагандыгына байланыштуу Асанбеков Темирбек Ишенбаевичке Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер кылып каттоодон баш тартылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Асанбеков Темирбек Ишенбаевичтин тиркемеге ылайык шайлоо жана финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулсун.
3. Ушул токтом күчүнө кирген учурдан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Асанбеков Темирбек Ишенбаевичтин тиркемеге ылайык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоо күбөлүктөрү күчүн жоготту деп табылсын.
4. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 8-сентябрындагы № 422 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.И.Асанбековдун шайлоо жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктары токтотулган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тизмеси.
1. Мурзабаев Мирбек Асаналиевич КЫ № 425;
2. Чонмурунов Нарынбек Омурбекович КЫ № 426;
3. Мырзабеков Бакытбек Рустамович КЫ № 427.