Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-сентябры № 427
Турсунбек Акунду Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө
2017-жылдын 23-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер кылып көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жараны Турсунбек Акундун арызы келип түшкөн.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары - конституциялык Мыйзам) 52-беренесинин 1, 7-бөлүктөрүнө ылайык "Президенттин кызматына талапкер 30 миңден кем эмес шайлоочунун колу менен колдоого алынышы керек. Президенттикке талапкерди колдоп кол чогултуу боюнча кол коюу барактары ыйгарым укуктуу өкүлдөр тарабынан, шайлоо күнүнө 50 күн калгандан кечиктирилбестен Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилет".
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 14-июнундагы № 1681-VI токтому менен Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер өзүнүн талапкерлигин колдогон шайлоочулардын колдору бар кол коюу барактарын шайлоо күнүнө 50 календардык күн калгандан кечиктирбестен, башкача айтканда, 2017-жылдын 26-августуна чейинки мөөнөттө берүүгө тийиш.
2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Турсунбек Акун өзүнүн талапкерлигин колдогон шайлоочулардын 35462 колун камтыган кол коюу барактарын Борбордук шайлоо комиссиясына берген.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 4-сентябрындагы № 65 чечими менен "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Турсунбек Акундун кол коюу барактарын текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө" Кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун протоколу бекитилген.
Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Турсунбек Акундун кол коюу барактарын текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө" Жумушчу топтун 2017-жылдын 3-сентябрындагы протоколуна ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын берилген 35462 колунун ичинен шайлоочулардын 20930 колу ишенимсиз деп, шайлоочулардын 14532 колу жарактуу деп табылган.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесине жана конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 30 миңден кем эмес шайлоочунун колун чогулткан адам Президенттикке талапкер болуп катталышы мүмкүн.
Конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык талапкерди каттоо үчүн конституциялык Мыйзамга ылайык зарыл документтерди бербей коюу каттоодон баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.
Турсунбек Акун Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында белгиленген талаптарды сактабагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 49, 52, 53-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун 2017-жылдын 8-сентябрындагы чечимин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында белгиленген талаптарды сактабагандыгына байланыштуу Турсунбек Акунга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер кылып каттоодон баш тартылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Турсунбек Акундун Тиркемеге ылайык шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыйгарым укуктары токтотулсун.
3. Ушул токтом күчүнө кирген учурдан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Турсунбек Акундун Тиркемеге ылайык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоо күбөлүктөрү күчүн жоготту деп табылсын.
4. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 9-сентябрындагы № 427 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Турсунбек Акундун шайлоо жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктары токтотулган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тизмеси:
1. Мурзагожоев Керемет Нурбекович КЫ № 368;
2. Алишерова Айгул Якуббек кизи КЫ № 369;
3. Тургуналиева Чынаргул Мамбетказиевна КЫ № 370;
4. Ажиев Кишенбек КЫ № 371;
5. Бостериева Уулкан Арзыкуловна КЫ № 372;
6. Кулакматов Калмырза Джумалиевич КЫ № 373;
7. Жакыпбеков Канымет Шакиевич КЫ № 374;
8. Алчынбеков Тынчтыкбек Жумабаевич КЫ № 375;
9. Мадалбеков Элдияр Мадалбекович КЫ № 376;
10. Бабаназаров Нургазы Жолдошович КЫ № 377;
11. Осконалиева Айганыш Аваскановна КЫ № 378;
12. Айбашов Абдрахман Шаразакович КЫ № 379;
13. Шаршембиев Бектурган Асанович КЫ № 380;
14. Мурсадаирова Чолпон Талантовна КЫ № 382;
15. Балтабаев Ырысбай Амирбекович КЫ № 383;
16. Сатаев Замир КЫ № 384;
17. Курманалиев Муратбек Аблабекович КЫ № 385;
18. Мамбетисаев Алтымыш КЫ № 386;
19. Турусбеков Исмаил Русланович КЫ № 387;
20. Исакова Гулбара Зиябидиновна КЫ № 388;
21. Усубалиев Жумадил Эмилович КЫ № 389;
22. Жээнбеков Алишер КЫ № 390;
23. Молдакмат кызы Айдай КЫ № 391;
24. Юнусов Усар Усманович КЫ № 392;
25. Жумабаев Морхабой Бектемирович КЫ № 393;
26. Рахманова Ырыскул КЫ № 394;
27. Кожомбердиев Тургун Телемишевич КЫ № 395;
28. Суранчиева Жазгул Каныбековна КЫ № 396;
29. Жапарбеков Азата Жапарбекович КЫ № 397;
30. Жумашев Ильяз Майрамбекович КЫ № 436;
31. Джанчыкулов Саадабек Эсенбекович КЫ № 437;
32. Укутаев Марат Сулумбекович КЫ № 438;
33. Усенбаева Турсунай Токтоназаровна КЫ № 439;
34. Мусуралиев Асанбек Даирбекович КЫ № 440;
35. Божокоева Жыпаркул Абакировна КЫ № 441;
36. Абдыкулова Умсунай КЫ № 495;
37. Сыдыков Шамил Марасулович КЫ № 496;
38. Тологон кызы Жылдыз КЫ № 498;
39. Айтматов Эрмамат Бекиевич КЫ № 499;
40. Досалиев Кудайкул Айтымбетович КЫ № 501;
41. Салижан уулу Эдилбек КЫ № 471;
42. Усманов Урол Усар угли КЫ № 472;
43. Бексулов Мирбек Каныбекович КЫ № 473;
44. Кадырбекова Салтанат Советбековна КЫ № 474;
45. Бабаназаров Мунарбек Жолдошович КЫ № 475
46. Бабаназаров Уланбек Жолдошович КЫ № 54;
47. Тыналиева Гулумкан Касымовна КЫ № 53.