Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-сентябры № 434
2017-жылдын 3-сентябрында өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө
2017-жылдын 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 1-июлундагы № 125 Жарлыгы менен дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү.
Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинде мандаттардын санын 31ди түзөт. Кара-Суу шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 6 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын санын 9587 түзүп, анын ичинен 5956 шайлоочу добуш берүүгө катышып, бул шайлоочулардын жалпы санынан 62,1% түзөт.
Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы берген протоколунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 56-1-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 3-сентябрындагы Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтомдун көчүрмөсү Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына жана Кара-Суу шаардык кеңешине жиберилсин.
3. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы депутат болуп шайлангандардын тизмесин жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 9-сентябрындагы № 434 токтомуна тиркеме |
2017-жылдын 3-сентябры КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРИНИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛОО
Ош облусу, Кара-Суу району
Кара-Cуу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө ПРОТОКОЛ
Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктоо.
I. 2017-жылдын 3-сентябрында Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү деп табылсын (Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор жана жыйынды таблицалар тиркелет).
II. Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленди. № 1, 2, 3 таблица түрүндө сунушталат.
№ 1 таблица
№ | Саясий партиянын аталышы (шайлоо бюллетенинде көрсөтүлгөн тартипте) | Саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын саны | % |
1 | "РЕСПУБЛИКА" саясий партиясы | 311 | 5,27 |
2 | "Кыргызстан" саясий партиясы | 578 | 9,79 |
3 | "Бир Бол" Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик" саясий партиясы | 13 | 0,22 |
4 | "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясы | 757 | 12,82 |
5 | "ӨНҮГҮҮ-ПРОГРЕСС" саясий партиясы | 346 | 5,86 |
6 | "Кыргызстан социал-демократтар партиясы" саясий партиясы | 3789 | 64,19 |
7 | "Талапкерлердин тизмесинин баардыгына каршы" позициясы үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын саны | 109 | 1,85 |
№ 2 таблица
2 | Участкалык шайлоо комиссиялары алган шайлоо бюллетендеринин саны |
Тогуз миң үч жүз он эки |
| |||||
3 | Шайлоо участкаларында шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын саны |
Тогуз миң беш жүз сексен жети |
| |||||
4 | Жокко чыгарылган шайлоо бюллетендеринин саны |
Үч миң үч жүз элүү алты |
| |||||
5 | Шайлоо бюллетендерин алган шайлоочулардын жалпы саны (5=5а+5б+5в) |
Беш миң тогуз жүз элүү алты |
| |||||
5а | Добуш берүү үчүн жайда шайлоо бюллетендерин алган шайлоочулардын саны |
Беш миң сегиз жүз кырк үч
|
| |||||
5б | Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү үчүн бюллетендерди алган шайлоочулардын саны (жарактуу көчмө үкөктөр боюнча) |
Бир жүз он үч
|
| |||||
5в | Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү үчүн бюллетендерди алган шайлоочулардын саны (жараксыз көчмө үкөктөр боюнча) |
нөл |
| |||||
6 | Жараксыз көчмө үкөктөрдөн алынып чыккан бюллетендердин саны |
нөл |
| |||||
7 | Жарактуу шайлоо бюллетендеринин саны |
Беш миң тогуз жүз үч |
| |||||
8 | Жараксыз шайлоо бюллетендеринин саны (жараксыз көчмө үкөктөрдөн алынып чыккан бюллетендер эске алынбайт, б.а. 6-сап эске алынбайт) |
Элүү үч |
|
№ 3 таблица
III. Шайлоонун натыйжалары төмөнкүдөй аныкталды:
1 | Депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө укук алган саясий партиялардын аталышы | ||
| 1. Кыргызстан социал-демократтар партиясы" саясий партиясы 2. "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясы 3. "Кыргызстан" саясий партиясы | ||
2 | Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 56-1-беренесинин негизинде депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө укук алган саясий партиялардын ортосунда депутаттык мандаттардын төмөнкүдөй бөлүштүрүлүшүн аныктады: | ||
| Саясий партиянын аталышы | Депутаттык мандаттын саны | |
1 | "Кыргызстан социал-демократтар партиясы" саясий партиясы | 23 | |
2 | "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясы | 5 | |
3 | "Кыргызстан" саясий партиясы | 3 | |
3 | Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 56-1-беренесинин негизинде саясий партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесиндеги ар бир шайланган депутаттарды төмөнкүдөй аныктады: | ||
№ | Саясий партиянын аталышы | № | Депутаттын фамилиясы, аты, атасынын аты |
1 | "Кыргызстан социал-демократтар партиясы" саясий партиясы | 1 | Козубаев Кутугали Колчакович |
2 | Юсупов Зияидин Джалалович | ||
3 | Рамашов Тахир Юсупович | ||
4 | Кокоев Садык Жусупович | ||
5 | Рахимов Мамиржан Каримович | ||
6 | Орозмаматова Венера Абдисаматовна | ||
7 | Хатамов Рустам Хакимжанович | ||
8 | Мамадалиев Абылкасым Макмудович | ||
9 | Эгемкулов Нурбек Кадырбекович | ||
10 | Турдиев Маруфжан Розиевич | ||
11 | Чырмашев Ысмайыл | ||
12 | Бегматова Айнура Жожобаевна | ||
13 | Сулайманов Алмазбек Мамытович | ||
14 | Усманов Ядгарбек Шафкатович | ||
15 | Мамаразыков Мамарасул | ||
16 | Шаятов Фарохиддин Абдусаттарович | ||
17 | Назаров Абдурахман Осмоналиевич | ||
18 | Шакеева Курбанжан | ||
19 | Асанов Жаныбек Токтосунович | ||
20 | Жаанбаев Акылбек Апсатарович | ||
21 | Умаров Эркин | ||
22 | Исаков Махамат Исмаилжанович | ||
23 | Бакыева Суйумкан Маданбековна | ||
2 | "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясы | 24 | Маматоморов Болотбек Аматович |
25 | Кубатбек уулу Эдил | ||
26 | Сайдиллаев Толкунбек Сайдиллаевич | ||
27 | Кочкоров Нурлан Аскербекович | ||
28 | Нурбаев Кубанычбек Мухитдинович | ||
3 | "Кыргызстан" саясий партиясы | 29 | Рахматуллаев Бегижон Кабылжанович |
30 | Кушбаков Шавкат Шамшидинович | ||
31 | Турсуналиев Шукур Турсуналиевич | ||
Протокол 2017-жылдын 6-сентябрында саат 16.37 мүнөттө түзүлдү.