Редакцияот 13.09.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

 2017-жылдын 13-сентябры № 441

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Жээнбеков Сооронбай Шариповичтен ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө түшкөн арызына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин ишенимдүү адамдары болуп тиркемеге ылайык төмөнкү жарандар катталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин тиркемеге ылайык ишенимдүү адамдарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Шайлдабекова

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 441 токтомуна тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш.Жээнбековдун ишенимдүү адамдарынын ТИЗМЕСИ

1. Абдраев Анвар Карыкеевич

2. Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович

3. Бакчиев Талантаалы Алымбекович

4. Бокошев Жамгырбек

5. Дыйканбаев Курманбек Сапарович

6. Исагалиев Мирлан Исагалиевич

7. Ишебаев Турдубек Ишебаевич

8. Кызаев Алмазбек

9. Рысалиев Зарылбек Кылычбекович

10. Сагыналиев Койчуман Сагыналиевич