Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-сентябры № 443
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.Ш.Масадыковдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө
2017-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.Ш.Масадыковдон өзүнүн шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн кайра чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсү келип түштү.
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 8-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.Ш.Масадыковдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тиркемеге ылайык ыйгарым укуктары токтотулсун.
2. Тиркемеге ылайык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө берилген каттоо ырастамалар ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып күчүн жоготту деп табылсын.
3. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 443 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.Ш.Масадыковдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктары токтотулган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ТИЗМЕСИ
1. Мегенов Максутбек Бурканович КЫ № 285
2. Эрмегалиев Аскер Токтосунович КЫ № 286
3. Заффаров Курустанбек Аскарбекович КЫ № 287
4. Усувалиев Алмаз Кадыркулович КЫ № 283
5. Нышаналиев Саламбек КЫ № 281
6. Калчаева Айнагул Дуйшембиевна КЫ № 282
7. Текешов Рахимбек Анарбекович КЫ № 345
8. Шейшеналиев Нурдин Канатбекович КЫ № 346
9. Кулумбаева Бэла Темировна КЫ № 347
10. Токомбаева Нуржамал Сейиткановна КЫ № 348
11. Досназаров Эмил Нооманович КЫ № 330
12. Истанов Юруслан Истанович КЫ № 288
13. Какеев Искандер Абитаевич КЫ № 332