Загрузка документа…
КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 29-октябрындагы № 279 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-июну № 158
"Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө" нускаманы бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22, 27, 41, 46, 53, 54-беренелеринин негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө" нускама бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 15-июлундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө" нускаманы бекитүү тууралуу" № 30 токтомун күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчисине жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
КР БШКнын 2017-жылдын 14-июнундагы № 157 токтому менен бекитилген
|
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө
Нускама
(КР БШК 2017-жылдын 28-сентябры № 486 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө нускама (мындан ары - Нускама) “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (мындан ары-Мыйзам) ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүнүн жана чыгымдалышынын тартибин, анын ичинде талапкердин атайын шайлоо эсептерин ачуунун жана жүргүзүүнүн тартибин жөнгө салат.
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер (мындан ары-талапкер) көрсөтүлгөндөн кийин 5 календарлык күндүн ичинде шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн өз шайлоо фондун түзөт. Шайлоо фондун түзгөн бардык акча каражаттары банктагы атайын эсепке которулат. Бул эсеп талапкер тарабынан Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары-Борбордук шайлоо комиссиясы) уруксааты менен №2 форма (тиркелет) боюнча ачылат.
Шайлоо фондунун каражаттарын тескөө укугу бул фондду түзгөн талапкерлерге, алардын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө таандык.
3. Банк мекемелердин тизмеси, көрсөтүлгөн эсептерди ачуунун, жүргүзүүнүн, шайлоо фонддорунун каражаттары боюнча эсепке алуунун жана отчеттулуктун тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан банк мекемелер менен макулдашуу боюнча белгиленет.
4. Бардык акча каражаттары шайлоо фонддорунун эсептерине улуттук валюта түрүндө киргизилет. Чет өлкөлүк валюта түрүндө которууга тыюу салынат. Бул эсептер боюнча пайыздар кошулуп эсептелбейт жана төлөнбөйт.
5. Шайлоо фонддорунун каражаттары максаттуу багытка ээ. Алар шайлоо өнөктүгүн жүргүзүү менен байланышкан чыгымдарды жабууга гана пайдаланылышы мүмкүн.
6. Талапкер өзүнүн талапкерлигин алып салган же талапкерди каттоодон алып салган учурда, шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттары аларды кошкон жарандарга жана уюмдарга кайра кайтарылууга тийиш. Мында көрсөтүлгөн каражаттарды кайра кайтаруу менен байланышкан чыгымдар аларды кошкон жарандар менен уюмдардын эсебинен жабылат.
7. Шайлоо фонддорунун акча каражаттарынын келип түшүү булактарына, алардын туура эсептелишине жана пайдаланылышына, шайлоо күрөөсү коюлушуна жана кайра кайтарылышына контролдукту, талапкердин финансылык отчетторун текшерүүнү Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобу жүзөгө ашырат.
2. Шайлоо фонддорун түзүү
8. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык талапкер көрсөтүлгөндөн кийин 5 календарлык күндүн ичинде өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн өзүнүн шайлоо фондун түзөт. Талапкер өзүнүн талапкерлигин алып салган же талапкерди каттоодон алып салган учурда, шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттары аларды кошкон жарандарга жана уюмдарга кайра кайтарылууга тийиш. Катталган талапкерлер шайлоо алдындагы үгүттү каржылоо үчүн өздөрүнүн шайлоо фонддорунун ачык эсептерин жүргүзүүнү улантат.
9. Талапкерлердин шайлоо фондулары төмөнкү акча каражаттардын, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан эске алына турган үгүт-маалымат мүнөзүндөгү материалдардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
10. Кайрымдуулук көрсөтүү деп талапкердин шайлоо фондунун атайын шайлоо эсебине өз акча каражаттарын ыктыярдуу киргизүү таанылат.
11. Белгиленген өлчөмдөн ашыкча келип түшкөн акча каражаттары шайлоо фондуна чегерүүгө жатпайт жана аларды берген жарандар менен уюмдарга кайтарылып берилет. Мында көрсөтүлгөн каражаттарды кайра кайтаруу менен байланышкан чыгымдар аларды кошкон жарандар менен уюмдардын эсебинен жабылат
3. Шайлоо фонддоруна кайрымдуулукка тыюу салуулар
12. Шайлоо фонддоруна төмөнкүлөрдүн ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнө жол берилбейт:
- чет мамлекеттердин, чет өлкөлүк мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана ишканалардын, башка чет өлкөлүк юридикалык жактардын, алардын бөлүмдөрүнүн жана өкүлчүлүктөрүнүн, катышуучусу чет өлкөлүк жарандар жана юридикалык жактар болуп саналган чет өлкөлүк жарандардын, эл аралык уюмдардын Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактарынын;
- жарандыгы жок адамдардын;
- мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын;
- мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын;
- уставдык капиталында мамлекеттик же муниципалдык үлүш бар, ошондой эле салыктар, жыйымдар жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча жеңилдиктерден пайдаланган юридикалык жактардын;
- аскер бөлүктөрүнүн, аскердик мекемелердин жана уюмдардын;
- укук коргоо органдарынын, соттордун;
- кайрымдуулук менен алектенген уюмдардын;
- диний уюмдардын;
- атын атабай кайрымдуулук кылуучулардын.
13. Атын атабай кайрымдуулук кылуучу болуп, эгерде жаран төмөнкүдөй маалыматтын бирин: фамилиясын, аты, атасынын аты, жашаган жеринин дарегин, паспорттунун маалыматтарын көрсөтпөсө - же ал өзү жөнүндө ишенимсиз маалыматтарды көрсөткөндө түшүндүрүлөт.
14. Талапкердин шайлоо фондуна ишкердикти юридикалык жакты түзбөстөн жүргүзгөн, бюджетке же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна карызы бар юридикалык жактардын, жеке адамдардын акчалай каражаттарын кошушуна жол берилбейт. Талапкер жогоруда көрсөтүлгөн юридикалык жак, жеке адам тарабынан шайлоо фондуна акча каражаттарын чегерген учурда жоопкерчилик тартпайт. Талапкердин шайлоо фондуна жогоруда көрсөтүлгөн жеке жана юридикалык жактар тарабынан акча каражаттары келип түшкөн учурда соттун чечими боюнча банк же башка мекеме ал каражаттарды Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын фондуна чегерүүгө милдеттүү ал болсо өз учурунда аталган каражаттарды Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна же мамлекеттик бюджетке чегерет.
4. Атайын шайлоо эсептерин ачуу тартиби
15. Өзүнүн шайлоо фондун түзүү үчүн атайын шайлоо эсебин ачуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү № 1-форма (тиркелет) боюнча атайын шайлоо эсебин ачуу үчүн зарыл документтерди тариздөө жөнүндө өтүнүч менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылууга милдеттүү.
16. Талапкер же анын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Борбордук шайлоо комиссиясынан №2 форма боюнча (тиркелет) уруксаат алгандан кийин өзүнүн жеке шайлоо фондун түзүү үчүн атайын шайлоо эсебин ачууга милдеттүү.
17. Банк талапкерге атайын шайлоо эсебин ачуу үчүн банкка төмөнкүлөр берилгенден кийин тез арада жүргүзөт:
1)шайлоо фондун ачуу жөнүндө арызы (банкта берилет);
2) кардардын – жеке жактын анкетасы (банкта берилет);
3) бенефициар менчиктин анкетасы (банкта берилет);
4) талапкер же анын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн колтамгаларынын үлгүлөрү менен карточкалар (банкта берилет);
5)№ 2-форма боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын жазуу жүзүндөгү уруксаты (тиркелет);
6) каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн паспорту;
7)талапкердин каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсү;
8) каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн күбөлүгү.
18. Талапкер же анын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү атайын шайлоо эсеби ачылган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө өзүнүн шайлоо фондунун эсебинин реквизиттерин № 3 форма боюнча (тиркелет) Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.
19. Талапкер өзүнүн шайлоо фондун түзүү үчүн бир гана атайын эсепти ачууга укуктуу.
20. Эсепти тейлөөнүн бардык шарттары банктык эсепти тейлөө келишиминде чагылдырылууга тийиш.
5. Акча каражаттарын шайлоо фонддоруна которуу
21. Талапкерлердин шайлоо фонддоруна ыктыярдуу берүүлөр жеке жана юридикалык жактардан эсептешүүнүн накталай жана накталай эмес формада кабыл алынат.
22. Талапкердин шайлоо фондунун тиешелүү шайлоо эсебине жеке адамдардан келип түшкөн ыктыярдуу каражаттарды банктардын мекемелери Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту көрсөтүлгөндө гана кабыл алат. Төлөм документтеринде кайрымдуулук кылгандын фамилиясын, аты-жөнүн, туулган датасын, жашаган (катталган) жеринин дарегин, жарандын паспортунун сериясын жана номурун көрсөтүүгө тийиш, аларды банк кызматкери паспорттун маалыматтары менен салыштырат. Накталай акча взносуна квитанцияларда кайрымдуулук кылуучунун толук маалыматтары «төлөмдүн багыты» деген графада көрсөтүлөт. Талапкерлердин № 4 формадагы отчетунда (тиркелет) кайрымдуулук кылуучунун маалыматтары “Түшкөн булагы” тилкесинде көрсөтүлөт. Банктардын отчетунда кайрымдуулук кылуучунун маалыматтары “Уюмду идентификациялаган реквизиттер же кайрымдулук кылган адам” тилкесинде көрсөтүлөт. Акча каражаттарын алган банк көрсөтүлгөн каражаттары чегерүүдө банктын төлөм тапшырыгына кайрымдуулуктар жөнүндө маалыматтарды толугу менен көрсөтүүсү керек.
23. Талапкердин тиешелүү шайлоо эсебине келип түшкөн юридикалык жактын ыктыярдуу берүүлөрү банк мекемелери тарабынан тиешелүү салык инспекциясына жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бөлүмүнө карызы жок экендиги жөнүндө маалымкаттар көрсөтүлгөндө гана кабыл алынат. Юридикалык жактардын төлөм документтериндеги «төлөмдүн багыты» деген графада: салык төлөөчүнүн идентификациялык номуру, юридикалык жактын толук аталышы, жайгашкан дареги камтылууга тийиш.
6. Шайлоо фонддорунун каражаттарын эсепке алуу жана чыгымдоо
24. Шайлоо фонддорунун каражаттары төмөнкүлөргө гана пайдаланылышы мүмкүн:
25. Талапкер, каражат берүүчүлөр добуш берүү күнүнө чейин белгиленген тартипте которгон, жарандардын жана юридикалык жактардын берүүлөрүн гана пайдаланууга укуктуу.
Талапкерлерге шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу боюнча иштерге акы төлөө, шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү, шайлоо алдындагы башка иш чараларды жүзөгө ашыруу үчүн башка акча каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат.
26. Талапкер банк мекемесиндеги өзүнүн шайлоо фондунун эсебине келип түшкөн акча каражаттарынын булактары жана өлчөмдөрү жөнүндө маалымат менен жумасына кеминде банк мекемесинде бир жолу таанышууга милдеттүү.
Талапкерлер өздөрүнүн шайлоо фондусундагы эсептердеги каражаттардын келип түшүшүн жана чыгымдалышынын эсебин № 4 форма (тиркелет) боюнча жүргүзүүгө милдеттүү.
27. Банк мекемелери талапкердин шайлоо фондунун атайын шайлоо эсебине акча каражаттарынын келип түшүшү жана алардын чыгымдалышы жөнүндө маалыматты № 5 форма (тиркелет) боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына берет.
Көрсөтүлгөн маалыматтар банктык мекеменин жетекчисинин колтамгасы жана мөөрү бар кагазда жана электрондук түрдө жумасына кеминде бир жолу, ал эми добуш берүү күнүнө чейин 10 күн калганда - үч операциялык күндө бир жолу, Борбордук шайлоо комиссиясынын талабы боюнча – 24 сааттын ичинде берилет.
28. Бардык финансылык операциялар, анын ичинде жеке жана юридикалык жактар менен атайын эсептер боюнча эсептешүү шайлоо күнүнөн мурдагы күнү саат 18де токтотулат.
29. Шайлоо фонддорунун каражаттарына, көрсөтүлгөн фонддорго ыктыярдуу берүүлөргө жана которууларга, ошондой эле көрсөтүлгөн фонддордон чыгымдарга салык салуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
7. Талапкерлердин жарандар жана юридикалык жактар менен эсептешүүлөрү
30. Жарандар жана юридикалык жактар талапкерлер үчүн аткарган акы төлөнүүчү иштер жана кызмат көрсөтүүлөр жазуу жүзүндө (келишим, эсеп, акт) толтурулууга тийиш. Келишимдер жеке талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү менен түзүлөт. Келишимдер тараптардын реквизиттерин, тапшырылуучу иштин көлөмү жөнүндө маалыматтарды, анын наркын, иштердин түрлөрү боюнча бааларды (калькуляция, смета), акы төлөө тартибин, иштерди аткаруу мөөнөтүн, тараптардын жоопкерчилигин жана башка шарттарды камтууга тийиш. Талапкерлер иштерди аткарууга жана кызмат көрсөтүүгө жарандарды тартышы жөнүндө келишимдер Кыргыз Республикасынын жашы жеткен жарандары менен гана түзүлүшү мүмкүн.
Аткарылган иштер жана кызмат көрсөтүүлөр заказчы (талапкер, талапкердин каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү) жана аткаруучу кол койгон аларды кабыл алуу актылары же берилген продукцияга накладной документтери менен ырасталууга тийиш.
31. Талапкерди колдогон шайлоо алдындагы үгүт материалдарын чыгаруу, жайгаштыруу жана таркатуу менен байланышкан заказдарды түзүү учурунда жарандар жана юридикалык жактар мезгилдүү басылманын редакциясына, телекерсөтүү уюмуна, үгүт продукциясын чыгарууну жүзөгө ашырган ишканага № 6 тиркемеде келтирилген форма боюнча бул иштерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткарууга жана аларга шайлоо фондунан төлөөгө талапкердин же анын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн макулдугун жазуу жүзүндө ырастоону берет.
32. Талапкердин шайлоо фондунун каражаттарынан алдын ала акы төлөнмөйүнчө эфир убактысын берүүгө талапкерлердин басма үгүт материалдарын даярдоого тыюу салынат. Алдын ала төлөмдөр жүргүзүлбөгөн учурда телерадио берүү уюмдардын каналдарында обо убактысын берүүгө, мезгилдүү басылмалардын редакциялары менен басылма аянтты берүүгө тыюу салынат. Көрсөтүлгөн шарттар бузулган учурда жоопкерчиликти ошол талапкерлер жана телерадио берүү уюмдардын мезгилдүү басылмалар тартышат.
33. Бардык басылма жана башка үгүт материалдары үгүт материалдарын даярдаган уюмдун аталышын жана дарегин (адамдардын фамилиясын, аты-жөнүн жана жашаган жеринин дарегин), бул үгүт материалдарын даярдоону заказ кылган жактын фамилиясын, аты-жөнүн (уюмдун аталышын), алардын нускасы жана чыгаруу датасы жөнүндө маалыматты, ошондой эле заказга акы төлөгөн талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясын, аты-жөнүн камтууга тийиш.
34. Талапкерлердин атайын эсептеринен төлөө боюнча контракттар же макулдашуулар шайлоо күнүнөн мурунку күндөн кечиктирбестен тузүлүугө тийиш.
35. Жарандар жана юридикалык жактар талапкерге аны шайланышына көмөк болуучу ишти шайлоо фонддору аркылуу гана финансылык (материалдык) жардам көрсөтүүгө укуктуу. Материалдык байлыктарды убактылуу пайдаланууга берүү жолу менен талапкердин шайлоо алдындагы ишин материалдык жактан колдоону жүзөгө ашыруу тиешелүү келишимдер түзүлгөн жана шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен төлөнгөн шартта гана мүмкүн.
Юридикалык жактар, алардын филиалдары, өкүлчүлүктөрү шайлоо менен тике же кыйыр байланышкан иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү акысыз аткарышына, товарларды акысыз сатышына же негизсиз төмөндөтүлгөн баалар боюнча аткарышына, сатышына тыюу салынат. Айрым иштерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаргандыгы үчүн талапкер менен юридикалык жактардын ортосундагы өз ара эсептешүүлөр накталай эмес тартипте гана жүзөгө ашырылат.
8. Шайлоо күрөөсү
36. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катталганга чейин жана берилген документтери текшерилгенден кийин өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан 1млн сом өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине киргизет.
37. Шайлоо күрөөсү добуш берүүгө катышкан щайлоочулардын 5 пайздан кем эмес добуштарды алган талапкерлерге, Борбордук шайлоо комиссиясына өз фондунун өлчөмү жана аны түзүүнүн бардык булактары, ошондой эле бардык сарпталган чыгымдар жөнүндө отчетту № 7 форма (тиркелет) боюнча бергенден кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен кайтарылып берилет. Шайлоо күрөөсү «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында белгиленген талаптарды сактабагандыгына байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болуп каттоодон баш тартылган талапкерлерге кайра кайтарылат.
(КР БШК 2017-жылдын 28-сентябры № 486 токтомунун редакциясына ылайык)
Эгерде Борбордук шайлоо комиссиясыКыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкердин каттоосун жокко чыгарса, талапкер «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында белгиленген талаптарды бузса, ошондой эле шайлоого андан ары катышуудан баш тартуу жөнүндө талапкердин жазуу жүзүндөгү жеке арызы боюнча талапкерлерге шайлоо күрөөсү кайра кайтарылбайт.
(КР БШК 2017-жылдын 28-сентябры № 486 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Күрөөнүн калган суммасы бюджеттин эсебине киргизилбейт жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоолорду даярдоонун жана өткөрүүнүн максаттуу багыттарында шайлоо системасын өркүндөтүүгө пайдаланылат.
9. Отчеттуулук жана контролдук
39. Талапкер Борбордук шайлоо комиссиясына өз фондун түзүүнүн өлчөмдөрү жөнүндө жана бардык булактары жөнүндө, ошондой эле бардык жүргүзүлгөн чыгымдар жөнүндө боюнча отчет берүүгө милдеттүү № 7 форма (тиркелет).
Отчет кагазда жана электрондук версияда төмөнкүдөй катарда берилет:
1) биринчи финансылык отчет - Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо күрөөсү коюлгандыгын ырастаган документтерди жана каттоо үчүн зарыл болгон башка документтерди берүү менен бир учурда;
2) экинчи финансылык отчет - добуш берүү күнүнө чейин 10 күндөн кечиктирбестен;
3) үчүнчү жыйынтыктоочу финансылык отчет – шайлоодон кийин 10 күндөн кийин кечиктирбестен. Отчеттогу маалыматтар отчетту тапшыруу датасына чейинки 3 күндөн ашпаган датага карата түзүлөт.
Жыйынтыктоочу отчетко төмөнкүлөр тиркелет:
1) талапкердин атайын шайлоо фондусунун акча каражаттары келип түшүшүнүн жана чыгымдалышынын эсепке алуусу (№ 4 форма);
2) шайлоо фондунун каражаттары келип түшкөндүгүн жана чыгымдалгандыгын ырастаган баштапкы финансылык документтер.
Бул материалдарды даярдаган же заказ кылган уюмдун (жактын) турган жери жөнүндө (жашаган жеринин дареги жөнүндө) маалыматтар көрсөтүлгөн шайлоо алдындагы басма, аудиовизуалдык жана башка бардык үгүт материалдарынын нускалары же көчүрмөлөрү. Техникалык мүмкүнчүлүктөр жок болгон учурда үгүт материалдары фотокөчүрмө түрүндө берилиши мүмкүн.
40.Жыйынтыктоочу финансылык отчеттогу баштапкы финансылык документтер атайын шайлоо эсептериндеги финансылык операциялар чагылдырылышына жараша хронологиялык ырааттуулукта тандалууга тийиш. Мында шайлоо фонддорунун атайын эсептеринен көчүрүп алуулар негиз катары кабыл алынат, аларга эсепке акча каражаттарын кошуу же андан чыгаруу үчүн негиз болгон зарыл документтер тиркелет.
41.Жыйынтыктоочу финансылык отчет брошюраланган түрдө берилүүгө жана барактардын, анын ичинде тиркемелердин баштан аяк номурлары болууга тийиш. Борбордук шайлоо комиссиясынын суроо-талабы боюнча маселелер келип чыккан учурда талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү финансылык отчетко түшүндүрмө катты берет.
42. Финансылык отчетко каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кол коёт. Талапкер жыйынтыктоочу финансалык отчетту Борбордук шайлоо комиссиясына берүү кабыл алуу актысы менен таризделет.
43. Жыйынтыктоочу финансылык отчету берилгенге чейин талапкерде калган бардык накталай каражаттар тиешелүү атайын шайлоо эсебине кайтарылып берилүүгө тийиш.
44. Атайын эсептеги чыгымдалбаган акча каражаттарынын калдыктары кошкон каражаттарына пропорциялуу түрдө аларды берген, болбосо которгон уюмдардын же адамдардын эсептерине финансылык отчетту берүүдөн мурда Борбордук шайлоо комиссиясынын уруксааты менен кайтарылып берилет. Көрсөтүлгөн суммаларды кайтаруу банктын чыгымдарын эсептен алуу менен жүргүзүлөт.
45. Талапкердин финансылык отчетун берүү милдети каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлгө жүктөлөт.
10. Финансылык тартипти бузгандык үчүн жоопкерчилик
46. Талапкер өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоо учурунда шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары талапкердин шайлоо фондунун каражаттарынан бардык чыгымдардын белгиленген жалпы суммасынан 0,5 пайыздан ашыкты түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечикпестен таалпкердин каттоосун алып салууга укуктуу
47. Талапкер ушул Нускама менен белгиленген талаптарды бузган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы бузуу жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүү берүүгө укуктуу.
48. Борбордук шайлоо комиссиясы бузуунун фактысын аныктоо максатында көмөктөшүү үчүн мамлекеттик бийлик органдарына, укук коргоо органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мекемелерине, уюмдарга, ишканаларга кайрылууга укуктуу.
№ 1 Форма
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Атайын шайлоо эсепти ачуу жөнүндө
_______________________________________________________________________________________________________
(шайлоо деңгээлинин аталышы)
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына
талапкер____________________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________________(банкында)
(банктын аталышы, юридикалык дареги)
___________________________________________________________________________________________________
өз шайлоо фондун түзүү үчүн атайын шайлоо эсебин ачуу үчүн документтерин тариздөөгө уруксаат берүүнү өтүнөт.
Шайлоо фонддун акча каражаттарын тескөөгө ыйгарым укуктуу адамдары болуп,
биринчи колу укугу менен______________________________________________________________
(талапкердин ФААсы)
Биринчи колу укугу менен каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл
____________________________________________________________________________________
(Ф.А.А.)
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы жана “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө” Нускама менен талапкер, каржы маселелри боюнча ыйгарым укуктуу өкүл таанышкан.
Талапкер_____________________________________________________________________________
(ФАА, колу)
Талапкердин акча каражаттарын тескөөгө ыйгарым укуктуу адам _____________________________________________________________________________________
(Ф.А.А,колу)
№ 2 Форма
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИН ШАЙЛОО
Атайын шайлоо эсебин ачуу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо фондун түзүү үчүн атайын шайлоо эсебин ачууга уруксаат берет.
_________________________________________________________________________
(талапкердин ФААсы)
Талапкердин шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл____________________________________________________________________
(Ф.А.А.)
№3 Форма
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИН ШАЙЛОО
Банк мекемесиндеги атайын шайлоо эсебинин реквизиттери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына
талапкер__________________________________________________________________
(талапкердин ФААсы)
Шайлоо алдындагы өнөктүктү өткөрүү үчүн
___________________________________________________________________________
(банктын аталышы)
№ ____________________________________атайын шайлоо эсеп ачылгандыгы
тууралуу маалымдайм.
___________________________________________________________________________
(каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн ФААсы)
__________________________
(колу)
№4 Форма
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИН ШАЙЛОО
талапкердин атайын шайлоо фондусундагы акча каражаттарынын келип түшүүшүн жана чыгымдалышын ЭСЕПКЕ АЛУУ
________________________________________________
(талапкердин ФААсы)
______________________________________________________
(атайын шайлоо эсептин реквизиттери)
1. Шайлоо фондго каражаттардын келип түшкөндүгү
Алыш-бериш эсебине каражаттардын чегерүүсүнүн датасы | Келип түшкөндүн булагы | Финанасылык отчеттун сабынын шифри | Сумма (сом) | Каражаттардын түшкөндүгүн тастыктаган документ |
Белгиленген тартиптин бузулушу менен түшкөн жана кайра кайтарып берүүгө жаткан каражаттар |
|
|
|
|
|
|
Бардыгы: |
|
|
|
|
|
|
2. Шайлоо фонддун каражаттарынан чыгымдалды
Чыгым операциясынын датасы | Каражаттар кимге которулушу | Финансылык отчеттун сабынын шифри | Сумма (сом менен) | Чыгымдардын түрү | Чыгымдарды тастыктаган документ | Акча каражаттарды которуу үчүн негиздер
| Фондго адашып которулган, пайдаланылбаган каражаттардын которулган суммасы | Иш жүзүндө чыгымдалган каражаттардын суммасы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Бардыгы: |
|
|
|
|
|
|
|
|
№ 5 Форма
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИН ШАЙЛОО
Талапкердин шайлоо фондусундагы атайын шайлоо эсебинде турган акча каражаттардын түшкөндүгү жана чыгымдалышы тууралуу маалымат
________________________________________________________________________________
(таалпкердин ФААсы)
________________________________________________________________________________
(атайын шайлоо эсептин реквизиттери)
2017-жылдын "__"_______тартып 2017-жылдын "__"_______ чейин мезгилде каражат түштү
Бардыгы:
анын ичинде:
Алыш-бериш эсебине каражаттардын чегерүүсүнүн датасы | Келип түшкөндүн булагы | Кайрымдуулук ишке ашырган адамдын же уюмду идентификациялаган реквизиттер
| Сумма (сом) | Келип түшкөндөрдүн түрлөрү | Каражаттардын түшкөндүгүн тастыктаган документ |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Бардыгы: |
|
|
|
|
|
2017-жылдын "__"_______тартып 2017-жылдын "__"_______ чейин мезгилде чыгымдалды
Бардыгы:
анын ичинде:
Алыш-бериш эсебине каражаттардын чегерүүсүнүн датасы | Каражаттар кимге которулду | Сумма (сом) | Чыгымдар-дын түрлөрү | Каражаттардын чыгымдалышын тастыктаган документ | Акча каражаттарды алуу үчүн негиздер
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Бардыгы: |
|
|
|
|
|
Банктын башкаруучусу _________________________________________________________
(ФАА, колу)
№6 Форма
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИН ШАЙЛОО
Каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн макулдугун тастыктоо
Талапкер___________________________________________________________________
(талапкердин, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн ФААсы)
Эсептин № ____________________________________________________________________
(атайын шайлоо эсептин реквизиттери)
2017-жылдын "__"________№ _________келишимине ылайык иштерди (товарларды
сатуу, кызматтарды көрсөтүү) аткарууга жана аларды шайлоо фонддун эсебинен төлөөгө, ошондой эле үгүт материалдарды жайылтууга уруксаат берет (ишет)
___________________________________________________________________________
(жарандын ФААсы, аткаруу уюмдун аталышы)
___________________________________________________________________________
(талапкердин ФААсы)
Каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл
___________________________________________________________________________
(каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн ФААсы)
__________________________
(колу)
№ 7 Форма
ШАЙЛОО ФОНДУГА КАРАЖАТТАРДЫН КЕЛИП ТҮШҮШҮ ЖАНА ЧЫГЫМДАЛЫШЫ ЖӨНҮНДӨ
ФИНАНСЫЛЫК ОТЧЕТ
__________________________________
(биринчи, жкинчи, жыйынтыктоочу)
____________________________________________________________________________
(талапкердин ФААсы, атайын эсептин реквизиттери)
| финансылык отчеттун сабы | Саптын шифри | Сумма, сом менен | Эскертүү |
| 1 | 2 | 3 | 4 |
1. | Шайлоо фондуга каражаттардын келип түшкөндүгү, бардыгы : | 10 |
|
|
| Анын ичинде: |
|
|
|
1.1. | Шайлоо фондду түзүү үчүн белгиленген тартипте каражаттардын келип түшкөндүгү, алардын ичинен: | 20 |
|
|
1.1.1. | Талапкердин менчик каражаттары | 30 |
|
|
1.1.2. | Талапкерге, аны көрсөткөн саясий партия тарабынан бөлүнгөн каражаттар
| 40 |
|
|
1.1.3. | Жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары | 50 |
|
|
1.1.4. | Юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары | 60 |
|
|
2. | Шайлоо фондунан акча каражаттардын кайтарылып берилиши, бардыгы: | 70 |
|
|
| Анын ичинен: |
|
|
|
2.1. | Бюджеттин кирешесине которулгандыгы | 80 |
|
|
2.2. | Белгиленген тартипти бузуу менен ыктыярдуу кайрымдуулукту төккөн жеке жана юридикалык жактарга акча каражаттардын кайтарылып берилиши | 90 |
|
|
| Алардын ичинен: |
|
|
|
2.2.1. | Кайрымдуулукту ишке ашырууга тыюу салынган же милдеттүү маалыматтарды көрсөтпөгөн жарандар | 100 |
|
|
2.2.2. | Кайрымдуулукту ишке ашырууга тыюу салынган же төлөм документтерде милдеттүү маалыматтарды көрсөтпөгөн юридикалык жактар | 110 |
|
|
2.2.3. | Ыктыярдуу кайрымдуулуктун жеткен өлчөмүнөн ашкан каражаттар | 120 |
|
|
3. | Шайлоо фондунан каражаттардын чыгымдалышы, бардыгы: | 130 |
|
|
| Анын ичинен: |
|
|
|
3.1. | Шайлоо күрөөсүн төгүүгө | 140 |
|
|
3.2. | Телерадиоберүү уюмдар аркылуу шайлоо алдындагы үгүткө | 150 |
|
|
3.3. | Мезгилдүү басылмалардын редакциялары аркылуу шайлоо алдындагы үгүткө | 160 |
|
|
3.4. | Басылма жана башка үгүт материалдарды чыгаруу жана жайылтуу | 170 |
|
|
3.5. | Эл алдындагы массалык иш чараларды өткөрүүгө | 180 |
|
|
3.6. | Маалыматтык жана консультативдик мүнөздөгү иштерди (кызматтарды) төлөөгө | 190 |
|
|
3.7. | Келишимдер боюнча КР жарандары же юридикалык жактары аткарган (көрсөткөн) башка жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) төлөөгө | 200 |
|
|
3.8. | Шайлоо өнөктүгүн өткөрүү менен түздөн-түз байланыштуу башка чыгымдарды төлөөгө | 210 |
|
|
4. | Фонддун каражаттарынын чыгымдалбаган калдыктарын бөлүштүрүү | 220 |
|
|
4.1. | Шайлоо фондго пропорционалдык түрдө которулган акча каражаттар | 230 |
|
|
| Отчет тапшыруу датасына карата фонддун каражаттарынын калдыгы | 240 |
|
|
Ушул финансылык отчетто көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгын тастыктайм, шайлоо өнөктүгүн уюштурууга жана өткөрүүгө шайлоо фондду өтүп башка акча каражаттар тартылган эмес.
Каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл_____________________________________________________
(ФАА., колу, датасы)
Биринчи кол коюу укугу менен______________________________________________________
(ФАА., колу, датасы)
Экинчи кол коюу укугу менен ______________________________________________________
(ФАА., колу, датасы)