Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум
өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын
2026-жылдын 19-августундагы № 84
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ
ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-июну № 170
«Кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча
жумушчу топ жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ жөнүндө» Жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:
1) 2005-жылдын 22-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди колдоо үчүн берилген кол коюу барактарында камтылган шайлоочулардын колдорунун жана алардагы тиешелүү маалыматтарды кабыл алуу жана текшерүү жүргүзүү боюнча Бишкек, Ош шаардык, облустук жумушчу топ (жумушчу топчолор) жөнүндө” Жобону бекитүү тууралу” № 89;
2) 2009-жылдын 21-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди колдоо үчүн берилген кол коюу барактарында камтылган шайлоочулардын колдорунун жана алардагы тиешелүү маалыматтарды кабыл алуу жана текшерүү жүргүзүү боюнча Бишкек, Ош шаардык, облустук жумушчу топ (жумушчу топчолор) жөнүндө” Жобону бекитүү тууралу” № 17.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун жетекчисине жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 20-июнундагы № 170 токтому менен бекитилген |
«Кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча
жумушчу топ жөнүндө»
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) бере турган Кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун максаттарын, милдеттерин, аларды түзүү тартибин жана ишинин тартибин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобун (мындан ары – Жумушчу топ) Борбордук шайлоо комиссиясы түзөт.
3. Жумушчу топ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 17-июнундагы № 165 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу жана талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү берген кол коюу барактарындагы колдордун аныктыгын текшерүү тартиби жөнүндө» Нускаманы (мындан ары – Нускама), ушул Жобону жана Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын буйруктарын жетекчиликке алат.
II. Жумушчу топтун милдеттери
4. Жумушчу топтун милдеттери болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү берген кол коюу барактарынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын, Нускаманын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын башка актыларынын талаптарына шайкештигин текшерүү саналат.
5. Бул милдеттерди ишке ашыруу үчүн Жумушчу топ төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
- ыйгарым укуктуу өкүлдөрдөн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгалары бар кол коюу барактарын кабыл алуу;
- капилет тандоо (чүчүкулак) аркылуу текшерүү үчүн тандап алынган колтамгалардын бир бөлүгүнүн ишенимдүүлүгүн текшерүү;
- кол коюу барактарында камтылган колтамгаларды жана шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды текшерүү учурунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге бирдей шарттарды камсыз кылуу;
- кол коюу барактарын текшерүүнүн натыйжалары боюнча Жумушчу топтун текшерүүлөрүнүн ведомостторун, корутундуларын жана Нускамада каралган башка документтерди тиркөө менен кол коюу барактарын текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө протоколдорду даярдоо.
III. Жумушчу топту түзүү тартиби жана курамы
6. Жумушчу топту түзүү жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
7. Жумушчу топтун курамына Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери, ишке тартылган эксперттер жана адистер киргизилет.
8. Жумушчу топтун курамы, анын ичинде Жумушчу топтун жетекчиси жана орун басары Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын буйругу менен бекитилет.
9. Жумушчу топтун ишин камсыз кылуу жана анын милдеттерин аткаруу үчүн каттоо кызматтарынын кызматкерлери, КР ЮМнын алдындагы ГЦСЭнин, КР ИИМдин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн сертификатталган адистери, төмөн турган шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана башка мамлекеттик органдардын адистери тартылат.
10. Жумушчу топтун ишке тартылуучу адистеринин сандык курамы талапкерлер жана (же) талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү берген документтердин көлөмүнө, текшерүү мөөнөттөрүнө таянуу менен аныкталат жана топтун ишинин ар башка этаптарында Жумушчу топтун жетекчиси тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн.
IV. Жумушчу топтун ишинин тартиби
V. Жумушчу топтун чечимдери
VI. Жумушчу топтун документтери