Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-июну № 173
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Сузак, Москва, Кызыл-Кыя жана Талас аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сузак, Москва, Кызыл-Кыя жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 20-июнундагы № 173 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Жалал-Абад облусу | ||||
Сузак району | ||||
1 | Курманбек айылдык | Суюнбаев Бакытбек Сапарбаевич | Өз арызы | № 57, 31.05.2017-ж. |
2 | Багыш айылдык | Жолборсов Узакбай Токтогулович | Өз арызы, Багыш айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары кызматына дайындалган | № 55, 26.05.2017-ж. |
Чүй облусу | ||||
Москва району | ||||
3 | Төлөк айылдык | Асаналиев Сейтбек Камчибекович | Өз арызы, башка мамлекетке чыгып кеткендигине байланыштуу | № 20, 09.06.2017-ж. |
Баткен облусу | ||||
Кызыл-Кыя шаары | ||||
4 | Кызыл-Кыя шаардык | Кыпчаков Нурмухамед Абдуллаевич ("Кыргызстан" с/п) | Өз арызы | № 03, 27.04.2017-ж. |
5 | Эранов Муратали Каримович ("Кыргызстан" с/п) | депутаттын каза болгонуна байланыштуу | № 04, 27.04.2017-ж. | |
Талас облусу | ||||
Талас району | ||||
6 | Бекмолдо айылдык | Бекназаров Садык | Өз арызы | № 22, 19.06.2017-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 20-июнундагы № 173 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Сузак району | ||||
1 | Курманбек айылдык | Бакиров Калыбек Мейлиевич | Жеке ишкер | № 57, 31.05.2017-ж. |
1 | Багыш айылдык | Жумаев Марлис Бекболотович | "Тех-Эксперт-Юг" ЖЧК, директор | № 55, 26.05.2017-ж. |
Чүй облусу | ||||
Москва району | ||||
2 | Төлөк айылдык | Сабыркулов Токтосун Эсенбекович | Дыйкан чарба мүчөсү | № 20, 09.06.2017-ж. |
Баткен облусу | ||||
Кызыл-Кыя шаары | ||||
3 | Кызыл-Кыя шаардык | Худайбергенов Кенжебай Тиланович ("Кыргызстан" с/п) | "Кварц-Юг" ЖЧК, директор | № 03, 27.04.2017-ж. |
4 | Каримов Алишер Мамашерович ("Кыргызстан" с/п) | Дене-тарбия мугалими | № 04, 27.04.2017-ж. | |
Талас облусу | ||||
Талас району | ||||
5 | Бекмолдо айылдык | Чыналиев Тойчубек Жетибекович | Убактылуу иштебейт | № 22, 19.06.2017-ж. |