Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-июну № 180
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Кадамжай, Сузак, Майлуу-Суу, Базар-Коргон, Нарын, Ак-Суу жана Түп аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай, Сузак, Майлуу-Суу, Базар-Коргон, Нарын, Ак-Суу жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-июнундагы № 180 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Баткен облусу | ||||
Кадамжай району | ||||
1 | Айдаркен шаардык | Мумбаев Мухубилла Пахридинович ("Республика" с/п) | Өз арызы | № 36, 23.06.2017-ж. |
2 | Кадамжай шаардык | Исаков Толкунбек Талипович (СДПК с/п) | Өз арызы, үй шартына байланыштуу | № 36, 23.06.2017-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Сузак району | ||||
3 | Ленин айылдык | Мамырасулов Мамасыдык Садыкович | Өз арызы, башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу | № 58, 12.06.2017-ж. |
4 | Багыш айылдык | Укеев Куваныч Султанович | Өз арызы, үй шартына байланыштуу | № 59, 16.06.2017-ж. |
Базар-Коргон району | ||||
5 | Базар-Коргон айылдык | Махкамов Абдумуталиб Хатамович | Каза болгондугуна байланыштуу | № 23, 20.06.2017-ж. |
Майлуу-Суу шаары | ||||
6 | Майлуу-Суу шаардык | Кебекбаев Аширбек Раджапович ("Республика-Ата Журт" с/п) | Өз арызы | № 2, 21.06.2017-ж. |
7 | Умаров Нурланбек Эшматович ("Республика - Ата Журт" с/п) | Өз арызы, башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу | № 2, 21.06.2017-ж. | |
8 | Жаркулов Майрамбек Раимкулович ("Республика - Ата Журт" с/п) | Өз арызы, жетекчилик жумушка өткөндүгүнө байланыштуу | № 2, 21.06.2017-ж. | |
Нарын облусу | ||||
Нарын району | ||||
9 | Эмгек-Талаа айылдык | Мукашов Кубанычбек | Өз арызы, муниципалдык кызматка дайындалган | № 4, 16.06.2017-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ак-Суу району | ||||
10 | Октябрь айылдык | Акмолдоев Бактыбек Боролдоевич | Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 14, 15.06.2017-ж. |
Түп району | ||||
11 | Ак-Булак айылдык | Жумабеков Адыл Жапарович | Өз арызы | № 41, 21.06.2017-ж. |
12 | Карасаев айылдык | Кулубеков Бакытбек Саткынбаевич | Өз арызы | № 41, 21.06.2017-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-июнундагы № 180 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Баткен облусу | ||||
Кадамжай району | ||||
1 | Айдаркен шаардык | Ташбаев Бурханали Курсанович (с/п "Республика") | Жеке ишкер | № 36, 23.06.2017-ж. |
2 | Кадамжай шаардык | Гапаров Нургазы Саттарович (с/п СДПК) | Үй-Бүлөлүк дарыгерлер борбору, дарыгер | № 36, 23.06.2017-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Сузак району | ||||
3 | Ленин айылдык | Тургунбаева Мария | № 51 орто мектеп, мугалим | № 58, 12.06.2017-ж. |
4 | Багыш айылдык | Ибрагимов Бекболот | Жеке ишкер | № 59, 16.06.2017-ж. |
Базар-Коргон району | ||||
5 | Базар-Коргон айылдык | Ахмадалиев Абдылкадыр Усмоналиевич | Жеке ишкер | № 23, 20.06.2017-ж |
Майлуу-Суу шаары | ||||
6 | Майлуу-Суу шаардык | Абдиганиев Нурахмет Арапбаевич ("Республика - Ата Журт" с/п) | "Томас и Ко" ЖЧК, бөлүм башчы | № 2, 21.06.2017-ж. |
7 | Киргизбаев Алтынбек Мамажакипович ("Республика - Ата Журт" с/п) | № 2 балдар спорт мектеби, тренер | № 2, 21.06.2017-ж. | |
8 | Абдуллаев Рустамжон Кочкорович ("Республика - Ата Журт" с/п) | "Тоскоол-Ата" токой чарбасы, токойчу | № 2, 21.06.2017-ж. | |
Нарын облусу | ||||
Нарын району | ||||
9 | Эмгек-Талаа айылдык | Арпачиев Талантбек Шарипович | Дыйкан чарба мүчөсү | № 4, 16.06.2017-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ак-Суу району | ||||
10 | Октябрь айылдык | Дайырманов Алтынбек | Фермер | № 14, 15.06.2017-ж. |
Түп району | ||||
11 | Ак-Булак айылдык | Жигитеков Аралбек Кочкумбаевич | Жеке ишкер | № 41, 21.06.2017-ж. |
12 | Карасаев айылдык | Иманбетов Максатбек Шарафудинович | Чоң Тогузбай орто мектеби, мугалим | № 41, 21.06.2017-ж. |