Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-ноябры № 210
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу
(КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 25-ноябрындагы № 228, , 2020-жылдын 30-январындагы № 26 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51, 62-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын күбөлүгү жөнүндө жобо бекитилсин (1-тиркеме).
2. (КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 30-январындагы № 26 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын төш белгиси жөнүндө жобо бекитилсин (3-тиркеме).
4. (КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 30-январындагы № 26 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын № 82 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча документтердин формаларын жана үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө" Жобонун № 1, 2, 3, 4, 5 тиркемелери күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын күбөлүгү жөнүндө ЖОБО
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 30-январындагы № 26 токтомунун редакциясына ылайык)
1. "Жергиликтүү кеңештердин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын күбөлүгү (мындан ары - күбөлүк) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын (мындан ары - жергиликтүү кеңештин депутаты) инсандыгын жана ыйгарым укуктарын ырастоочу негизги документ болуп саналат.
2. Жергиликтүү кеңештин депутатына күбөлүк аймактык шайлоо комиссиянын төрагасынын колу коюлуп берилет.
3. Жергиликтүү кеңештин депутатына күбөлүктү, ага жергиликтүү кеңештин депутатынын күбөлүгүн эсепке алуу жана берүү журналына колун койдуруу менен, тиешелүү аймактык шайлоо комиссия тарабынан берилет.
4. Жергиликтүү кеңештин депутаты күбөлүктүн сакталышын камсыз кылууга милдеттүү. Күбөлүк жоголгон учурда, жергиликтүү кеңештин депутаты аймактык шайлоо комиссиянын төрагасынын атына жоготуунун себебин көрсөтүү менен жаңы күбөлүк берүү жөнүндө арыз жазат.
5. Күбөлүк бузулган учурда, ал буга чейин берилгенди кайра берген шартта жаңысы менен алмаштырылат.
6. Жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары аяктагандан кийин күбөлүк жараксыз деп табылат.
7. Жергиликтүү кеңештин депутаты каза болгон учурда, күбөлүк анын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүндө калат.
8. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын төш белгисинин үлгүсүнүн сыпаттамасы:
Күбөлүк сырты булгаары менен капталган, 90x60 мм өлчөмүндөгү кочкул-кызгылт өңдүү китепче болот.
Күбөлүктүн тышкы бетинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин графикалык сүрөттөлүшү көрсөтүлөт жана алтын түстүү фольга менен аткарылган "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ" деген баш тамгалар менен эки сапта жайгаштырылат.
Күбөлүктүн ички чаптамасынын сол четине "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ" деген жазуу, анын алдына - 20 мм диаметринде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин графикалык көрүнүшү, анын алдында - "жергиликтүү кеңеш" деген жазуу, анын алдына - күбөлүктү колдонуу мөөнөтү көрсөтүлөт, оң тарабында гербдин деңгээлинде 30x40 мм өлчөмүндө жалтырак фотокагазда аткарылган күбөлүктүн ээсинин анфас ракурсунда баш кийимсиз түшкөн түстүү сүрөтү жайгаштырылат.
Сүрөт аймактык шайлоо комиссиясынын тегерек герб мөөрү менен бекитилет.
Ички чаптамасынын оң тарабындагы бетине туурасы 3 мм болгон бир тилкеде оюу салынган лента жайгаштырылат, анын өйдөкү оң бурчуна -күбөлүктүн номуру - "№... күбөлүк" деп жазылат, төмөн жагындагы орто жериндеги сапта депутаттын фамилиясы баш тамгалар менен, фамилиясынын төмөн жагына - депутаттын аты-жөнү кичине тамгалар менен жайгаштырылат, аты-жөнүнүн төмөн жагына эки сапта жергиликтүү кеңештин мамлекеттик тилде толук аталышына улай "депутаты" деген сөз жайгаштырылат, төмөнкү оң бурчуна аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын инициалы жана фамилиясы баш тамгалар менен жазылып, алар аймактык шайлоо комиссиясынын тегерек герб мөөрү менен бекитилет.
Төмөнкү сол бурчуна кичине тамгалар менен "Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы" деп жазылат. Күбөлүктүн ички чаптамасынын оң тарабынын борборуна ага жалпы өң берген 30 мм диаметриндеги көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Туусунун "Түндүк" элементи жайгаштырылат.
Күбөлүктүн ички чаптамасы торчо түшүрүлгөн кызгылт-сары өңдүү кагаздан жасалган өзүнчө бланкада даярдалат.
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын төш белгиси жөнүндө ЖОБО
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 30-январындагы № 26 токтомунун редакциясына ылайык)
1. "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын (мындан ары - жергиликтүү кеңештин депутаты) өз ыйгарым укуктарынын мөөнөтүндө пайдалана турган жергиликтүү кеңештин депутатынын төш белгиси (мындан ары - төш белги) болот.
2. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатына жергиликтүү кеңештин депутаттарынын төш белгилерин эсепке алуу жана берүү журналына жергиликтүү кеңештин депутатынын кол тамгасын койдуруу менен төөнөп бекитиле турган төш белги берет.
2. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы (мындан ары - аймактык шайлоо комиссиясы) жергиликтүү кеңештин депутатына жергиликтүү кеңештин депутаттарынын төш белгилерин эсепке алуу жана берүү журналына жергиликтүү кеңештин депутатынын колтамгасын койдуруу менен төөнөп бекитиле турган төш белги берет.
3. Жергиликтүү кеңешинин депутаты төш белгинин сакталышын камсыз кылууга милдеттүү. Төш белгини жоготуп жиберген учурда жергиликтүү кеңештин депутаты Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын атына аны жоготуп жиберүүнүн себебин көрсөтүү менен төш белгинин дубликатын берүү жөнүндө арыз берет.
4. Жергиликтүү кеңешинин депутаты каза болгон учурда төш белги анын үй-бүлө мүчөлөрүндө калат.
5. Төш белги 27±0,2 мм жана 26±0,2 мм чоңдук өлчөмүндөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусунун стилдешкен желбиреген көрүнүшү. Туунун каскагы Тууга карата 5ºка кыйшайтылган жана Туунун үстүнкү бөлүгү 2,5±0,2 мм жана төмөнкү бөлүгү 2,5±0,2 мм чыгып турат. Анын бардык өлчөмдөрү төш белгинин бет тарабы боюнча көрсөтүлгөн.
Төш белгинин негизи "алтын" түстүү калыңдыгы 1,8±0,2 мм бүтүн латунь пластинасында даярдалат. Төш белгинин чүркөлөнгөн бөлүгү жылмаланып коюлууга тийиш. Төш белгинин бүткүл жогорку бөлүгү жылмаланган жана жаркылдаган көлөм түрүндө 1±0,2 мм бет маңдайкы тарабынын үстүнкү бети латунь негизиңдеги оптикалык компаунт (лактын калың катмары) менен жасалат.
Туунун каскагынын үстүнкү бөлүгү туурасы 3,15±0,2 мм болгон учтуу формада жасалат. Каскактын узундугу анын учунан тартып 1,6±0,2 мм түзөт. Каскак "алтын" түс менен жабылат. Төш белгинин бет маңдайкы бөлүгүндө мамлекеттик Туу кызыл-кызгылт түстөгү акриль эмалы менен сырдалат. Туунун бардык периметри боюнча анын ички бети "алтын" түстөгү жылмаланган өң келтирилгенден кийин туурасы 1±0,2 мм болгон контурда (кантовка) болот.
Төш белгинин борборунда мамлекеттик Туунун "Түндүк" элементи көрсөтүлгөн. Төш белгинин төмөнкү үчтөн бир бөлүгүндө толкун түрүндө "ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШ" деген жазуу жазылат, тамгалар бекем вертикалдык түрдө жайгаштырылып, 2±0,1 мм бийиктигинде болот. Күн нурларынын, түндүктүн жана тиешелүү жазуулардын көрүнүшү "алтын" түстү жалатуу ыкмасы менен аткарылат. Түндүктө 40 күн нуру болууга тийиш. Түндүктүн жана андагы жазуулардын жайгаштырылышы борбордун ортосуна жана Туунун бардык тарабына карата симметриялуу болууга тийиш. Түндүктүн көрүнүшү толкун сымалдуу болгондугуна байланыштуу тегерек формада эмес, сүйрү формада көрүнөт. Түндүктүн тышкы вертикалдык өлчөмү күн нурлары менен бирге 9,5±0,1 мм, туурасы боюнча өлчөмү 10,6±0,1 мм түзөт. Түндүктүн ички вертикалдык өлчөмү 5,2±0,1 мм, туурасы боюнча өлчөмү 5,7±0,1 мм түзөт.
Төш белгинин арткы бөлүгүндө бүчүлүгү чечилүүчү жерден фиксатор менен 0,7 мм 1,1 мм чейин жоондугу ийкемдүү болот зымынан төөнөгүч тибиндеги туурасынан кеткен бүчүлүк жасалган, ал төш белгинин негизине карата бекем жана ишенимдүү бекиткичи бар "ширетилген" ыкма менен жасалган төш белгинин негизине бекитилет. Болоттон жасалган зым бүчүлүгү чечилүүчү жерден кеминде эки (туурасынан жана бийиктигинен) жерге ишенимдүү бекитилүүгө тийиш жана ал өзүнүн огунда айланбагандай бекем болушу керек.