ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-августундагы № 331 «Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 2-августундагы «Бишкек шаарынын аймагында кошумча шайлоо участокторун түзүү жөнүндө» № 11/1 чечимин бекитүү тууралуу» токтому

Редакция07.08.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

 2017-жылдын 7-августу № 331

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 2-августундагы "Бишкек шаарынын аймагында кошумча шайлоо участокторун түзүү жөнүндө" № 11/1 чечимин бекитүү тууралуу

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 2-августундагы "Бишкек шаарынын аймагында кошумча шайлоо участкаларды түзүү жөнүндө" № 11/1 чечиминин негизинде, туруктуу жашаган жери боюнча каттоосу жок жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 13, 15-беренелерине ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 7 жана 20-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-июнундагы № 177 токтому менен бекитилген "Шайлоо участокторунун чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө" нускамага ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 2-августундагы "Бишкек шаарынын аймагында кошумча шайлоо участокторун түзүү жөнүндө" № 11/1 чечими бекитилсин.

2. 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча Бишкек шаарынын аймагында кошумча түзүлгөн участкаларынын даректери тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы кошумча шайлоо участокторунун курамдарын 2017-жылдын 15-августуна чейин түзсүн.

4. Бишкек шаарынын мэриясы 2017-жылдын 15-августуна чейин кошумча шайлоо участкаларын жайгаштыруу үчүн жайларды бөлүп берүүгө, аларды үзгүлтүксүз электро энергия, байланыш каражаттар, материалдык-техникалык каражаттар менен камсыз кылууга көмөк көрсөтсүн.

5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисине Б.С.Жумагуловго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Шайлдабекова

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-августундагы № 331 токтомуна тиркеме 

 

 

№

Кошумча УШКнын номери

Жайгашкан жери

УШК жайгашкан имараттын аталышы

Эскертме

Ленин району

1

№ 1068

Гагарин көчөсү

ФАПтын имараты "Ак-Ордо" калктуу конушу

-

Биринчи май району

1

№ 1265

"Тынчтык" калктуу конушу

ФАПтын имараты "Тынчтык" калктуу конушу

 

2

№ 1266

"Мурас-Ордо" калктуу конушу

ФАПтын имараты "Мурас-Ордо" калктуу конушу

 

3

№ 1267

"Калыс-Ордо" калктуу конушу

ФАПтын имараты "Калыс-Ордо" калктуу конушу

-

4

№ 1268

"Жениш" калктуу конушу

ФАПтын имараты "Жениш" калктуу конушу

-

Свердлов району

1

№ 1367

"Келечек" калктуу конушу

№ 87 орто мектебинин имараты