ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-августундагы № 352 «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Садыр Нургожоевич Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө» токтому

Редакция15.08.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

 2017-жылдын 15-августу № 352

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Садыр Нургожоевич Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 10-августундагы "Жапаров Садыр Нургожоевичке Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары каттоодон баш тартуу жөнүндө" № 342 токтомуна ылайык, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Н.Жапаровдун шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мамбеткулов Муратбек Камилжановичтин ыйгарым укуктары токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Н.Жапаровдун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жапаров Давлетбек Нуркожоевичтин ыйгарым укуктары токтотулсун.

3. М.Мамбеткуловго жана Д.Жапаровго берилген № 358, № 359 каттоо ырастамалары ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып жараксыз деп табылсын.

4. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Шайлдабекова