Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-августу № 354
2017-жылдын 15-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу эл аралык байкоочунун күбөлүгү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдагы эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" Жобосунун 3-бөлүгүнүн 3.5-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу эл аралык байкоочунун күбөлүгүнүн үлгүсү бекитилсин (№ 1, 2, 3 тиркемелер).
2. Эл аралык кызматташтык бөлүмү жана пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүм эл аралык байкоочунун күбөлүгүн аккредитация жөнүндө берилген арыздарга ылайык даярдоону уюштурсун.
3. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Б.Абдрахматовага жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-баш оонанын № 354 токтомунун 1, 2, 3-тиркемеси |
2017-жылдын 15-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу эл аралык байкоочунун күбөлүгүнүн СЫПАТТАМАСЫ
Эл аралык байкоочунун күбөлүгү, анын статусун тастыктаган документ.
Күбөлүк, көлөмү 95x135 мм түзгөн типтүү түстүү (ак) бланкта (эки тараптуу) кыргыз, орус жана англис тилдеринде таризделет, анын реквизиттери үлгүдө көрсөтүлгөн.
Күбөлүктүн жогорку сол бурчунда Кыргыз Республикасынын герби, ортосунда: "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо. 2017-жылдын 15-октябры" деген текст жайгаштырылат, оң бурчунда КР БШКнын логотиби.
Гербдин алдындагы сол бурчта 2017-жылдагы президенттик шайлоонун белгиси жайгаштырылат, ал белгинин оң жагында күбөлүктүн номери, жарактуу шарттары көрсөтүлгөн текст жайгаштырылат.
Бланктын ортосундагы: "Эл аралык байкоочу" деген жазуунун астына эл аралык байкоочунун аты-жөнү жана аны көрсөткөн уюмдун аталышы жазылат.
Андан кийин БШКнын төрагасынын колу коюлат, ал тегерек гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
Бланктын асты жагы мозаика менен таризделет.