Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-августу № 355
2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдагы эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" жобосунун 3-бөлүгүнүн 3.4 жана 3.5-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого эл аралык байкоочулар катары төмөнкүлөр катталсын:
1) Сарсембаев Марат Алдангорович, Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү (1-тиркеме);
2) Матйошайтите Лаура, Литва Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы (2-тиркеме);
3) Жилинскьене Аисте, Литва Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү (2-тиркеме);
4) Майер Макс Георг, Ханнс Зайдел Фондусунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директору (3-тиркеме);
5) Ивар Дале, Норвегиялык Хельсинки Комитетинин ага кеңешчиси (4-тиркеме);
6) Мариус Фоссум, Норвегиялык Хельсинки Комитетинин регионалдык өкүлү (4-тиркеме);
7) Казачевская Валентина Сергеевна, Норвегиялык Хельсинки Комитетинин регионалдык консультанты (4-тиркеме).
2. Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Б.Абдрахматовага жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-августундагы № 355 токтомунун 1-тиркемеси |
Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынан аккредиттелген эл аралык байкоочулардын ТИЗМЕСИ
№ к/н | күб № | Байкоочуну көрсөткөн эл аралык уюм | Ф.А.А. | Өлкө | Ээлеген кызматы |
1 | 1 | Борбордук шайлоо комиссия | Сарсембаев Марат Алдангорович | Казакстан Республикасы | Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-августундагы № 355 токтомунун 2-тиркемеси |
Литва Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынан аккредиттелген эл аралык байкоочулардын ТИЗМЕСИ
№ к/н | күб № | Байкоочуну көрсөткөн эл аралык уюм | Ф.А.А. | Өлкө | Ээлеген кызматы |
1 | 2 | Борбордук шайлоо комиссиясы | Матйошайтите Лаура | Литва Республикасы | Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы |
2 | 3 | Борбордук шайлоо комиссиясы | Жилинскьене Аисте | Литва Республикасы | Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-августундагы № 355 токтомунун 3-тиркемеси |
Ханнс Зайдел Фондунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнөн аккредиттелген эл аралык байкоочулардын ТИЗМЕСИ
№ к/н | күб № | Байкоочуну көрсөткөн эл аралык уюм | Ф.А.А. | Өлкө | Ээлеген кызматы |
1 | 4 | Ханнс Зайдел Фондунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү | Майер Макс Георг | Германия Федеративдүү Республикасы | Директор |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-августундагы № 355 токтомунун 4-тиркемеси |
Норвегиялык Хельсинки Комитетинен аккредиттелген эл аралык байкоочулардын ТИЗМЕСИ
№ к/н | күб № | Байкоочуну көрсөткөн эл аралык уюм | Ф.А.А. | Өлкө | Ээлеген кызматы |
1 | 5 | Норвегиялык Хельсинки Комитети | Ивар Дале | Норвегия Королдугу | Ага кеңешчи |
2 | 6 | Норвегиялык Хельсинки Комитети | Мариус Фоссум | Норвегия Королдугу | Регионалдык өкүл |
3 | 7 | Норвегиялык Хельсинки Комитети | Казачевская Валентина Сергеевна | Казакстан Республикасы | Регионалдык консультант |