Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-августу № 357
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Ак-Талаа, Ош жана Балыкчы аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Талаа, Ош жана Балыкчы аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.С.Жумагуловго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-августундагы № 357 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Нарын облусу | ||||
Ак-Талаа району | ||||
1 | Кара-Бүргөн айылдык | Соодонбеков Нурбек Келдибекович | Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 37, 28.07.2017-ж. |
2 | Ак-Тал айылдык | Сатаров Эркинбек Токтогазиевич | Өз арызы | № 37/1, 28.07.2017-ж. |
3 | Ысамамбетова Динара Жанышовна | Өз арызы, мамлекеттик кызматка дайындалган | № 37/1, 28.07.2017-ж. | |
4 | Кош-Дөбө айылдык | Курманалиев Адил Сейитбекович | Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 37/2, 28.07.2017-ж. |
5 | Үгүт айылдык | Жапаркулова Нуржамал Ишеновна | Өз арызы | № 37/3, 28.07.2017-ж. |
6 | Эсенгулов Ызатбек Айтбаевич | Өз арызы | № 37/3, 28.07.2017-ж. | |
7 | Көк-Жар айылдык | Бозалаев Өмүркул Шаршенович | Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 37/4, 28.07.2017-ж. |
8 | Терек айылдык | Мыктыбеков Сьезбек Арпачиевич | Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 37/5, 28.07.2017-ж. |
Ош облусу | ||||
Ош шаары | ||||
9 | Ош шаардык | Орумбаев Медер Аманович ("Мекеним-Кыргызстан" фракциясы) | Өз арызы | № 42, 09.08.2017-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Балыкчы шаары | ||||
10 | Балыкчы шаардык | Табалдиев Алишер Кадырбекович ("Өнүгүү-Прогресс" фракциясы) | Өз арызы | № 2, 11.08.2017-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-августундагы № 357 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Нарын облусу | ||||
Ак-Талаа району | ||||
1 | Кара-Бүргөн айылдык | Кыдыров Улан Дүйшөналиевич | Дыйкан чарба, мүчө | № 37, 28.07.2017-ж. |
2 | Ак-Тал айылдык | Шабдалиева Жылдыз Жоомартовна | Ак-Тал байланыш бөлүмү, бөлүм башчы | № 37/1, 28.07.2017-ж. |
3 | Макеева Айгүл Касымовна | Ак-Тал айылы, А.Турдакунов атындагы орто мектеби, мугалим | № 37/1, 28.07.2017-ж. | |
4 | Кош-Дөбө айылдык | Жолдошев Кутман Бердибаевич | Убактылуу иштебейт | № 37/2, 28.07.2017-ж. |
5 | Үгүт айылдык | Мамытова Гүлнара Мендулатова | Байгөнчөк айылы, Т.Оторов атындагы орто мектеби, мугалим | № 37/3, 28.07.2017-ж. |
6 | Момбеков Табылды Таалайбекович | Дыйкан чарба, мүчө | № 37/3, 28.07.2017-ж. | |
7 | Көк-Жар айылдык | Шадыканов Максатбек Жээнчороевич | Дыйкан чарба, мүчө | № 37/4, 28.07.2017-ж. |
8 | Терек айылдык | Боталиев Алтынбек Жанышович | Терек айылы, К.Молдобасанов атындагы орто мектеби, мугалим | № 37/5, 28.07.2017-ж. |
Ош облусу | ||||
Ош шаары | ||||
10 | Ош шаардык | Аматов Чагатай Сапарбаевич ("Мекеним-Кыргызстан" фракциясы) | "Ага-Курулуш" ЖЧК, директор | № 42, 09.08.2017-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Балыкчы шаары | ||||
11 | Балыкчы шаардык | Тыналиев Айжигит Казакбаевич ("Өнүгүү-Прогресс" фракциясы) | Жеке ишкер | № 2, 11.08.2017-ж. |