Редакцияот 23.08.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

 2017-жылдын 23-августу № 364

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш.Жээнбековдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө

2017-жылдын 21-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш.Жээнбековдон тиркемеге ылайык өзүнүн шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн кайра чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсү келип түштү.

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 8-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш.Жээнбековдун тиркемеге ылайык шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулсун.

2. Тиркемеге ылайык адамдардын каттоо күбөлүктөрү ушул токтом күчүнө кирген учурдан тартып күчүн жоготту деп табылсын.

3. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Шайлдабекова

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 23-августундагы № 364 токтомуна тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш.Жээнбековдун шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктары токтотулган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ТИЗМЕСИ

1. Орозбакова Гульмайрам Садыровна КЫ № 240;

2. Рыскулова Камиля Акматовна КЫ № 293;

3. Мендешева Джумагуль Токтоналиевна КЫ № 243.