КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-августу № 367
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Турсунбек Акундун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө
2017-жылдын 21-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Турсунбек Акундун тиркемеге ылайык өзүнүн шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн кайра чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсү келип түштү.
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 8-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Турсунбек Акундун тиркемеге ылайык шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулсун.
2. Тиркемеге ылайык адамдардын каттоо күбөлүктөрү ушул токтом күчүнө кирген учурдан тартып күчүн жоготту деп табылсын.
3. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 23-августундагы № 367 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Турсунбек Акундун шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктары токтотулган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ТИЗМЕСИ
1. Элдияр кызы Мээрим КЫ № 503;
2. Жолдошов Мидин Кыялбекович КЫ № 500;
3. Торогелдиев Токтобай Акыевич КЫ № 381;
4. Мундуков Доктурбай Бейшебаевич КЫ № 497;
5. Экширбаев Анарбек Алимжанович КЫ № 502.