Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-августу № 378
Абдрахманов Сагынбек Уметалиевичтин арызы жөнүндө
2017-жылдын 3-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Абдрахманов Сагынбек Уметалиевичтин Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигин коюу ниети жөнүндө арызы келип түшкөн.
2017-жылдын 25-августунда С.Абрахманов өзүнүн талапкерлигин алып салуу жөнүндө арызын берди.
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасында шайлоо республиканын жарандарынын өздөрүнүн шайлоо укуктарын эркин жана ыктыярдуу жүзөгө ашырууларына негизденет. Жарандарды шайлоого катышууга же катышпоого мажбурлоо максатында, ошондой эле өз эрктерин эркин билдирүүлөрүндө аларга таасир тийгизүүгө эч кимдин укугу жок.
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1l-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, ошондой эле өзүнүн талапкерлигин алып салуу жөнүндө С.Абдрахмановдун 2017-жылдын 25-августундагы берген арызынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун 2017-жылдын 26-августундагы чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абдрахманов Сагынбек Уметалиевичтин арызы канааттандырылсын жана документтери кайтарылып берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Абдрахмановдун тиркемеге ылайык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулсун.
3. Ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып тиркемеге ылайык каттоо ырастамалары жараксыз деп табылсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 26-августундагы № 378 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.У.Абдрахмановдун шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктары токтотулган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тизмеси:
1. Бекназаров Акбарали Козубаевич КЫ № 45;
2. Тулкунов Жаныбек КЫ № 46;
3. Пусуров Камбар Ырысбаевич КЫ № 47.