Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-октябры № 520
Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 5-октябрындагы жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) кайрылуусунун, жергиликтүү кеңештердин жыйындарынын Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө токтомдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резерви тиркемеге ылайык толукталсын.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.С.Жумагуловго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 19-октябрындагы № 520 токтомуна тиркеме |
Чүй облусу
Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизилген талапкерлер
№ | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Көрсөтүү субъектиси |
1 | Байгазиева Айжан Эркинбековна | жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүктүү органы |
2 | Будайчиев Фархат Болотбекович | жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүктүү органы |
3 | Жакшылыкова Элла Азискановна | жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүктүү органы |
4 | Мусуева Сабира Темировна | жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүктүү органы |