Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-октябры № 521
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Аламүдүн, Ноокат жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аламүдүн, Ноокат жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.С.Жумагуловго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 19-октябрындагы № 521 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн району | ||||
1 | Маевка айылдык | Висаева Яхмат Вахаевна | Өлгөндүгүнө байланыштуу | №13, 05.10.2017-ж. |
Ош облусу | ||||
Ноокат району | ||||
2 | Кара-Таш айылдык | Баатыров Бекмурат Шарабидинович | Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 26/1, 05.10.2017-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Жети-Өгүз району | ||||
3 | Оргочор айылдык | Усеналиев Талантбек Асангариевич | Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 32, 02.10.2017-ж. |
4 | Ак-Дөбө айылдык | Эсенгул уулу Калыс | Өз арызы | № 31, 29.09.2017-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 19-октябрындагы № 521 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн району | ||||
1 | Маевка айылдык | Аликулов Манас Нишанбаевич | Пенсионер | № 13, 05.10.2017-ж. |
Ош облусу | ||||
Ноокат району | ||||
2 | Кара-Таш айылдык | Кааров Батырбек Дыйканбаевич | Жайыт мал чарба жана балык чарба департаменттин алдындагы жайыт башкаруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча Ош облусундагы жергиликтүү адиси | № 26/1, 05.10.2017-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Жети-Өгүз району | ||||
4 | Оргочор айылдык | Төлөналиев Самат Төлөналиевич | Дыйкан чарба мүчөсү | № 32, 02.10.2017-ж. |
5 | Ак-Дөбө айылдык | Турдубек уулу Мирлан | МКБ "Ред Петролиум", оператор | № 31, 29.09.2017-ж. |