Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-ноябры № 528
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Аламүдүн, Талас, Бакай-Ата, Токтогул жана Аксы аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аламүдүн, Талас, Бакай-Ата, Токтогул жана Аксы аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.С.Жумагуловго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 528 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн району | ||||
1 | Таш-Мойнок айылдык | Асанкулов Бекболсун Сатаркулович | Өз арызы, Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган | № 14, 25.10.2017-ж. |
Талас облусу | ||||
Талас району | ||||
2 | Кара-Суу айылдык | Курманалиева Назгуль Бекбаевна | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укук менен айкалышбаган кызмат ордуна дайындалган | № 35, 25.10.2017-ж. |
Бакай-Ата району | ||||
3 | Ленинполь (Бакай-Ата) айылдык | Арыков Күмүшбек Жанышович | Өз арызы | № 15, 30.10.2017-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Токтогул району | ||||
4 | Токтогул шаардык | Карасартов Туратбек Акималиевич ("Өнүгүү-Прогресс" депутаттык фракциясы) | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укук менен айкалышбаган кызмат ордуна дайындалган | № 41, 23.10.2017-ж. |
Аксы району | ||||
5 | Жерге-Тал айылдык | Айткулов Таалайбек Алимырзаевич | Өз арызы | № 64, 26.10.2017-ж. |
6 | Изабеков Таалайбек Нурдинович | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укук менен айкалышбаган кызмат ордуна дайындалган | ||
7 | Ак-Суу айылдык | Кадыркулов Бекболот Кадыркулович | Өз арызы | |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 528 токтомунун 2-тиркемеси |
|
|
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн району | ||||
1 | Таш-Мойнок айылдык | Мукаев Белек Ниязбекович | Убактылуу иштебейт | № 14, 25.10.2017-ж. |
Талас облусу | ||||
Талас району | ||||
2 | Кара-Суу айылдык | Исакжан уулу Баян | "Исакжан" дыйкан чарбасы, мүчө | № 35, 25.10.2017-ж. |
Бакай-Ата району | ||||
3 | Ленинполь (Бакай-Ата) айылдык | Абдылдаев Иметбек Райымбекович | Бакай-Ата райондук жаш өспүрүмдөр спорт мектеби, машыктыруучу | № 15, 30.10.2017-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Токтогул району | ||||
4 | Токтогул шаардык | Рысматов Керимбай ("Өнүгүү-Прогресс" депутаттык фракциясы) | Пенсионер | № 41, 23.10.2017-ж. |
Аксы району | ||||
5 | Жерге-Тал айылдык | Ашырбеков Мураталы Рахманбердиевич | Жеке ишкер | № 64, 26.10.2017-ж. |
6 | Мураталиев Кенжекул Айтмырзаевич | Жеке ишкер | ||
7 | Ак-Суу айылдык | Барпиев Самарбек Анарбекович | Жеке ишкер | |