ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 446 «Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл аймагындагы № 4110 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө» токтому

Редакция15.09.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

 2017-жылдын 15-сентябры № 446

Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл аймагындагы № 4110 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө

№ 4110 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусунун негизинде, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл аймагындагы № 4110 шайлоо участкасынын дареги, Таш-Дөбө орто мектебинин имаратынан Надырбек Бийсеев атындагы спорт залдын имаратына өзгөртүлсүн.

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Жумгал аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Шайлдабекова