Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-сентябры № 449
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Уметалиева Токтайым Джумаковнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкери Уметалиева Токтайым Джумаковнадан ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө түшкөн арызына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Уметалиева Токтайым Джумаковнанын ишенимдүү адамдары болуп Кыргыз Республикасынын жарандары тиркемеге ылайык катталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Уметалиева Токтайым Джумаковнанын тиркемеге ылайык ишенимдүү адамдарына үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 449 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.Д.Уметалиеванын ишенимдүү адамдарынын тизмеси:
1. Мазенова Чинара Амангельдиевна;
2. Уранбек уулу Азиретали;
3. Камбаров Нурбек Кадырбекович;
4. Сагынбаева Нургул Бектемировна;
5. Бавланкулов Аманбек Атамбекович;
6. Орлова Инна Алексеевна;
7. Бабакулов Аманбол Солтонкулович.