КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-сентябры № 450
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Эрнис Зарлыкович Зарлыковдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.З.Зарлыковдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө түшкөн арызына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, 1, 2, 3, 4, 5-бөлүктөрүн "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.З.Зарлыковдун шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп Кыргыз Республикасынын жарандары тиркемеге ылайык катталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.З.Зарлыковдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө тиркемеге ылайык бекитилген үлгүдөгү каттоо ырастамалар берилсин.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 450 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.З.Зарлыковдун шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тизмеси:
1. Найзабеков Асылбек Алымбекович;
2. Алимбеков Хасанбек Исраилович;
3. Курбанов Алманбек Усманович.