Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-сентябры № 456
2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу шайлоо бюллетени жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун 2017-жылдын 19-сентябрындагы "Шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча катталган талапкерлердин ортосунда чүчү кулакты өткөрүүнүн натыйжалары жөнүндө" протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу шайлоо бюллетенинин формасы, коргоо даражасы жана тексти бекитилсин (1, 2-тиркеме).
2. Шайлоо бюллетендерди, Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 24 дареги боюнча жайгашкан "Учкун" ААКсында даярдоо ишке ашырылсын.
3. Шайлоо бюллетендеринин нускасы шайлоо участкасы боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын санынан 0,1 пайыздан ашык болбошу керек.
4. Шайлоо бюллетендерди аймактык шайлоо комиссияларга жеткирүү жана өткөрүп берүү үчүн жооптуулар болуп Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 33 чечими менен региондор боюнча бекитилген кураторлукка ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү белгиленсин.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын (тиркемесиз).
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 20-сентябрындагы № 456 токтомунун 1-тиркемеси |
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу шайлоо бюллетенинин ФОРМАСЫ ЖАНА КОРГОО ДАРАЖАСЫ
1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого шайлоо бюллетендерди даярдоодо тыкыстыгы 80 гр./м2дан кем болбогон офсеттик кагаз пайдаланылат.
1.1. кагаздын тыкыстыгы добуш берүүнүн жашырындуулугун камсыздоого тийиш б.а. шайлоочулардын шайлоо бюллетенине койгон белгилери шайлоо бюллетенинин аркы бетинен көрүнбөгөнгө тийиш.
2. Шайлоо бюллетенинин тексти анын бир бетине гана жайгаштырылат.
3. Шайлоо бюллетенинин бет жагында төмөнкүлөр жасалат:
3.1. сол тарабындагы жогорку жана оң тарабындагы төмөнкү бурчунда - атайын (инфрабоёк) боёк менен маркировка;
3.2. шайлоонун аталышы жана өткөрүү датасы, шайлоо бюллетенди толтуруу тартиби жөнүндө түшүндүрмө;
3.3. төмөнкү жагына чүчү кулак менен аныкталган тартипте талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган жылы көрсөтүлүп, алардын оң тарабына бош квадрат жайгаштырылат;
3.4. талапкерлердин тизмесинин аягында "Баарына каршы" сап жана анын оң жагына бош квадрат жайгаштырылат;
3.5. шайлоо бюллетенинин төмөнкү бөлүгүнө участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, катчысы колдорун коюу жана мөөр басуу үчүн орун калтырылат;
3.6. шайлоо бюллетенинин төмөнкү бөлүгүнө шайлоо бюллетенин шайлоо комиссиясынын имаратынан алып чыгууга тыюу салган жазуу жайгаштырылат;
3.7. шайлоо бюллетенинин төмөнкү бөлүгүнө бюллетенди даярдоочу жана жалпы тиражы тууралуу маалымат жайгаштырылат;
3.8. шайлоо бюллетендин үлгүсү анын элементтеринин көлөмдөрүн жана алардын жайгаштырылышын көрсөтүү менен тиркелет.
4. Шайлоо бюллетендин бош квадраттар жайгашкан жерлердин арткы бетине баштан аягына чейин полоса түшүрүлөт (тиркелет).
5. Шайлоо бюллетендерин жапырт даярдоонун алдында, 1.1-пунктунда көрсөтүлгөн талаптардын сакталышын, добуш берүүнүн жашырындуулугун камсыз кылуу максатында, шайлоо бюллетенин үлгүсүн көрүнүү жагынан тестирлөөдөн өткөрүү кажет.
6. Шайлоо бюллетендерин даярдоо шайлоо бюллетени тестирлөөдөн өткөрүлүп жана үлгүсү бекитилгенден кийин жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 20-сентябрындагы № 456 токтомунун 2-тиркемеси |
|
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИН ШАЙЛОО
2017-жылдын 15-октябры
ШАЙЛОО БЮЛЛЕТЕНИ
Шайлоо бюллетенин толтуруу тартиби:
Анын пайдасына тандоо жасалган талапкердин тушундагы оң жактагы бош чарчыга же болбосо "Баарына каршы" позициясына тиешелүү белгини ☑ коюңуз. Бирден ашык чарчыга белги коюлган же алардын бирине да белги коюлбаган шайлоо бюллетени жараксыз деп эсептелет.
1. | Зарлыков | Эрнис | Зарлыкович | 1967-ж.т. |
| |
2. | Уметалиева | Токтайым | Джумаковна | 1962-ж.т. |
| |
3. | Сариев | Темир | Аргембаевич | 1963-ж.т. |
| |
4. | Кочкоров | Улукбек | Тойчубаевич | 1974-ж.т. |
| |
5. | Масадыков | Таалатбек | Шамудинович | 1961-ж.т. |
| |
6. | Бабанов | Омурбек | Токтогулович | 1970-ж.т. |
| |
7. | Абдылдаев | Арстанбек | Бейшеналиевич | 1968-ж.т. |
| |
8. | Бекназаров | Азимбек | Анаркулович | 1956-ж.т. |
| |
9. | Жээнбеков | Сооронбай | Шарипович | 1958-ж.т. |
| |
10. | Мадумаров | Адахан | Кимсанбаевич | 1965-ж.т. |
| |
11. | Ташиев | Камчыбек | Кыдыршаевич | 1968-ж.т. |
| |
12. | Малиев | Арсланбек | Касымакунович | 1957-ж.т. |
| |
13. | Торобаев | Бакыт | Эргешевич | 1973-ж.т. |
| |
14. | Баарына каршы |
|
|
|
|
Төрага ________________ | М.О. | Катчы _____________ |
Шайлоо бюллетенин добуш берүү үчүн жайдан алып чыгууга тыюу салынат!
Даярдоочу: "Учкун" ААК,