Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-сентябры № 463
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепке айыл аймагындагы № 3093, Кереге-Таш айыл аймагындагы № 3112 шайлоо участкалардын даректерин өзгөртүү жөнүндө
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын № 3093, № 3112 шайлоо участкалардын даректерин өзгөртүү жөнүндө кайрылуусунун негизинде, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепке айыл аймагындагы № 3093 шайлоо участкасынын дареги, Курбу айылындагы клубдун имаратынан А.Осмонов атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
2. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айыл аймагындагы № 3112 шайлоо участкасынын дареги, Ж.Алышбаев атындагы орто мектебинин имаратынан Кереге-Таш айылындагы клубдун имаратына өзгөртүлсүн.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|