ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 20-сентябрындагы № 463 «Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепке айыл аймагындагы № 3093, Кереге-Таш айыл аймагындагы № 3112 шайлоо участкалардын даректерин өзгөртүү жөнүндө»

Редакция20.09.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

 2017-жылдын 20-сентябры № 463

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепке айыл аймагындагы № 3093, Кереге-Таш айыл аймагындагы № 3112 шайлоо участкалардын даректерин өзгөртүү жөнүндө

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын № 3093, № 3112 шайлоо участкалардын даректерин өзгөртүү жөнүндө кайрылуусунун негизинде, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепке айыл аймагындагы № 3093 шайлоо участкасынын дареги, Курбу айылындагы клубдун имаратынан А.Осмонов атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

2. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айыл аймагындагы № 3112 шайлоо участкасынын дареги, Ж.Алышбаев атындагы орто мектебинин имаратынан Кереге-Таш айылындагы клубдун имаратына өзгөртүлсүн.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Шайлдабекова