Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-сентябры № 467
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Жайыл, Араван жана Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыл, Араван жана Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.С.Жумагуловго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 24-сентябрындагы № 467 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Чүй облусу | ||||
Жайыл району | ||||
1 | Кара-Балта шаардык | Айбашов Азамат Исмаилович ("Мекеним Кыргызстан" депутаттык фракциясы) | Өз арызы | № 8, 12.09.2017-ж. |
2 | Бекбаев Сабырбек Тенизбаевич ("Мекеним Кыргызстан" депутаттык фракциясы) | Өз арызы | ||
Ош облусу | ||||
Араван району | ||||
3 | С.Юсупова айылдык | Алимов Низомидин Собиржанович | Башка мамлекеттин жарандыгын алышы | №24, 27.06.2017-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Майлуу-Суу шаары | ||||
4 | Майлуу-Суу шаардык | Киргизбаев Алтынбек Мамажакипович ("Республика-Ата Журт" депутаттык фракциясы) | Өз арызы | № 3, 19.09.2017-ж. |
5 | Ибрагимов Хасанбай Абдихалилович ("Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" депутаттык фракциясы) | Өз арызы | № 4, 21.09.2017-ж. | |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 24-сентябрындагы № 467 токтомунун 2-тиркемеси |
|
|
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Чүй облусу | ||||
Жайыл району | ||||
1 | Кара-Балта шаардык | Эралиев Данияр Айткулович ("Мекеним Кыргызстан" депутаттык фракциясы) | Убактылуу иштебейт | № 8, 12.09.2017-ж. |
2 | Джапсаров Тилек Абдыбекович ("Мекеним Кыргызстан" депутаттык фракциясы) | Убактылуу иштебейт | ||
Ош облусу | ||||
Араван району | ||||
3 | С.Юсупова айылдык | Файзуллаев Абдулло Хабибиллаевич | "Ногамин" дыйкан чарбасы, башчы | № 24, 27.06.2017-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Майлуу-Суу шаары | ||||
4 | Майлуу-Суу шаардык | Ырысбаев Парпибай Чыйбылович ("Республика-Ата Журт" депутаттык фракциясы) | "Кыргызнефтегаз" ААК, оператор | № 3, 19.09.2017-ж. |
5 | Абдыкапаров Нурлан Жолчумаматович ("Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" депутаттык фракциясы) | Социалдык фонддун Майлуу-Суу шаардык башкармалыгы, орун басар | № 4, 21.09.2017-ж. | |