Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-сентябры № 470
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Мадумаров Адахан Кимсанбаевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкери Мадумаров Адахан Кимсанбаевичтен ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө түшкөн арызына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Мадумаров Адахан Кимсанбаевичтин тиркемеге ылайык ишенимдүү адамдары болуп Кыргыз Республикасынын жарандары катталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Мадумаров Адахан Кимсанбаевичтин тиркемеге ылайык ишенимдүү адамдарына үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 24-сентябрындагы № 470 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К.Мадумаровдун ишенимдүү адамдарынын ТИЗМЕСИ
1. Шеркулова Чыныгул Абдукахаровна
2. Топчуев Эйнарбек Нарматович
3. Мамашарип уулу Майрамбек
4. Бабан уулу Эльнурбек
5. Умаров Замирбек Кожоахматович
6. Дарвешов Нурмат Хусенович
7. Джоробекова Сабира Закирбаевна
8. Мурзакулова Мухлиясхан Ташмаматовна
9. Жалилов Эшмамат