Загрузка документа…
КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 11-февралындагы № 41 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-сентябры № 473
"Шайлоону жана референдумдарды даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө аймактык шайлоо комиссиялары түзүүчү административдик укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүү тартиби жана анын формасы тууралуу" Нускаманы бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштөрдү ишке ашыруунун бирдиктүү тартибин белгилөө жана "Административдик жоопкерчилик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 556-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун 37-абзацын, 3-бөлүгүн аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Шайлоону жана референдумдарды даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө аймактык шайлоо комиссиялары түзүүчү административдик укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүү тартиби жана анын формасы тууралуу" Нускама бекитилсин.
2. Административдик укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүүгө аймактык шайлоо комиссиялардын төрагалары, алар жок болгон учурда милдеттерин убактылуу аткарган адамдар укуктуу экендиги белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2000-жылдын 5-январындагы "Шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө администрациялык укук бузуулар жөнүндө шайлоо комиссияларынын протокол түзүү тартиби жана формасы жөнүндө түшүндүрмө туурасында" № 197 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Программалык-техникалык камсыздоо жана маалыматтардын коопсуздугу бөлүмү маалыматтык бөлүм менен биргеликте административдик укук бузуулар жөнүндө маалыматты жайгаштыруу үчүн маалыматтардын электрондук базасын иштеп чыксын.
5. Укуктук камсыздоо бөлүмү административдик укук бузуулар жөнүндө маалыматтардын электрондук базасын туруктуу негизде жүргүзүүнү камсыз кылсын.
6. Ушул токтомдун көчүрмөсү аймактык шайлоо комиссияларга жиберилсин.
7. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам чара көрүү координациялык топтун жетекчиси К.Осмоналиевге жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 24-сентябрындагы № 473 токтому менен бекитилген |
|
|
"Шайлоону жана референдумдарды даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө аймактык шайлоо комиссиялары түзүүчү административдик укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүү тартиби жана анын формасы тууралуу" НУСКАМА
1) Ушул "Шайлоону жана референдумдарды даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө аймактык шайлоо комиссиялары түзгөн административдик укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүү тартиби жана анын формасы тууралуу" Нускама (мындан ары - Нускама) мыйзамда каралган учурларда жана тартипте административдик укук бузуулар жөнүндө өндүрүштү жүзөгө ашыруу тартибин жөнгө салат.
2) Борбордук шайлоо комиссиясы административдик укук бузуулар боюнча электрондук маалымат базасын жүргүзүү боюнча координациялык-контролдук функцияны аткарат.
3) Чыгарылган эскертүүлөрдү кошпогондо, колдонулган административдик жазалар жана административдик укук бузууларды жасаган жактар жөнүндө маалыматтарды эсепке алуу, иретке келтирүү жана сактоо максатында, Борбордук шайлоо комиссиясы колдонулган административдик жазалардын электрондук маалымат базасын (мындан ары - электрондук маалымат базасы) жүргүзүүгө милдеттүү.
4) Маалыматтардын электрондук маалымат базасы төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
- укук бузууну жасаган адам жөнүндө (Ф.А.Ж., туулган датасы, жарандыгы, жашаган жери);
- колдонулган административдик жазанын түрү;
- административдик укук бузууну жасоонун мүнөзү (түрү) жана датасы;
- колдонулган административдик жазаны аткаруу жөнүндө статус;
- административдик токтомдун номери жана датасы.
5) Маалыматтардын электрондук базасы администрациялык жаза салууга ыйгарым укуктуу адамдарга карап көрүү жана жазуу (мурда толтурулган маалыматтардагы өзгөртүүлөрдү, маалыматтарды алып салууну кошпогондо) режиминде жеткиликтүү болууга тийиш.
6) Администрациялык жаза салынган субъекттер администрациялык жазалардын аткарылышынын жоюлгандыгы жөнүндө көчүрмөлөрдү маалыматтардын электрондук базаларынан алууга укуктуу.
7) Маалыматтардын электрондук базасындагы маалыматтар үчүнчү адамдарга берилбөөгө тийиш.
8) Борбордук шайлоо комиссиясы электрондук маалымат базасынын негизинде статистика органдарына өткөн календардык жылда жасалган укук бузуулардын саны жана түрлөрү жөнүндө маалыматты берүүгө милдеттүү.
9) Аймактык шайлоо комиссиясы административдик жаза колдонуу жөнүндө токтомду ага тиркелген материалдар менен тез арада Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүүгө милдеттүү.
10) Борбордук шайлоо комиссиясы маалыматты административдик жазаны колдонуу жөнүндө токтом күчүнө кирген күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде электрондук маалымат базасына киргизүүгө милдеттүү.
11) Борбордук шайлоо комиссиясы административдик укук бузуулар жөнүндө киргизген маалыматтар электрондук маалымат базасында беш жылдан ашык эмес сакталат.
12) Борбордук шайлоо комиссиясы административдик иштер боюнча чыгарылган токтомдорду аткаруу боюнча чараларды көрөт.
13) Өздөрүнө карата протокол түзүлүшү мүмкүн болгон субъекттер болуп мыйзамдарда каралган учурларда жарандар, кызмат адамдары, юридикалык жактар, (көрсөтүлгөн) талапкер, катталган талапкер, талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү, ошондой эле шайлоо процессинин башка катышуучулары саналат.
14) Өзүнө карата администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүш жүргүзүлүп жаткан жеке жактын же жашы жетпеген же өзүнүн бүткөн бой же психикалык абалы боюнча өз укуктарын өз алдынча жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүгү жок болуп саналган жабырлануучунун укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоону алардын мыйзамдуу өкүлдөрү жүзөгө ашырат.
15) Өзүнө карата администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүш жүргүзүлүп жаткан же жабырлануучу болуп саналган адамдын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоону анын мыйзамдуу өкүлдөрү жүзөгө ашырат.
16) Административдик укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүүгө - аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары, ал эми ал жокто аны алмаштырган адамдар укуктуу.
17) Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш козгоого төмөнкүлөр себеп болуп саналат:
- аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы, ал эми ал жокто аны алмаштыруучу, административдик укук бузуулар жөнүндө протокол түзүүгө ыйгарым укуктуу адам административдик укук бузуу окуясынын бар экенин көрсөткөн жетиштүү маалыматтарды түздөн-түз табышы;
- административдик укук бузуу окуясынын бар экенин көрсөткөн маалыматтарды камтыган жеке жана юридикалык жактардын билдирүүлөрү жана арыздары, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарындагы (анын ичинде Интернеттеги) билдирүүлөр;
- административдик укук бузуу фактысы табылгандыгы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын билдирүүсү.
18) Жасалган административдик укук бузууну табуу фактысына ушул Нускаманын 1-тиркемесине ылайык шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин бузуулар жөнүндө актыны жана ушул Нускаманын 2-тиркемесине ылайык административдик укук бузуулар жөнүндө протоколду - аймактык шайлоо комиссиянын төрагасы, ал эми ал жокто аны алмаштырган адам түзөт.
19) Административдик укук бузуу жөнүндө протоколдо төмөнкүлөр көрсөтүлөт: ал түзүлгөн дата жана орду, протоколду түзгөн адамдын кызмат орду, кызматтык күбөлүгүнүн номери, фамилиясы, аты-жөнү; эгерде укук бузуучу аныкталса, анын ким экендиги жөнүндө маалыматтар, административдик укук бузуу жасалган орду, убактысы жана маңызы, ушул укук бузуу үчүн жоопкерчиликти караган ченемдик акт, эгерде күбөлөрдүн жана жабырлануучулардын түшүндүрмөлөрү бар болсо, алардын, бузуучунун фамилиялары, даректери, ишти чечүү үчүн зарыл болгон башка маалыматтар.
20) Протоколго, эгерде административдик укук бузууну жасаган адам аныкталган болсо, ал жана аны түзгөн адам кол коет; күбөлөр жана жабырлануучулар болгон учурда протоколго ошондой эле ушул адамдар кол коюшу мүмкүн.
21) Укук бузууну жасаган адам протоколго кол коюудан баш тарткан учурда анда ушул жөнүндө жазуу жазылат. Укук бузууну жасаган адам протоколго тиркелүүчү түшүндүрмөлөрдү жана протоколдун маңызы боюнча сын пикирлерди берүүгө, ошондой эле ага кол коюудан өзүнүн баш тартышынын жүйөлөрүн баяндоого укуктуу.
22) Протоколду түзүү учурунда укук бузуучуга Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 570-статьясында каралган анын укуктары жана милдеттери түшүндүрүлөт бул жөнүндө протоколго белги коюлат.
23) Эгерде административдик укук бузууну жасаган адамдын ден соолук абалынан же сабатсыздыгынан улам протокол менен өз алдынча таанышууга мүмкүнчүлүгү болбосо, протоколду түзгөн адам анын мазмунун укук бузуучуга жеткирүүгө милдеттүү. Эгерде административдик укук бузууну жасаган адамда дене-боюнун кемчиликтеринен улам протоколго өз колу менен кол коюуга мүмкүнчүлүгү болбосо, ал аныктыгы мыйзамдарда белгиленген тартипте тастыкталган факсимилдик колду пайдалануу менен ага кол коюуга укуктуу.
24) Протоколдун көчүрмөсү административдик укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга кол койдуруу менен тапшырылат же жөнөтүлөт.
25) Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы, ал эми ал жокто аны алмаштырган адам даярдаган административдик укук бузуу жөнүндө протокол жана материалдар тез арада Борбордук шайлоо комиссиясынын Ыкчам аракеттенүүнүн координациялык тобуна берилет.
26) Борбордук шайлоо комиссиясынын Ыкчам аракеттенүүнүн координациялык тобу административдик укук бузуу жөнүндө протоколду түзүүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкештигин текшерет.
27) Борбордук шайлоо комиссиясынын Ыкчам аракеттенүүнүн координациялык тобу текшергенден кийин тез арада административдик укук бузуу жөнүндө протоколду жана материалдарды аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтөт.
28) Аймактык шайлоо комиссиялары административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди материалдарды алган күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө карайт жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 49-56-статьяларында каралган административдик жазаларды колдонот.
29) Административдик укук бузуу жөнүндө иштерди даярдоо жана кароо тартиби жана токтомду кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык жүзөгө ашырылат.
30) Аймактык шайлоо комиссиясынын административдик иштер боюнча токтомдору отурумга катышып жаткан аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Административдик укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго төрагалык кылуучу жана катчы кол коет.
31) Токтом ишти карап чыгуу аяктагандан кийин дароо жарыя кылынат.
32) Токтомдун көчүрмөсү ал өзүнө карата чыгарылган адамга, ошондой эле жабырлануучунун өтүнүчү боюнча ага үч күндүн ичинде тапшырылат же жөнөтүлөт.
33) Токтомдун көчүрмөсү кол койдуруу менен тапшырылат. Эгерде токтомдун көчүрмөсү жөнөтүлсө, бул жөнүндө ишке тиешелүү жазуу жазылат.
34) Административдик укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтом, эгерде ага даттанылбаса, даттанууга мөөнөт аяктагандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
35) Аймактык шайлоо комиссиясынын административдик укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтому белгиленген тартипте Борбордук шайлоо комиссиясына же сот органдарына даттанылышы мүмкүн.
36) Аймактык шайлоо комиссиясынын административдик укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомуна даттануу токтомдун көчүрмөсү тапшырылган же административдик жазаны колдонуу жөнүндө токтом адамга жарыя кылынган күндөн тартып он күндүн ичинде берилиши мүмкүн.
37) Аймактык шайлоо комиссиясынын административдик укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомуна даттанууну сот (судья) же Борбордук шайлоо комиссиясы ал келип түшкөн күндөн тартып он күндүк мөөнөттө карайт.
38) Аймактык шайлоо комиссиясынын административдик укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомуна даттанууну кароо тартиби Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык жүзөгө ашырылат.
39) Соттун чечимине же Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомуна Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык даттанылышы мүмкүн.
40) Административдик жазаны колдонуу жөнүндө токтом мыйзамдуу күчүнө учурдан тартып аткарылууга тийиш.
41) Административдик жазалар жөнүндө токтомдорду аткаруу тартиби мыйзамда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
42) Административдик жазаны колдонуу жөнүндө токтомду мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бардык органдары, ошондой эле кызмат адамдары, жарандар жана алардын бирикмелери, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар аткарууга милдеттүү.
43) Административдик иштер сейфтерде (металл шкафтарда) сакталат. Сейфтер (металл шкафтар) ишенимдүү кулпу менен жабдылат жана мөөр басып бекитилет, алар төрагага гана жеткиликтүү.
44) Административдик айып өндүрүлгөн учурда Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине келип түшөт.
45) Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан төмөнкүлөр камсыз кылынат:
- өз учурунда жөнөтүү;
- айыптын суммасын жоопкерчиликке тартылган адамдын эмгек акысынан же башка кирешелеринен мажбурлоо тартибинде кармап калуу үчүн ал сыйакы, пенсия, стипендия алган иштеген жери боюнча же уюмда айып салуу жөнүндө токтомдор;
- мажбурлап аткаруу үчүн мамлекеттик соттук аткаруучуга айып салуу жөнүндө токтомдор;
- төмөнкүлөр менен ар айдагы салыштырууну жүргүзүү:
- бюджетке келип түшкөн айыптардын суммалары боюнча салык органдары менен, шайлоо комиссияларынын отчеттук маалыматтары менен;
- сотко жөнөтүлгөн жана келип түшкөн административдик иштер;
- камак түрүндө административдик өндүрүп алуу жөнүндө соттордун чыгарылган жана аткарылган токтомдору боюнча;
- жоопкерчиликке тартылган адам сыйакыны, пенсияны, стипендияны алган иштеген жери боюнча же уюмда анын эмгек акысынан же башка кирешелеринен айыптын суммасын мажбурлоо тартибинде кармап калууга багытталган токтомдорду аткаруу боюнча;
- мажбурлоо тартибинде жөнөтүлгөн жана аткарылган токтомдор боюнча аткаруу өндүрүшүнүн органдары менен.