Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-сентябры № 476
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичтин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 5-сентябрындагы № 408 токтому менен К.К.Ташиев Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болуп катталган.
2017-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиевден өз талапкерлигин алып салуу жөнүндө арыз келип түшкөн.
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесине ылайык, Президенттин кызматына талапкер кандай гана болбосун убакта, бирок добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен, Борбордук шайлоо комиссиясына бул тууралуу жазуу жүзүндө арыз берүү менен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Көрсөтүлгөн арыздын негизинде, талапкерди каттаган Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин каттоосун жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алууга милдеттүү.
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21, 53-беренелерин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, ошондой эле К.К.Ташиевдин 2017-жылдын 25-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өз талапкерлигин алып салуу жөнүндө берген арызынын негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиевдин каттоосу жокко чыгарылсын.
2. Ушул токтом күчүнө кирген учурдан тартып К.К.Ташиевге 2017-жылдын 5-сентябрындагы № 408 токтом менен бекитилип берилген Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин ырастамасы күчүн жоготту деп табылсын.
3. Ушул токтом күчүнө кирген учурдан тартып тиркемеге ылайык К.К.Ташиевдин шайлоо жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулсун.
4. Ушул токтом күчүнө кирген учурдан тартып тиркемеге ылайык К.К.Ташиевдин шайлоо жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоо ырастамалары күчүн жоготту деп табылсын.
5. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 26-сентябрындагы № 476 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиевдин шайлоо жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктары токтотулган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ТИЗМЕСИ
1. Сатиев Медербек Асанбекович КЫ № 360;
2. Матиева Ырысхан Рустамовна КЫ № 367;
3. Казакбаев Тагайбек Сапарбекович КЫ № 406;
4. Жээнбеков Жакып Камытович КЫ № 407;
5. Нышанов Джайлообай Данибаевич КЫ № 408;
6. Эркебаев Шукурбек Мамазакирович КЫ № 409;
7. Турсунов Жаныбек Ырсаалиевич КЫ № 421;
8. Бекмурзаев Ташболот Токтосунович КЫ № 422;
9. Какеев Акбар Бакытович КЫ № 423;
10. Кочорбаев Абдылдабек Бокоевич КЫ № 424.