Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-сентябры № 478
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Жээнбеков Сооронбай Шариповичтен ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө түшкөн арызына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин ишенимдүү адамдары болуп тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын жарандары катталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин тиркемеге ылайык ишенимдүү адамдарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 478 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш.Жээнбековдун ишенимдүү адамдарынын ТИЗМЕСИ
1. Дубанаев Садырбек Мамбеталиевич
2. Жураев Борубай Жураевич
3. КамытовТалант Жуманазарович
4. Кожошев Арзыбек Орозбекович
5. Молдоева Гулшан Абыкаевна
6. Тагаев Абдужапар Абдыкаарович
7. Ниязов Фарид Аблезимович
8. Хакимов Абдимитал Мирзарахманович