Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-сентябры № 483
2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдагы эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" жобосунун 3-бөлүгүнүн 3.4 жана 3.5-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого эл аралык байкоочулар катары төмөнкүлөр катталсын:
1) Жоти Ахал Кумар Кишор Чанд, Индия Шайлоо комиссиясынын төрагасы (1-тиркеме);
2) Хамуржу Кюршат, Түрк Республикасынын Башкы шайлоо Кеңешинин мүчөсү (2-тиркеме);
3) Буссаид Фатима, Европалык Бирликтин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүндө долбоордун менеджери (3-тиркеме);
4) Хеертс Девид, Бельгия менен Кыргызстандын парламенттик достук тобунун депутаты (4-тиркеме);
5) Казымов Валида Фаиг, Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү (КМШ Миссиясы) (5-тиркеме);
6) Юсифбейли Рашид Расул оглы, Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын катчылыгынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси (КМШ Миссиясы) (5-тиркеме);
7) Гаспарян Карен Аветникович, Армения Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы байланыштар башкармалыгынын кеңешчиси (КМШ Миссиясы) (5-тиркеме);
8) Кажахмет Мадияр Дуйсенбайулы, Түндүк-Казакстан облусунун акимиатынын аппаратынын жетекчиси (КМШ Миссиясы) (5-тиркеме);
9) Исманов Бейрут Каиркешевич, Түндүк-Казахстан облусунун транспорт жана жол башкармалыгынын жетекчиси, Түндүк-Казахстан облустук шайлоо комиссиясынын мүчөсү (КМШ Миссиясы) (5-тиркеме);
10) Офицеров Андрей Сергеевич, Тамбов облусунун шайлоо комиссиясынын төрагасы (КМШ Миссиясы) (5-тиркеме);
11) Колосов Олег Сергеевич, "Ресурс-Гаран" менчик сакчы мекеме" ЖКЧнын Башкы директору (КМШ Миссиясы) (5-тиркеме);
12) Вошатко Антон Владимирович, Ярослав облусунун Өкмөтүнүн мыйзам чыгаруу органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары (КМШ Миссиясы) (5-тиркеме);
13) Крошечкин Тимофей Александрович, Ярослав облусунун Өкмөтүнүн протоколдук-уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси (КМШ Миссиясы) (5-тиркеме);
14) Яблоков Александр Евгеньевич, Ярослав облусунун Өкмөтүнүн протокол жана тышкы байланыштар башкармалыгынын эл аралык жана региондор аралык байланыштар бөлүмүнүн консультанты (КМШ Миссиясы) (5-тиркеме);
15) Ершов Игорь Леонидович, Ярослав облусунун жаштар шайлоо комиссиясынын мүчөсү (КМШ Миссиясы) (5-тиркеме);
16) Литюшкина Владимира Васильевича, Беларусь жана Россия бирлигинин Парламенттик Кеңешинин тышкы саясат маселелери боюнча комиссиясынын мүчөсү, Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерациясынын Кеңешинин федералдык түзүлүш, регионалдык саясат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Түндүктүн иштери боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (КМШ Миссиясы) (5-тиркеме);
17) Герасимович Светлана Михайловна, Беларусь жана Россия бирлигинин Парламенттик Кеңешинин маалыматтык саясат боюнча комиссиясынын мүчөсү, Беларусь и Республикасынын Улуттук жыйынынын Республикалык Кеңешинин регионалдык саясат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары (КМШ Миссиясы) (5-тиркеме);
18) Шумянцев Александр Викторович, Беларус жана Россия бирлигинин Парламенттик Кеңешинин катчылыгынын кеңешчиси (КМШ Миссиясы) (5-тиркеме);
19) Власова Светлана Юрьевна, КМШ Аткаруу Комитетинин кадрлар бөлүмүнүн жетекчиси (5-тиркеме);
20) Кремская Ольга Витальевна, КМШ Аткаруу Комитетинин гуманитардык кызматташтык, жалпы саясий жана социалдык көйгөйлөр боюнча департаментинин кеңешчиси (5-тиркеме);
21) Сун Цзинь, Чет өлкөлөр менен Кытай элдик достук коомчулуктун (ЧКЭДБ) төрагасынын орун басары, Борбордук Азиядагы өлкөлөрү менен Кытай элдик достук коомчулуктун төрагасынын орун басары (6-тиркеме);
22) Ху Цуньмэй, ЧКЭДБнин Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча департаментинин директорунун орун басары, КОДЦА Башкы катчысы (6-тиркеме);
23) Чэнь Лэй, ЧКЭДБнин Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча департаментинин бөлүмүнүн башчысы, КОДЦА мүчөсү (6-тиркеме);
24) Чжэн Чэнь, ЧКЭДБнин Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча департаментинин бөлүмүнүн кызматкери, КОДЦА мүчөсү (6-тиркеме);
25) Фэн Мяо, ЧКЭДБнин Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча департаментинин бөлүмүнүн кызматкери (6-тиркеме).
2. Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Б.Абдрахматовага жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 483 токтомунун 1-тиркемеси |
Индия шайлоо комиссиясынан аккредиттелген эл аралык байкоочулардын ТИЗМЕСИ
№ к/н | күб № | Байкоочуну көрсөткөн эл аралык уюм | Ф.А.А. | Өлкө | Ээлеген кызматы |
1 | 316 | Индия шайлоо комиссиясы | Жоти Ахал Кумар Кишор Чанд | Индия Республикасы | Индия Шайлоо комиссиясынын төрагасы |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 483 токтомунун 2-тиркемеси |
|
|
Түркия Республикасынын Башкы шайлоо кеңешинен аккредиттелген эл аралык байкоочулардын ТИЗМЕСИ
№ к/н | күб № | Байкоочуну көрсөткөн эл аралык уюм | Ф.А.А. | Өлкө | Ээлеген кызматы |
2 | 317 | Түркия Республикасынын Башкы шайлоо кеңеши | Хамуржу Кюршат | Түркия Республикасы | Түрк Республикасынын Башкы шайлоо Кеңешинин мүчөсү |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 483 токтомунун 3-тиркемеси |
|
|
Европалык Бирликтин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнөн аккредиттелген эл аралык байкоочулардын ТИЗМЕСИ
№ к/н | күб № | Байкоочуну көрсөткөн эл аралык уюм | Ф.А.А. | Өлкө | Ээлеген кызматы |
3 | 318 | Европалык Бирликтин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү | Буссаид Фатима | Бельгия Королдугу | Европалык Бирликтин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүндө долбоордун менеджери |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 483 токтомунун 4-тиркемеси |
|
|
Европа Парламентинен (Бельгия Королдугунун өкүлдөр палатасы) аккредиттелген эл аралык байкоочулардын ТИЗМЕСИ
№ к/н | күб № | Байкоочуну көрсөткөн эл аралык уюм | Ф.А.А. | Өлкө | Ээлеген кызматы |
4 | 319 | Европа Парламентинен (Бельгия Королдугунун өкүлдөр палатасы) | Хеертс Девид | Бельгия Королдугу | Бельгия менен Кыргызстандын парламенттик достук тобунун депутаты |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 483 токтомунун 5-тиркемеси |
|
|
Көз карандысыз мамлекеттердин шериктешти Миссиясынан аккредиттелген эл аралык байкоочулардын ТИЗМЕСИ
№ к/н | күб № | Байкоочуну көрсөткөн эл аралык уюм | Ф.А.А. | Өлкө | Ээлеген кызматы |
5 | 320 | КМШ Миссиясы (КМШ ПАА) | Казымов Валида Фаиг | Азербайжан Республикасы | Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү |
6 | 321 | КМШ Миссиясы (КМШ ПАА) | Юсифбейли Рашид Расул оглы | Азербайжан Республикасы | Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын катчылыгынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси |
7 | 322 | КМШ Миссиясы (КМШ ПАА) | Гаспарян Карен Аветникович | Армения Республикасы | Армения Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы байланыштар башкармалыгынын кеңешчиси |
8 | 323 | КМШ Миссиясы (КМШ ПАА) | Кажахмет Мадияр Дуйсенбайулы | Казахстан Республикасы | Түндүк-Казакстан облусунун акимиатынын аппаратынын жетекчиси |
9 | 324 | КМШ Миссиясы (КМШ ПАА) | Исманов Бейрут Каиркешевич | Казахстан Республикасы | Түндүк-Казахстан облусунун транспорт жана жол башкармалыгынын жетекчиси, Түндүк-Казахстан облустук шайлоо комиссиясынын мүчөсү |
10 | 325 | КМШ Миссиясы (КМШ ПАА) | Офицеров Андрей Сергеевич | Россия Федерациясы | Тамбов облусунун шайлоо комиссиясынын төрагасы |
11 | 326 | КМШ Миссиясы (КМШ ПАА) | Колосов Олег Сергеевич | Россия Федерациясы | "Ресурс-Гаран" менчик сакчы мекеме" ЖКЧнын Башкы директору |
12 | 327 | КМШ Миссиясы (КМШ ПАА) | Вошатко Антон Владимирович | Россия Федерациясы | Ярослав облусунун Өкмөтүнүн мыйзам чыгаруу органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары |
13 | 328 | КМШ Миссиясы (КМШ ПАА) | Крошечкин Тимофей Александрович | Россия Федерациясы | Ярослав облусунун Өкмөтүнүн протоколдук-уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси |
14 | 329 | КМШ Миссиясы (КМШ ПАА) | Яблоков Александр Евгеньевич | Россия Федерациясы | Ярослав облусунун Өкмөтүнүн протокол жана тышкы байланыштар башкармалыгынын эл аралык жана региондор аралык байланыштар бөлүмүнүн консультанты |
15 | 330 | КМШ Миссиясы (КМШ ПАА) | Ершов Игорь Леонидович | Россия Федерациясы | Ярослав облусунун жаштар шайлоо комиссиясынын мүчөсү |
16 | 331 | КМШ Миссиясы (КМШ ПАА) | Литюшкина Владимира Васильевича | Россия Федерациясы | Беларусь жана Россия бирлигинин Парламенттик Кеңешинин тышкы саясат маселелери боюнча комиссиясынын мүчөсү, Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерациясынын Кеңешинин федералдык түзүлүш, регионалдык саясат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Түндүктүн иштери боюнча комитетинин төрагасынын орун басары |
17 | 332 | КМШ Миссиясы (КМШ ПАА) | Герасимович Светлана Михайловна | Беларусь Республикасы | Беларусь жана Россия бирлигинин Парламенттик Кеңешинин маалыматтык саясат боюнча комиссиясынын мүчөсү, Беларусь и Республикасынын Улуттук жыйынынын Республикалык Кеңешинин регионалдык саясат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары |
18 | 333 | КМШ Миссиясы (КМШ ПАА) | Шумянцев Александр Викторович | Россия Федерациясы | Беларус жана Россия бирлигинин Парламенттик Кеңешинин катчылыгынын кеңешчиси |
19 | 334 | КМШ Миссиясы (КМШ ПАА) | Власова Светлана Юрьевна | Беларусь Республикасы | КМШ Аткаруу Комитетинин кадрлар бөлүмүнүн жетекчиси |
20 | 335 | КМШ Миссиясы (КМШ ПАА) | Кремская Ольга Витальевна | Беларусь Республикасы | КМШ Аткаруу Комитетинин гуманитардык кызматташтык, жалпы саясий жана социалдык көйгөйлөр боюнча департаментинин кеңешчиси |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 483 токтомунун 6-тиркемеси |
|
|
Чет өлкөлөр менен Кытай элдик достук коомчулуктун (ЧКЭДК) аккредиттелген эл аралык байкоочулардын ТИЗМЕСИ
№ к/н | күб № | Байкоочуну көрсөткөн эл аралык уюм | Ф.А.А. | Өлкө | Ээлеген кызматы |
21 | 336 | Чет өлкөлөр менен Кытай элдик достук коомчулугу (ЧКЭДК) | Сун Цзинь | Кытай Эл Республикасы (КЭР) | Чет өлкөлөр менен Кытай элдик достук коомчулуктун (ЧКЭДК) төрагасынын орун басары, Борбордук Азиядагы өлкөлөрү менен Кытай элдик достук коомчулуктун төрагасынын орун басары |
22 | 337 | Чет өлкөлөр менен Кытай элдик достук коомчулугу (ЧКЭДК) | Ху Цуньмэй | КЭР | ЧКЭДКнин Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча департаментинин директорунун орун басары, КОДЦА Башкы катчысы |
23 | 338 | Чет өлкөлөр менен Кытай элдик достук коомчулугу (ЧКЭДК) | Чэнь Лэй | КЭР | ЧКЭДКнин Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча департаментинин бөлүмүнүн башчысы, КОДЦА мүчөсү |
24 | 339 | Чет өлкөлөр менен Кытай элдик достук коомчулугу | Чжэн Чэнь | КЭР | ЧКЭДКнин Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча департаментинин бөлүмүнүн кызматкери, КОДЦА мүчөсү |
25 | 340 | Чет өлкөлөр менен Кытай элдик достук коомчулугу | Фэн Мяо | КЭР | ЧКЭДКнин Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча департаментинин бөлүмүнүн кызматкери |