Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-сентябры № 485
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жана референдум документтерин жеткирүү, өткөрүп берүү жана кабыл алуу учурунда аларды санкцияланбаган жеткиликтүүлүктөн коргоону камсыз кылуу тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 30-январындагы № 27, 2025-жылдын 29-августундагы № 67 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жеткирүү, өткөрүп берүү жана кабыл алуу учурунда аларды санкцияланбаган жеткиликтүүлүктөн коргоону камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34, 35, 36, 37-беренелерин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. " Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жана референдум документтерин жеткирүү, өткөрүп берүү жана кабыл алуу учурунда аларды санкцияланбаган жеткиликтүүлүктөн коргоону камсыз кылуу тартиби жөнүндө" жобо бекитилсин.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 30-январындагы № 27 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- 2011-жылдын 17-августундагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жеткирүүдө, берүүдө жана кабыл алууда санкцияланбаган жетиштиктен коргоону камсыз кылуунун тартиби тууралуу" Жобону бекитүү жөнүндө" № 151 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жеткирүүдө, берүүдө жана кабыл алууда санкцияланбаган жетиштиктен коргоону камсыз кылуунун тартиби жөнүндө Жобого толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" № 257 токтому.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмү сейф-пакеттерди даярдоо менен байланышкан чыгымдарды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынан төлөсүн.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
Н.Шайлдабекова |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 485 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жана референдум
документтерин жеткирүү, өткөрүп берүү жана кабыл алуу учурунда аларды санкцияланбаган жеткиликтүүлүктөн коргоону камсыз кылуу тартиби жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 30-январындагы № 27, 2025-жылдын 29-августундагы № 67 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1.1. Ушул Жобо "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө шайлоо документтерин жана референдумдун документтерин (мындан ары - шайлоо документтерин), участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорун, аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорун жана жыйынды таблицаларын жогору турган шайлоо комиссияларына жеткирүү, өткөрүп берүү жана кабыл алуу учурунда аларды санкциясыз ачуудан коргоого жана сакталышын камсыз кылууга багытталган.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 30-январындагы № 27 токтомунун редакциясына ылайык)
1.2. Жогору турган шайлоо комиссияларына жеткирүү, өткөрүп берүү жана кабыл алуу учурунда шайлоо документтерин санкцияланбаган жеткиликтүүлүктөн коргоону камсыз кылуу максатында пакеттер, мүшөктөр, коробкалар жана атайын сейф-пакеттер колдонулат.
1.3. Шайлоо документтеринин, анын ичинде шайлоо бюллетендеринин жана/же добуш берүү үчүн бюллетендердин (мындан ары - шайлоо бюллетендеринин) коопсуздугун жана сакталышын камсыз кылуу шайлоо комиссияларына жүктөлөт. Коопсуздукту камсыз кылууга көмөктөшүү укук коргоо органдарына (ички иштер органдарына) жүктөлөт.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 30-январындагы № 27 токтомунун редакциясына ылайык)
1.4. Ушул Жободо төмөнкүдөй терминдер колдонулат:
референдумдун документтери - референдумга катышуучулардын тизмелери, жарактуу, жараксыз, бузулган (каталар менен толтурулган) бюллетендер, ошондой эле референдум өткөрүү боюнча шайлоо участогунун жайынан тышкары добуш берүү үчүн референдумдун катышуучуларына берилген бюллетендер, шайлоо комиссияларынын протоколдору, референдумдун маселелери боюнча алардын чечимдери, добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө жыйынды таблицалар, ошондой эле идентификациядан өткөндүгү жөнүндө чектер, идентификация боюнча алгачкы жана жыйынтык отчёттор;
шайлоо документтери - шайлоочулардын тизмелери, анык, жараксыз, бузулган (каталары менен толтурулган) бюллетендер, ошондой эле идентификациялоодон өткөндүгү жөнүндө чектер, идентификациялоо боюнча баштапкы жана жыйынтык отчеттор, автоматтык эсептөөчү урналардын нөлдүк жана жыйынтык отчеттору, шайлоо комиссияларынын протоколдору, шайлоо маселелери боюнча алардын чечимдери, добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө жыйынды таблицалар жана участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун көчүрмөлөрү;
пакет - тиешелүү шайлоо документтерин таңгактоо үчүн кагазды камтыган ар түрдүү материалдардан же полиэтиленден жасалган;
папка - документтерди сактоо жана коргоо үчүн пластиктен жасалган, көп учурда тунук канцеляриялык пакет;
мүшөк - пакеттерди ташуу жана сактоо үчүн колдонулуучу жумшак материалдан жасалган таңгак;
коробка - пакеттерди таңгактоо, ташуу жана сактоо үчүн картондон өнөр жайлык өндүрүлгөн;
сейф-пакеттер - нымга чыдамдуу, ысыкка чыдамдуу атайын материалдардан жасалат, алардын жекече сегиз орундуу номери (мындан ары - идентификациялык номер) болот, өзү чапталуучу индикатордук лента менен чаптап бекитилет.
(Кыргыз Республикасынын Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 30-январындагы № 27, 2025-жылдын 29-августундагы № 67 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Участкалык шайлоо комиссияларынын шайлоо документтерин, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорун даярдоо жана жеткирүү, өткөрүп берүү жана
кабыл алуу тартиби
2.1. Бардык бузулган шайлоо бюллетендери саналат жана пакетке таңгакталат, ал участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү жана анын мүчөлөрүнүн колдору менен бекитилет. Пакетке “Бузулган” жана/же “Добуш берүү үчүн бузулган бюллетендер” деген жазуу жазылат, алардын саны жана шайлоо участогунун номери көрсөтүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Борборшайлоокомунун 2025-жылдын 29-августундагы № 67 токтомунун редакциясына ылайык)
2.2. Көчмө үкөктөн алынган жараксыз шайлоо бюллетендери өзүнчө таңгакталат жана мөөрлөнүп чапталат, мында пакетте шайлоо участогунун номуру, үкөктүн номуру жана шайлоо бюллетендеринин саны көрсөтүлөт жана "Добуш берүү үчүн көчмө үкөктөн алынган жараксыз шайлоо бюллетендери" жана/же "Добуш берүү үчүн көчмө үкөктөн алынган добуш берүү үчүн керектен чыгарылган бюллетендер" деген жазуу жазылат.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 30-январындагы № 27 токтомунун редакциясына ылайык)
2.3. УШКнын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколу түзүлгөндөн кийин иргелген шайлоо бюллетендери, шайлоочулардын тизмелери, чектер, автоматтык эсептөөчү урналардын отчеттору, идентификация боюнча баштапкы жана жыйынтык отчет өзүнчө пакеттерге таңгакталат, аларда шайлоо участогунун (референдумду өткөрүү боюнча участогунун) номери, шайлоо бюллетендеринин саны, шайлоочулардын тизмелеринин (референдумдун катышуучуларынын тизмелеринин) аталыштары көрсөтүлөт.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 30-январындагы № 27 токтомунун редакциясына ылайык)
2.4. Пакеттер мөөрлөнүп чапталат, аларга участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн колдору коюлат жана өзүнчө мүшөккө же кутуга салынат. Мүшөктө же кутуда шайлоо участогунун номери жана анын ичиндеги документтердин тизмеси көрсөтүлөт. Мүшөк же куту участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн колдору коюлуу менен мөөрлөнүп чапталат.
2.5. Шайлоо бюллетендерин, шайлоочулардын тизмесин (референдумдун катышуучуларынын тизмесин), чектерди, автоматтык эсептөөчү урналардын отчетторун, идентификация боюнча баштапкы жана жыйынтык отчетту таңгактоо, ошондой эле аларды мүшөккө же кутуга салуу талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн ("макул" тобунун жана "каршы" тобунун өкүлдөрүнүн), байкоочулардын катышуусунда жүзөгө ашырылат, аларга мүшөккө же кутуга өз колдорун коюу мүмкүнчүлүгү берилет.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 30-январындагы № 27 токтомунун редакциясына ылайык)
2.6. Пакет, мүшөк же куту жогору турган шайлоо комиссиясынын же соттун чечими боюнча гана ачылышы мүмкүн.
2.7. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы же катчысы тарабынан төмөнкүдөй документтер өзүнчө бир папкага таңгакталат:
1. автоматтык эсептөөчү урналар (мындан ары - АЭУ) боюнча добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары жөнүндө акт;
2. кайра кайтарылган бузулган бюллетендер жөнүндө акт;
3. (Кыргыз Республикасынын Борборшайлоокомунун 2025-жылдын 29-августундагы № 67 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. жайдан тышкары жерде добуш берүү аяктагандыгы жөнүндө акт;
5. алар жараксыз деп чечилген учурда добуш берүү үчүн көчмө үкөктөгү шайлоо бюллетендери жөнүндө акт;
6. жабдуу бузулгандыгы жөнүндө эки нускадагы акт (жабдуу тиешелүү шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын биротоло тизмесинде турган шайлоочуну (референдумдун катышуучусун) тааный албаган жана идентификациялоодон өткөндүгү жөнүндө чекти бербей койгон учурда);
7. АЭУнун бузулгандыгы жөнүндө акт;
8. АЭУ бузулган учурда андагы пайдаланылган бюллетендердин саны жөнүндө акт;
9. шайлоо документтери бар УШКнын добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө протоколдун биринчи нускасын өткөрүп берүү жөнүндө акт;
10. жайдан тышкары добуш берүү жөнүндө арыздардын реестри;
11. шайлоочунун укуктарын бузуулардын реестри;
12. арыздардын жана даттануулардын реестри;
13. байкоочулардын катышуусу жөнүндө реестр;
14. протоколдордун көчүрмөлөрүн берүү жөнүндө реестр;
15. шайлоо дарегин алмаштыруу жөнүндө белгиленген үлгүдөгү арыздардын реестри;
16. каталар жана так эместиктер жөнүндө шайлоочулардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу арыздардын реестри;
17. идентификациялоодон өтпөгөн шайлоочулардын реестри;
18. жыйынтык жыйналыштын протоколу;
19. арыздар (даттануулар), алар боюнча кабыл алынган чечимдер жана актылар.
Округдук/аймактык шайлоо комиссиясына сейф-пакеттер менен бирге берилүүчү кутуга же мүшөккө папка салынбайт.
(Кыргыз Республикасынын Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 30-январындагы № 27, 2025-жылдын 29-августундагы № 67 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2.8. а) Биринчи сейф-пакетке төмөнкүдөй шайлоо документтери таңгакталат:
- участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун биринчи нускасы;
- участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун биринчи нускасына тиркелген документтер;
- автоматтык эсептөөчү урнанын (АЭУ) мөөр менен күбөлөндүрүлгөн баштапкы жана жыйынтык отчеттору;
- жайдан тышкары жерде добуш берүү күнү идентификациялоо боюнча баштапкы жана жыйынтык отчеттор;
- добуш берүү күнү идентификациялоо боюнча баштапкы жана жыйынтык отчеттор.
б) Экинчи сейф-пакетке төмөнкүдөй шайлоо документтери таңгакталат:
- участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун биринчи нускасына тиркелген документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- автоматтык эсептөөчү урналардын (АЭУ) мөөр менен күбөлөндүрүлгөн баштапкы жана жыйынтык отчеттору;
- жайдан тышкары жерде добуш берүү күнү идентификациялоо боюнча баштапкы жана жыйынтык отчеттор;
- добуш берүү күнү идентификациялоо боюнча баштапкы жана жыйынтык отчеттор.
Жогоруда көрсөтүлгөн сейф-пакеттерди участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы же катчысы байкоочулардын, талапкерлердин, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн ("макул" тобунун жана "каршы" тобунун өкүлдөрүнүн) катышуусунда таңгактайт, бул жөнүндө акт түзүлөт, анда сейф-пакеттердин идентификациялык номерлери көрсөтүлүүгө тийиш, ага катышып олтурган бардык адамдар кол коюуга тийиш.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 30-январындагы № 27 токтомунун редакциясына ылайык)
2.9. Эки сейф-пакет жана пакеттердеги, мүшөктөгү жана кутулардагы шайлоо документтери добуш берүү күнүнөн кийинки күнү эртең мененки саат 6дан кечиктирбестен тез арада участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы же анын мүчөлөрүнүн бири тарабынан катышып олтурган талапкерлердин, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн ("макул" тобунун жана "каршы" тобунун өкүлдөрүнүн), ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин коштоосунда округдук/аймактык шайлоо комиссиясына жеткирилет жана акт боюнча өткөрүп берилет, анда сейф-пакеттердин идентификациялык номерлери сөзсүз түрдө көрсөтүлүүгө тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 30-январындагы № 27, 2025-жылдын 29-августундагы № 67 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2.10. Сейф-пакеттерди мыйзамсыз, өз алдынча жана анонимдүү ачууга жол берилбейт, анткени ал ачык көрүнүп турган из - тасма пломбанын астындагы "open" (ачык) деген сөз менен коштолот, ушундан улам колдонулган сейфти экинчи жолу чаптап бекитүү мүмкүн эмес.
2.11. Түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн сейф-пакетти ачууну болтурбоо үчүн участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго киргизилген маалыматтарды кылдат текшерүүгө тийиш.
2.12. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун экинчи нускасы, эки сейф-пакеттин айрып алынуучу талондору, биринчи нускалар бар сейф-пакетти жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү бар сейф-пакетти жана шайлоо документтерин округдук/аймактык шайлоо комиссиясына өткөрүп берүү жөнүндө акт участкалык шайлоо комиссиясынын катчысында сакталат, ал булардын ишенимдүүлүгү жана комиссиянын иши аяктаганга чейин сакталышы үчүн мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликти тартат.
(Кыргыз Республикасынын Борборшайлоокомунун 2025-жылдын 29-августундагы № 67 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Тиешелүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду, участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынды таблицасын жана добуш берүүнүн
жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн даярдоо жана жеткирүү, өткөрүп берүү жана кабыл алуу тартиби
3.1 Участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтык протоколунун биринчи нускасы бар сейф-пакетти тиешелүү округдук/аймактык шайлоо комиссиясы байкоочулардын, талапкерлердин, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн ("макул" тобунун жана "каршы" тобунун өкүлдөрүнүн) катышуусунда гана ачат.
(Кыргыз Республикасынын Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 30-январындагы № 27, 2025-жылдын 29-августундагы № 67 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3.2 Участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү бар сейф-пакет акт боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берилет.
3.3 Участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен Сейф-пакети округдук/аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан ачууга жол берилбейт.
(Кыргыз Республикасынын Борборшайлоокомунун 2025-жылдын 29-августундагы № 67 токтомунун редакциясына ылайык)
3.4. Тиешелүү округдук/аймактык шайлоо комиссиясы участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун келип түшкөн биринчи нускаларынын негизинде аларда камтылган маалыматтарды кошуу аркылуу тиешелүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат, бул жөнүндө акт жана округдук/аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жыйынды таблицасы түзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Борборшайлоокомунун 2025-жылдын 29-августундагы № 67 токтомунун редакциясына ылайык)
3.5. Тиешелүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун биринчи нускасына жана жыйынды таблицага кол коюлгандан кийин округдук/аймактык шайлоо комиссиясы аларды сейф-пакетке таңгактайт, бул жөнүндө акт түзүлөт, анда сейф-пакеттин идентификациялык номерлери көрсөтүлүүгө тийиш. Акт участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү таңгакталган сейф-пакеттер менен бирге Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Борборшайлоокомунун 2025-жылдын 29-августундагы № 67 токтомунун редакциясына ылайык)
3.6. Шайлоо документтери, сейф-пакеттин айрып алынуучу талону менен бирдикте округдук/аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун экинчи нускасы, ошондой эле жыйынтык протоколдун биринчи нускасы бар сейф-пакетти Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берүү жөнүндө акт алар архивге өткөрүп берилгенге чейин кайтарылуучу жайда округдук/аймактык шайлоо комиссиясынын катчысында сакталат.
(Кыргыз Республикасынын Борборшайлоокомунун 2025-жылдын 29-августундагы № 67 токтомунун редакциясына ылайык)
3.7.Округдук/аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун биринчи нускасы жана жыйынды таблицасы бар, ошондой эле участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтык протоколунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү бар сейф-пакеттерди Борбордук шайлоо комиссиясында гана акт боюнча ачууга жол берилет, анда сейф-пакеттердин идентификациялык номерлери көрсөтүлүүгө тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Борборшайлоокомунун 2025-жылдын 29-августундагы № 67 токтомунун редакциясына ылайык)